Ж. Байдилдеев: Бир гезит миң гезитке татыптыр

1924-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыздын төл гезити "Эркин Тоонун" алгачкы саны жарыкка чыккан Сүрөттүн автордук укугу STATE ARCHIVE
Image caption 1924-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыздын төл гезити "Эркин Тоонун" алгачкы саны жарыкка чыккан

Октябрь революциясы койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн үгүт, маалымат таратуу маселеси көңүл борборунда турган. Ушул максатта 1924-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыздын төл гезити "Эркин Тоонун" алгачкы саны жарыкка чыккан.

Мындан тура 93 жыл мурун жарык көргөн "Эркин Тоо" гезити советтик Кыргызстандын тарыхында орчундуу орунду ээлеген. Гезит чыккан күндөн тартып агартуу, улуттук тарых, маданиятка басым жасаганына тарых күбө.

Айрым тарыхчылар гезиттин алгач "Эркин Тоо" деп аталышынын өзүндө эле эркиндикке үндөгөн бийик ой, мүдөлөр камтылган деп келишет. Тарыхта белгилүү болгондой "Эркин Тоонун" биринчи санын Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев жана Мустапа Акматовдор чыгарышкан. Алардын эң улуусу Сыдык Карачев 24 жашта, ал эми калгандары болгону 20-21 жаштарда болушкан.

Алгачкы агартуучулардын бири Эшенаалы Арабай уулу да гезит үчүн жан үрөп иштеп, тыгыз кызматташкан.

Image caption Аталган гезит токсон үч жыл ичинде бир нече ирет аталышын өзгөртүп, учурда "Кыргыз туусу" деген ат менен чыгып келет

"Гезиттин атын коюп жатканда да бир топ талкуу болгон экен. Ошол маалда Эшенаалы Арабай уулу жаңы заман келе жатат деген умтулуу менен эми тооң, кушуң, уул-кызың да эркин деген мазмунда макала жазган. Макаланын аты редколлегияга да жагып калып, гезит "Эркин Тоо" деп аталып калган. Бул макала гезиттин алгачкы санынын башкы бетине басылган. Гезиттин түптөөчүлөрү эң биринчиден агартууну күтүшкөн. Адилеттүү заман келет деп үмүт кылышкан. Бирок саясий жактан алганда бул тескерисинче болгонуна тарых күбө. Ал эми агартуу, маданият жагынан алганда алар койгон максаттардын баары совет доорунда ишке ашты десек болот",- дейт тарыхчы Чыңгыз Амантур уулу.

Эшенаалы Арабай уулунун тооң, кушун, уул-кызың да эркин деген мазмунда жазган ойлору келечек үчүн зарыл идея болгон деп баалагандар арбын. Бирок көп өтпөйн анын ал аракеттери ашынган улутчулдук катары бааланганы менен улут башкалардан кем калбай өнүксүн деген аракетте болгонун мезгил да ырастады.

Улутчул, совет бийлигине каршы чыккан деген жалаа гезиттин түптөчүлөрүн да кыйгап өткөн эмес.

"Биринчи гезиттин ачылышы менен басма сөз, адабият, журналистиканын тарыхы башталды. Ошентип бул гезит өзүнүн тарыхый вазийпасын эң жогорку деңгээлде аткарды десек болот. Буга себептердин бири - гезитте кыргыз интелегенициясынын туңгуч өкүлдөрүнүн тобу иштеген. Алар бир эле учурда реформатор, агартуучу болуп эле эмес, калемгер болушкан. Гезитте саясий жактан көз карандысыздык тууралуу ойлорду жазууга мүмкүн болбогону менен өз алдынчалык идея гезит жамаатынын көкүрөгүндө кайнап келгени талашсыз",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

"Бир кызыктуу факты бар. Эшенаалы Арабай уулу 1912-жылы эле улуттук гезит чыгаруу идеясы менен алпурушуп жүргөн. Алар өзүбүздүн улуттук гезит, алиппебиз, кыргыз тилдүү мектебибиз болсо экен, элибиздин көзү ачылса экен деген тилек менен жашашкан. Азыр министирликтин атайын каттоосунан өткөн гезиттердин саны эле минге жакын экен. Ал гезиттерден ким эмнени окуп атканы кызык суроо. Мен тарых, адабиятка арналган гезиттин түптөөчүсү катары элдин 15-20 пайызы гана геизт окуй турганын билем. Эгер салыштыра турган болсок туңгуч гезитти жаңылык же жалгыз болгону үчүн эле эмес, кат тааныгандардын баары окуганга аракет кылган. Бул ошонусу менен өзгөчө маанилүү",- дейт тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев.

Аталган гезит токсон үч жыл ичинде бир нече ирет аталышын өзгөртүп, учурда "Кыргыз туусу" деген ат менен чыгып келет.

Тема боюнча башка макалалар