Жол кырсыгынан дагы төрт киши мерт кетти

Манас аэропортуна баруучу унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Сүрөттүн автордук укугу Mes.kg
Image caption Манас аэропортуна баруучу унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду.

Манас аэропортуна баруучу унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

«Чүй обусунун Аламүдүн районунда 2017-жылдын 6-ноябрь күнү саат 20:22 чамасында Бишкек - Манас аэропорту унаа жолунда (Пригородное жана Достук айылдарынын ортосу) "БМВ" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган» деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.

Унаадагылар 31-25 жаштагылар болгон. Айрым маалымат каражаттары бул кырсыктын видеорегистраторго түшүп калган тасмасын жарыялады. Анда абдан катуу ылдамдык менен бараткан унаа башка унаалардан озуп өтүп, жолдон чыгып кеткени тартылып калган. Кийин жол боюндагы даракты сүзүп токтогонун көрүүгө болот.

Сүрөттүн автордук укугу Mes.kg

Акыркы үч күндүн ичинде унаа кырсыгынан 19 киши каза тапты. Мунун бир чарасын көрбөсө, согуш жүрүп жаткандай эле курмандыктар болуп жатат деп тынчсыздангандар көп. Өлкө бийлиги жол кырсыктарын азайтуу боюнча чараларды күчөткөнү менен андан майнап чыга элек.

Кечээ күнү Ош-Бишкек унаа жолунда оор жүк тарткан унаа менен жеңил унаа кагылышып, он киши мерт кетти. Кырсыктын себеби жүк тарткан унаа каршылаш тилкеге чыгып кетип, жеңил унааны сүзгөн деп айтылды. Андан мурун Бишкекте болгон жол кырсыгында беш киши каза тапкан. Буга да катуу ылдамдык себеп болгону айтылган эле. Унаалардын бириндеги айдоочу сыртка чыга албай калып, унаа менен кошо күйүп кеткен.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жол кырсыгын азайтуу убайымы

Жол коопсузудугун көзөмөлдөгөн кызмат жүз берген кырсыктардын дээрлик чоң бөлүгү айдоочулардын айынан болорун айтып келүүдө. Жарандык активисттер болсо, айдоочулук күбөлүк берүү маселесинен тарта, эреже бузгандарга катаал чараларды киргизүүнү көтөрүп келе жатышат. Негизи байланыштары унаа жолу менен болгон тоолуу өлкөдө жыл сайын жол кырсыктарынан жүздөгөн кишилердин өмүрү кыйылат. (AbA)

Тектеш темалар