Талантбек Исаев: катуу көзөмөл менен жол кырсыктарын азайтса болот

Талантбек Исаев Сүрөттүн автордук укугу 24.kg

Акыркы эки күндө он беш киши жол кырсыгынын курмандыгы болду. Эмне үчүн ага каршы күрөшүү чакырктарынан майнап чыкпай жатат? Унаа толгон Бишкек, Ош өңдүү шаарларда жолдогу тартипти кантип орнотуу керек?

Би-Би-Синин суроолоруна Жол кайгуул кызматынын мурдагы жетекчиси Талантбек Исаев жооп берди.

Ага адегенде эмне үчүн Кыргызстанда жол кырсыктары көп деген суроо узаттык.

Талантбек Исаев: Биринчиден, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдарда жоопкерчилик жок. Көп киши каза болгондо райондун, облустун же шаардын жетекчилерине чейин кызматтан алынчу эле. Жолдогу кыймыл күчөгөн кезде эч ким көзөмөлдөгөн жери жок. Экинчи себеби, көзөмөл жок болгондуктан жарандар башаламандыкка барууда, ичип алып айдап жатышат. Мурдагы күнү түнү Ч.Айтматов проспектисинде болгон жол кырсыгында саат беште ичип алып айдап жүрүшөт.

Азыр рейд иш-чаралары жок. Биз жума, ишемби, жекшемби күндөрү түнү менен текшерип жүрчүбүз, түнкү клубдардын, кафе, ресторандардын жанында тескечүбүз.

2012-2014-жылдары Кыргызстанга күнүнө миңдеген машина кирип жатты. Ага карабай азыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы азыраак болду. Акыркы эки жылдан бери, ЕАЭБге киргенден кийин Балтика өлкөлөрүнөн, Жапониядан, Европадан кирген унаалар азайды. Бирок кырсыктардын саны көбөйүп жатат. Мына ушуну эч ким анализдебей жатат.

Би-Би-Си: Эмне үчүн жетекчилерди кызматтан алса эле жол кырсыгы азаят деп ишенесиз?

Талантбек Исаев: Анткени кызматтан кетет экемин, катуу суроо болот деп иштешет. Жол коопсуздугун сактоо үчүн күнү-түнү иштеш керек. Антпесе, күндүзү өз чөнтөгүнө иштеп, түнкүсүн уктап жатса, кайсы көзөмөл болот?

Би-Би-Си: Жол кырсыктары кандай жагдайда көп болуп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Талантбек Исаев: Анализде жол кырсыгынын биринчи себеби катуу айдоо. Машинанын техникалык абалы, жол шарты кийинки саптарда. Биринчиден, ылдамдык эрежесин бузуудан көп кырсык катталат. Эл жашаган аймактын сыртында саатына 90 чакырым жүрүш керек болсо, бизде 160, 180 менен айдап жатышат. Эл жашаган жерде чектөө 60 чакырым саат болсо 90-100 менен айдап жатышат.

Би-Би-Си: Демек ылдамдык режимин сактоонун өзүнө кандай чара көрүш керек?

Талантбек Исаев: Жогоруда айткандай эле, көзөмөл катуу болуш керек. Массалык маалымат каражаттары аркылуу айдоочуларга маалымат берип туруш керек. Мектептерде жана башка орто же жогорку билим берүү мекемелеринде тарбиялоо ишин жүргүзүш керек.

Би-Би-Си: Бишкек, Ош өңдүу шаарларда көчөгө чыкканда унаанын көптүгүнөн жол кырсыгын жоюу үмүтүнө ишенбей кетесиң. Кыргызстандагы унаанын санына жолдор тар болуп калгандай. Ушундай көп унаа бар жерде жолду кантип тартипке салууга болот?

Талантбек Исаев: Европада биздикинен да тар жолдорду көп көргөм. Бирок аларда тартип бар, авария деле жок. Анткени айдоочулар ылдамдык эрежесин бузбайт, бири-бирине сылык мамиле кылат. Жолдогу маданият өйдө. Биздеги кырсыктардын себебинин дагы бири жолдо жүрүү маданиятынын жоктугу.

Андан сырткары унаа айдоону үйрөткөн мектептер азыр тек гана бизнес болуп калды. Эртең эмне болооруна эч ким жооп бербейт. Автомектеп даярдаган айдоочу бир жылдын ичинде кырсыкка катышса мектепти кошо жоопко тарта турган кылыш керек.

Би-Би-Си: Жол кырсыгынын крумандыктары өстү деп айтып эле келатабыз. Бирок абал жакшырган жок. Аны менен күрөшүүгө бел байлаган вице-премьер министр өзү жол кырсыгынын курмандыгы болду. Кандай радикалдуу чараларга барыш керек?

Талантбек Исаев: МАИ, кийин Жол кайгуул кызматы болду, азыр Патрулдук милиция болду. Бул органдын аты гана өзгөрүп, ичинде реформа жүрбөй келатат. Раматылык Темир Жумакадыров менен МАИни реформалоо, жолдогу коррупцияны жоюу боюнча чоң план түзгөнбүз. Тилекке каршы анын аягына чыкпай калдык.

Би-Би-Си: Ч.Айтматов проспектисинде “Азия мол” соода борборунун алдында бир нече коркунуч жаралды. Биринчиси, түндүктөн түштүккө баратканда Горький көчөсүнөн кийинки жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде машиналар кескин арты-артына токтоп калууда, анткени мурда ал жерден эч ким өтчү эмес. Жакын жерде аялдамага карабай, соода борбордун алдына дагы бир аялдама пайда болду. Түштүктөн түндүккө келаткан унаалар соода борборуна сызыкты кесип кирүүдө. Андан сырткары унаалар көбөйдү. Кыскасы бул жерде адамды коюу, унаалардын кагышуу коркунучун байкайсың. Соода борборун саясатка аралаштырбай, элдин талабы менен ал жерди кайра оңдосо болобу?

Талантбек Исаев: Абдан туура. Бул жерде да МАИ органынын көзөмөлү жок болуп калган. Жолду ачып, өзгөртүп, жасаган ким экенин билбейм. Бирок ошону МАИ көзөмлгө алыш керек. Жакын жерде светофор турганына карабай, алдына дагы бир светофор коюп алышты эле, эл ызылдагандан кийин өчүрүп коюшту. Соода борбордун капталына бир жол ачылыптыр, Горький менен келип туруп түз кирип кетишүүдө, бирок ал жерде кесилбеген сызык бар да.

Ылдыйдан баратканда такай жашыл күйүп турат, бир жактан жөө жүргүнчүлөр өтүп жатат, жогорудан машиналар соода борборуна кайрылып атат. Бул коркунучтуу. Жогорудан келатканда үзүлбөгөн сызык турат, бирок кайрылса болот деген белги бар, бул карама-каршы эреже болуп жатпайбы.

Муну албетте чечсе болот. Жолду ачып берген капиталдык курулуш башкармалыгыбы же башка тиешелүү орган кайра тескеп чыгыш керек. Албетте кайра оңдоого болот, антпесе кырсыктар тыйылбайт.