Атамбаевдин Жээнбековго калтырган саясий мурасы

24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматына киришүү салтанаты өтөт Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption 24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматына киришүү салтанаты өтөт

Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Атамбаев 15-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматына киришүү салтанаты өткөнү турат.

Атамбаев буга чейин эле президенттик кызматтагы ишмердүүлүгун жыйынтыктап, экономикалык жетишкендиктерин санактап келген.

Ал эми Атамбаев Жээнбековго кандай саясий мурас калтырууда?

Шайлоодо жеңүүчү чыккан Сооронбай Жээнбеков анын талапкерлиги КСДП партиясынын курултайы тарабынан 15-июлда бекиген күндөн тарта Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантарын айтып келет.

Демек, ал саясатта досту да, касты да Атамбаевден "энчи мурас" алары бышык.

Атамбаев убадаларын аткардыбы?

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын кийин Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түптөлүп, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, ӨмүрбекТекебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алган.

Кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөл мезгилдеги Кыргызстандын президенти укуктары ыйгарылып, ошол эле жылы ноябрда Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Кезинде бийликке чогуу келген Убактылуу өкмөт курамындагы саналаштар бүгүнкү күнү каршылаштарга айланды.

Мөөнөтү бүтүп бара жаткан президенттин ишмердигине Отунбаева быйыл өткөн президенттик шайлоо алдында буларды айткан эле:

"Негизи биз ойлогондордун көп нерсесин ишке ашырууга аракет кылды. Коррупция менен күрөшүүгө, чынчыл иштегенге. Бирок биз туш тарапка ажырап кеттик. Балдар мерт кеткенде биз көп нерсеге убада бергенбиз да. Конституцияны өзгөрттүк, себеби үй-бүлөлүк башкаруу жарабайт эле. Ушуну өзгөртпөйлү, он жылдык убакытта кармайлы дегенбиз. Референдум тууралуу ал кишинин сөзүнөн кийин ажырап кетип, ал киши менен бирге болууга жол көрбөй калдык", - деген эле экс -президент Роза Отунбаева 13-октябрда шайлоо алдындагы саясий элита маалымат жыйынында.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү арасында тиреш 2016-жылдын 31-августунан тарта курчуду десе болот. Эгемендик майрамына карата президенттин "Ала-Тоо" аянтындагы куттуктоо сөзүнүн айрым жерлери Убактылуу өкмөттун кээ бир мүчөлөрүнө багытталгандай болду.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Мурунку жана кийинки президенттер

Өлкө башчысы ал күнү өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева дарегине да сын айтып, акыркысы майрамдык иш-чараны таштай басып кеткен эле.

"Сынды кабыл албай калды. Революцияда бирге чыккан жоро жолдошторду түрмөгө тыкты. Масс-медиага катуу мамиле жасап, көбү көп акчалуу айыпка жыгылды. Жарандык коом тууралуу ООН трибунасынан мактанды биз ушундай өлкөбүз деп. А чынында жарандык коомго ушундай терс мамиле жасады. Жасаган иши менен айтып аткан сөзү дал келбей жатты. Көп учурда дал келбей атты. Ошондуктан биз бүгүн президент Атамбаевге эч макул эмеспиз",- деди Отунбаева маалымат жыйынында.

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси ошондой эле Атамбаев-Текебаев тымызын тирешин ачык кармашка чыгаргандай болду. Быйыл 26-февралда Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Өмүрбек Текебаев коррупция айыбы менен УКМК тарабынан кармалып, парламенттеги оппозициялык фракция лидери сегиз жылга соттолуп, учурда камакта.

Атамбаевдин экономикалык жана социалдык реформалары

Туура бир жылдан кийин, быйыл Алмазбек Атамбаев 31-август Эгемендик күнүнө карата сүйлөп жатып, бул кызматтагы алты жылдыгынын да жыйынтыгын чыгаргандай болду.

Президент ал майрамдык иш-чарада өзү башкарган соңку мезгилде өлкөдө ондогон жылдар чечилбей келген көйгөйлөр чийини чечилип жатат деген:

"Буга чейин Кыргызстан десе митинг, жолдорду бууган, башаламандык орун алган, жарыгы жок өлкө деп таанышса, бүгүн мамлекетти таза шайлоолор, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюну" өткөн, экономикалык жана саясий ири реформалар жүргөн, туристтерге коопсуз жана ишеничтүү өлкө боло алдык. Биз булардын баарына болгону 5-6 жылда эле жетиштик. Бирок ачыгын айтыш керек ал жылдар абдан оор жылдардан болду",- деген эле Ала Тоо аянтындагы Эгемендик майрамына карата акыркы куттуктоо сөзүндө Алмазбек Атамбаев.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев эгемен Кыргызстандын төртүнчү президенти

Президент 2015-жылы "Датка-Кемин" (узундугу 405 км) жана кубаттуулугу 500 кВТ "Кемин" подстанциялары ишке кирип, өлкө толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгонун баса көрсөтүүчү ийгилик атайт.

Атамбаев россиялык "Газпром" ишканасы менен болгон кызматташтык Кыргызстанды газ жана күйүүчү майды ташуу жагынан коңшу өлкөлөрдүн көзүн кароодон куткарганын да баса белгилеп келет.

Фермерлерге насыя берүүдөгү үстөк пайыз 22%дан 6-10%га түшүрүлүп, жеткиликтүү болуп, мугалимдер маянасы соңку 25 жылда биринчи жолу өлкөдөгү орточо айлык акы менен теңелди.

Эл аралык финансылык институттар шилтеме берип өлкө башчысы 31-августтагы куттуктоосунда Кыргызстан жакыр өлкө катарынан чыгып, соңку 5-6 жылда кедейчилик 4,5 эсеге кыскарды деген.

Аны менен катар коррупция менен айыгышкыс күрөш жүрүп, жети миңге жакын жемкорлук иштердин бети ачылды, бийликтин бийик сересиндеги адамдарга чейин кылмыш козголду деп айтылат.

Тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарыбызды корголуп, кошуна өлкөлөр менен мамиле жакшырып, жыйынтыгында чек ара көйгөйү чечилип жатат деген эле анда Атамбаев.

ЕАЭБ, чыңалган кыргыз-казак мамилеси

Ошентсе президенттик шайлоо алдында бузулган кыргыз-казак мамилесин, андан улам ЕАЭБ ичиндеги салкындоо маселесин чечүү жүгү Жээнбековго калды көрүнөт.

Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыгып, Жээнбеков жеңишин майрамдап жатып казак-кыргыз мамилеси тууралуу суроого деп жооп берген эле:

"Биз бардык мамлекет жана алардын президенттерине сый-урмат менен мамиле кылабыз жана биз бул нукта ишибизди улантабыз",- деди Жээнбеков.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жээнбеков: Бардык мамлекет жана алардын президенттерине сый-урмат менен мамиле кылабыз

Ошентсе да, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбай турганы белгилүү болду.

Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чак ырылбайт деп билдирди.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Аны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-ноябрда биринчи жыйынын өткөргөн. Жыйында ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы жана чакырылуучу коноктордун тизмеси талкууланды.

Тектеш темалар