Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан он киши мерт кетти

Милиция маалыматына караганда, газ ташыган унааны айдоочусу башкара албай калып, каршы жол тилкесине чыгып, оодарылып кеткен. Сүрөттүн автордук укугу Myktybek Turdubekov
Image caption Милиция маалыматына караганда, газ ташыган унааны айдоочусу башкара албай калып, каршы жол тилкесине чыгып, оодарылып кеткен.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош-Бишкек унаа жолунун 457-чакырымында жүз берген жол кырсыгынан он киши мерт кеткенин кабарлады.

"Каза болгондордун өздүгү такталууда. Жетөө эркек, бир аял жана экөө жаш балдар. Окуя 6-ноябры күнү саат 00:05 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Бишкек-Ош унаа жолунун 457-чакырымында болгон. "Стэпвагон" үлгүсүндөгү автоунаа менен "МАН" үлгүсүндөгү газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагылышкан. Жол кырсыгынан төрт эркек, үч аял киши жана алты айлык жаш бала каза болгон",-деп кабарлады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облустук милициясы каза тапкандардын тизмесин жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу Myktybek Turdubekov

Милиция маалыматына караганда, газ ташыган унааны айдоочусу башкара албай калып, каршы жол тилкесине чыгып, оодарылып кеткен. Жүргүнчүлөрү менен келе жаткан унаа ага келип урулган.

"Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана Таш-Көмүр ШИИБнүн өздүк курамы барып, кароо жүргүзүштү жана окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, Жалал-Абад ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 281-беренесинин (281-статья. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",-деп билдирди Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жол кырсыгын азайтуу убайымы

Мындан бир күн мурун таңга маал Бишкекте болгон жол кырсыгынан беш киши каза тапканы белгилүү болгон эле. Кагылышкан унаалардын бири өрттөнүп кетип, ичинде айдоочусун чыгара албай калышкан.

Жол кырсыгы боюнча Кыргызстандагы статистика үрөй учурарлык. 2017-жылдын тогуз айында өлкө аймагында 4463 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырганда 284 учурга көп. Өткөн жылы жол кырсыгынан 682 адам каза тапкан. Быйыл 603 киши мерт кетти.

Жаракат алгандар саны быйыл көп болду. 6798 адам жол кырсыгынан жаракат алган. Тогуз айдын ичинде балдар катышкан жол кырсыктары өткөн жылга салыштырганда 14 пайызга кыскарган. Быйыл балдар катышкан 1040 кырсык катталып, 76 бала көз жумду.

Кыргыз бийлигинин жол эрежесин бузгандарга чараларды катаалдаштыруу боюнча көрүлгөн буга чейинки чараларына карабастан жол кырсыктары азайбай жатат.

Расмий маалыматтарда кырсыктардын көбү айдоочулардын айыбынан болору айтылат. Кырсыктар катуу ылдамдык жана жол эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат. (AbA)

Тектеш темалар