Депутаттын бир тууганын өлтүрүү- өч алуубу?

Муну коопсуздук кызматтары тактап, иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты. Сүрөттүн автордук укугу official

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атып өлтүрүлүшүнүн себеби белгисиз, бирок ал эжесинин ишине тиешелүү деген версиялар айтылууда. Ал тапта оппозиция иликтөөнү президент өз көзөмөлүнө алыш керек деген билдирүү таратты.

"Мага түнкү саат эки жарымдан өткөндөн кийин кабар беришти. Алгач ишенген жокмун. Биринчи булакка таянып, буларды айта алам, беткапчандар үйгө киргенде Салянов, жубайы жана эки баласы болгон. Балдары менен жубайына курал такап, үнүңөрдү чыгарбагыла деп ишарат кылышкан. Башка бөлмөдө калган аялы кол салгандар менен Улан мушташканын, андан соң үч жолу ок атылганын уккан. Учурда баарыбыз шок абалындабыз. Салянов үй-бүлөсү менен намаз окуган адамдар эле",- деди Би-Би-Сиге Аида Салянованын адвокаты Улан Жумаков.

Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйү.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кол салуу 6-ноябрдын түнүндө саат 1.30дар чамасында болгон. Учурда милиция Чүй облусунда жана Бишкек шаарында адам өлтүргөн кылмышкерлерди издөө операциясын жарыялады.

"Түңкү саат 3 төр чамасында Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүмүнө каракчылык менен киши өлтүрүү болду деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө топ дароо эле барган. Кол салууга үч беткапчан киши кирген, алар эч себепсиз уруп-сабап, эки жолу ок чыгарып, андан соң из жашырып кетишкен. Салянов алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, кылмышкерлер ак түстөгү минивен менен качып кеткен", - деди Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын ага-тескөөчүсү Нурбек Токтосунов.

Маркум Улан Саляновдун артында эки тестиер баласы калды. Бир тууган эжеси Аида Салянова баш прокурор болуп иштеп турганда чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынган. Башкы прокурор болуп турганда Салянова 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланган деген негизде кылмыш иштери козголгон.

"Салянова генералдык прокурор болуп турган кезде козгогон кылмыш иштерине байланыштуу душмандары көп. Ошолор тарабынан өч алуу болушу мүмкүн. Ошондой эле ал көптөгөн чуулгандуу иштердин чоо-жайын билет, алар боюнча эскертүү болушу мүмкүн. Албетте бийлик кылды деп айтпайбыз, туура эмес болуп калат. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек".

Ал тапта "Сөз эркиндигин коргоо комитети" Саляновдун өлүмү тууралуу иликтөөнү президент өз көзөмөлүнө алышы керек деген билдирүү таратты:

"Жаңы конуштарда беткап кийип үйлөрдү тоногон көрүнүш көп болуп жатат. Балким Саляновдун үйүн дагы тоноо үчүн кирсе керек деген оюбуз бар. Бирок эжеси көрүнүктүү саясатчы болгону үчүн бул окуяга саясий боёк берүүгө туура келет. Андыктан бул маселени эч кандай милиция же Ички иштер министрлиги эмес, президенттин көзөмөлүндө чоң топ түзүлүп, тез аранын ичинде бетин ачканга аракет кылыш керек. Эгер ачылбай кала турган болсо, бул сөзсүз түрдө саясий өлүм катарында бааланып калуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору"- деди Би-Би-Сиге комитет мүчөсү Равшан Жээнбеков.

Салянова баш прокурорлук кызматтан кеткенден кийин "Ата Мекен" фракциясынан депутаттык мандат алган. Быйыл ага каршы кылмыш иши козголуп, бир ай мурда Ленин райондук соту Аида Салянованы Юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо аны беш жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган.

Тектеш темалар