7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленди

Кыргыз лидерлери Сүрөттүн автордук укугу president.kg

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Бул тууралуу президент Атамбаевдин жарлыгы октябрь аягында жарыяланган эле.

Аталган жарлыкта 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты айтылган.

Октябрь ыңкылабынын 100 жылдыгы Кыргызстанда башкача шартта белгиленди

Президент Алмазбек Атамабев баштаган расмийлер Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу "Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө арналып тургузулган эстеликке жана саясый репрессиялардын курмандыктарына арналаган эстелик-мемориалына, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

"Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт",-деди элге кайрылуусунда президент Атамабев.

Президенттин жарлыгы менен бир катар тарыхый окуялардын бириктирилип эскерилишине каршы маанай өлкөнүн ичинде да сыртында дагы байкалды. Айталы, Орусиядагы айрым саясатчылар мунун "достукка жатпаган" кадам деп айтып чыгышса, Кыргызстанда муну менен Октябрь ыңкылабынын мааниси жоголот дегендер болду.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg

Президент Атамбаев элге жасаган кайрылуусунда: "7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Россияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргызстандын тарыхына тийгизген таасири баа жеткис. Совет мезгилиндеги жетишкендиктер биздин өлкөдө Октябрь революциясына болгон оң мамилени калыптандырды, Кыргызстандын жана Россиянын тилектеш элдеринин ортосундагы достукту бекемдеди. Бул достук Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында, ошол учурдагы жалпы Мекенибиз болгон Советтер Союзу үчүн бирге салгылашкан кезде, айрыкча даана көрүндү»,-деп белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Тарыхчы Кыяс Молдокасымов

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, Орусиянын өзүндө Октябрь ыңкылабынын мааниси барган сайын төмөндөп жатат. Тескерсинче орус тарыхчылары Орусиядагы февраль ыңкылабынын орду тууралуу тереңирээк иликтеп, жазып жатышат. Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө болсо бул дата атайын майрам катары белгиленбейт. Кыргызстанда тарых күнү деп белгиленгендин өзү бул датанын маанисин кайра бекемдөө аракети болууда.

Октябрь революциясы айрым постсоветтик өлкөлөрү үчүн трагедия болуп калса, "Большевиктер төңкөрүшүнүн" кыргыздар үчүн мааниси чоң болгон дейт белгилүү журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев.

"Тарыхый чоң бурулуш болгон. Башкасын айтпаганда да, сабаты барлар 0,3 пайызга жеткен экен. Арабча окуган гана молдолор болгон экен. Совет бийлигинин учурунда баары сабаттуу болуп, китеп окуганга жарап калбадыбы",-дейт Нурушев.

Совет бийлигинин тоо талалаап көчүп-конуп жүргөн кыргыздар сыяктуу көчмөн элдерди отурукташтыруу жана кат сабатын жоюу процесстери, тарыхый ченем менен алаганда өтө тездик менен жүргөн. Аз эле убакыттын ичинде чоң маданий өнүгүүгө сүйрөгөн таланттуу муун өсүп чыккан.

Бул окуянын маани маңызы жаңы мамиле менен илктениши керек дейт тарыхчылар. 1917-жылдагы Октябрь революциясы Кыргызстандын мамлекеттүүлүккө ээ болушуна түздөн-түз таасирин тийгизиген, терең мааниси бар окуя. Учурунда кыргыз акындары бул күндү кыргыздар үчүн "аткан таң" болду деп ырдаганы да бекеринен айтылбаса керек.

Тектеш темалар