Бабановго Баш прокуратура айып такты

Бабановго кылмыш иши козголду Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабановго кылмыш иши козголду

Президенттик шайлоодон кийин Россияга ден-сооолугун чыңдаганы кеткен мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга эми кайтып келер-келбеси бүдөмүк. Ага "шайлоо маалында сүйлөгөн сөзүндө конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган жана улут аралык кастыкты козуткан" деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголду.

Коомчулукта бул окуяга реакция бир кылка эмес: "саясатчы өзү үгүт маалында сөзүнөн жаңылган" дегендер, "жок, ага карата саясий куугунтук жүрүүдө" деген да пикирлер болууда.

Бабанов: Ак ийилет, бирок сынбайт

Башпрокуратура 4-ноябрда президенттик шайлоодо маарага экинчи келген "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жана Жаза кодексинин эки: 297 жана 299-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга депутаттын Ош шаарындагы "Амир Тимур" районунун тургундары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөздөрү негиз болду деп айтылат. Филологиялык-саясий экспертизанын жыйынтыгы боюнча талапкер шайлоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козутуп, бийликке бай ишбей, аны кулатууга адамдарга чакырык салган делет.

Ошол эле күнү Кыргызстандан сырт жүргөн Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу билдирүү жасап, өзүнө коюлган айыптарды четке какты.

"Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым",- деп жазды ал Facebook баракчасында.

"Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот. Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм",- деп кошумчалаган саясатчы.

Бабановдун партиялаштары учурда ал четте даарыланып жүргөнүн айтышып, бирок кайсы өлкодө жүргөнүн так ачыкташпай эле. Бирок буга чейин саясатчы Россияда жүргөнү айтылган.

Башында дос, аягында кас Атамбаев-Бабанов мамилеси

Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тааныштыгы 2005-жылдан башталат.

Шайлоо өнөктүгүн башында, андан кийин деле Атамбаев талапкерлер ичинен өзүнүн партиясы жылдырып аткан Сооронбай Жээнбеков болбогондо, Өмүрбек Бабановго артыкчылык берерин айтып келген.

Сүрөттүн автордук укугу Temir Sydykbekov
Image caption Атамбаев менен Бабанов 2005-жылдан бери тааныш

Бирок үгүт маалында президенттин Бабанов тууралуу пикири кескин өзгөрдү.

Шайлоо күнү 15-октябрда Алмазбек Атамбаев буга чейин Бабановдор менен үй-бүлөлүк катыштыгы болгонун, бирок соңку кезде Бабанов аны каралап жатканын айткан.

Ал тургай четтен бир олигарх адам келип, Бабановдун колдоосу үчүн 20 миллион доллар сунуштаган деди.

"Бабанов кезинде Акаев, үй-бүлөсү, уулу Айдар Акаев менен достошкон. Кийин Бакиев, уулу Максим менен мамиле түздү. Керек болгон убакта Атамбаев менен жакшы болду. Эми Атамбаевдики бүттү, тебелесе болот деп ойлоду окшойт. Угуп койгула, мен эч кимге андайга жол бербейм ", - деген эле Атамбаев шайлоо күнү.

Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин Бабанов да жооп кайтарып: "Мен президенттикке барарда командам менен эле эмес, президент Атамбаев менен да кеңешкем. Мен анын батасын алгам. "Ооба, президенттикке барышын керек. Биз өз талапкерибизди, сен оппозициядан чыгасың" деген. Ал мага шайлоо таза өтөт деген кепилдик берген эле",- деген болчу Бабанов.

"Республика" партиясынын лидери, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо бийлик талапкери КСДП тарабынан жылдырылган Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болду.

Шайлоодо Жээнбеков 54,22% добушка ээ болуп, Бабанов 33,49% колдоого ээ болуп, маарага экинчи келди.

Жээнбеков: Коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайм

КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолгон.

Сооронбай Жээнбеков Бабановдун коррупция менен күрөш тууралуу суроосун катуу алып:

"Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем" - деген болчу.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Президенттик шайлоодо жеңүүчү Сооронбай Жээнбеков

Ошентип Бабановго карата кылмыш ишинин козголушу менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын ичинен үчүнчү фракция лидерине кылмыш иш козголуп отурат.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коррупция боюнча боюнча кылмыш иши козголуп, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Бабановдун негизги колдоочуларынын бири болгон "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаевге өткөн айда бийликти күч менен басып алууну пландаган деген кине менен кылмыш иш козголуп, камакка алынган.

"Текебаевден кийин Бабановду камоо - маанилүү эки оппоненттен арылуу дегенди билдирет, калгандары ыңгайлаша иш жүргүзүп же багынып беришет. КСДПнын толугу менен доминанттыгы камсыздалат. Ал нерсе биз куралы деп жаткан парламенттик демократияга (мыйзамдуу президент экинчи мыйзамдуу өлкө башчысына бийлигин тынч өткөрүп жаткан ) берекелүү чөйрө болбойт", -дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Серепчилер ошону менен парламентте КСДПнын үстөмдүгү үчүн шарттар түзүлүп жаткандыгын айтышууда.