"Кыргызстан туристтерди өзгөчө саякат менен тартат"

Лондон шаарында өтүп жаткан WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси
Image caption Лондон шаарында өтүп жаткан WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси

Лондон шаарында өтүп жаткан WTM Дүйнөлүк саякат жарманкесине Кыргызстандын 6 туроператору катышууда. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин колдоосу менен, жарманкеде кыргыз боз үйү тигилип, улуттук аспапта ойногон музыканттар жана шырдак тиккен апаларыбыз дагы кыргыз маданиятын чет өлкөлүктөргө көрсөтүүдө. Жыл сайын өтчү WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси 8-ноябрга чейин уланат жана ал 37-жолу өткөрүлүүдө.

Би-Би-Си АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин Кыргызстандагы директору Кимберли Розенди кепке тартып, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу сурады.

Кимберли Розен: Туризмди өнүктүрүү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүздүн ортосундагы негизги тармактардын бири. Биз туризм департаменти менен тыгыз иш жүргүзүп келебиз. Туризмди өнүктүрүүдө алгач эки тармакка көңүл бурулат. Алар дестинациялар менен туризм тармагындагы продукцияларды иштеп чыгуу жана Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанытуу.

Image caption WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси

Дестинацияларды жана туризм тармагындагы продукцияларды иштеп чыгууда биз Жиргалаңда, Караколдо, Ошто жана Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги өнөктөштөрүбүз менен бирге иш жүргүздүк. Биз жаңы, башка мамлекетте жок болгон туристтик продукцияларды ойлоп табууга аракеттендик. Мисалы, кыргыз тамактарын даярдаганды же кийизден ар түрдүү боз үй сыяктуу буюмдарды жасагынды үйрөтүү. Ошондой эле, конок үйлөрдү иштетүү, тоодогу гиттерди даярдоо жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары боюнча тренингдерди өткөрүп келебиз.

Ал эми Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу жаатында биз кыргыз туроператорлору менен бирге иш алып барып, дүйнөнүн 8 Эл аралык туризм боюнча жарманкелерге катыштык. Мисалы, учурда Лондон шаарында өтүп жаткан WTM Дүйнөлүк саякат жарманкесине кыргыз туроператорлору катышууда. Биздин өнөктөштүгүбүздүн натыйжасында Кыргызстан тууралуу материалдар англис, немис, түрк жана испан тилдеринде даярдалууда.

Би-Би-Си: Кыргызстанда туризм тармагында иш жүргүзгөн компаниялардын сапатын өнүктүрүүдө кандай тоскоолдуктар бар?

Кимберли Розен: Кыргыз ишкерлери туризм тармагындагы сапатты Эл аралык деңгээлге жеткирүү зарыл. Себеби коноктор жогорку тейлөө сапатына көнгөн жана аны талап кылышат. Демек ишканалар кардарларынын талаптарын так билиши керек. Мисалы, англис тилин билүү эң зарыл талаптардын бири.

Image caption Лондон шаарында өтүп жаткан WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси

Би-Би-Си: Туризм тармагында көп багыт бар эмеспи. Мисалы, экотуризм, этнотуризм же массалык туризм. Кыргызстанда кайсы багыттын өнүгүүсүнө шарт бар.

Кимберли Розен: Кыргызстанга кызыктуу окуялардан турган саякатты эңсеген туристтерди тартса болот. Бул багыт өтө тез өсүп, дүйнөнүн ар бурчундагы миллиондогон кишилер эс алуусун спорт, жаратылыш жана маданият менен айкалыштырып өткөрүүнү эңсейт. Туристтер тоого чыгып, ат минип жана велосипед тебүү менен бирге жергиликтүү маданият тууралуу маалымат алгысы келет. Ага лыжа тебүү дагы кошулат.

Би-Би-Си: Сиз айткан туризм багыты экстремалдуу спортторго кызыккан кишилер үчүн да ээ?

Кимберли Розен: Жок, кызыктуу окуялардан турган саякат дегеним, эс алуусун жаратылта өткөргөнду эңсеген адамдар. Мисалы, баарыбызга таанымал Париж шаарына баргандын оордуна, жаңы "экзотикалык" деп саналган мамлекеттерге барып, алардын маданиятын көрүп, айтылган өлкөдө лыжа тебүү болушу ыктымал.

Image caption WTM Дүйнөлүк саякат жарманкеси

Би-Би-Си: Туризм Кыргызстандын экономикасына ири салым кошкон тармакка айланышы абзел деген сөздөр көп айтылат. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин адистери, бул ойго кошулабы?

Кимберли Розен: USAID туризм Кыргыз экономикасынын туруктуу өсүшүнө салым кошкон тармакка айлануу мүмкүнчүлүгү жогору деп сыпаттайт. Алдыдагы бир нече жылдын ичинде туризм тармагында өсүүлөр болот деп үмүттөнөбүз. Туризм тармагы жаңы иш оорундарды, өзгөчө айыл жеринде түзөт деген пикирдебиз. Учурда туризм тармагы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 4-5 пайызын гана түзөт. Бирок бул көрсөткүч жакынкы жылдары эки эсе өсөт. Биздин жардамыбыз менен туризм тармагындагы жергиликтүү өнөктөштөрүбүз бир жылдын ичинде кардарларына кызмат көрсөтүүсу 1,3 миллион долларга жана туристтердин саны эки эсеге өстү. Биз бул көрсөткүчкө сыймыктанабыз.