Кумтөр мөңгүлөрүн жылдырууга жергиликтүүлөр каршы

Кыргызстан "Центерра Голд Инк" компаниясына экологиялык доолорунан баш тартты
Image caption Кыргызстан "Центерра Голд Инк" компаниясына экологиялык доолорунан баш тартты

Кумтөрдөгу эки мөңгүнүн талкуусу уланууда. Аны жылдырууга уруксат берчү мыйзамга каршы чыккан жарандык активисттер мыйзамдын автору өкмөт менен маселени эртең талкуулашмакчы. Ал тапта Би-Би-Сиге жергиликтүү тургундар кайрылып, Кумтөрдүн тегерегиндеги жаратылышты бузуудан элге коркунуч жаралганын айтышты.

Кумтөрдөгү эки мөңгүнү жылдыруу боюнча мыйзам долбоору элдин үнүн эске алган жок деген сындардан кийин эртең коомдук талкуу өткөнү жатат.

Ал тапта Би-Би-Сиге келген Жети-Өгүз районунун жашоочулары экологиялык зыяндардан улам аймактагы жаратылыш жана адамдар ансыз да жабыркап жатат дешти.

Барскоон айылынын тургуну Кадырбек Үсөнбаев мөңгүлөр сакталбаса, аймагыбыз чөлгө айланат дейт.

Image caption Барскоон айылынын тургуну Кадырбек Үсөнбаев

“Мөңгүнү кыргыздын ак калпагына салыштырышат. Бийлик калпагын - мөңгүнү сатып жатат. Мыйзам долбоорунун экинчи, үчүнчү окуудан өткөнү мыйзам кабыл алынды дегени, ошондой болуп келатат. Мөңгү бузулса, ал жерде чөл, арал пайда болот. Элден жок дегенде сурап коюшпайбы?!”, - деген Үсөнбаев алтын казуунун кесепеттерин ансыз да тегеректеги айылдар тартып келатканын кошумчалады.

“Бизде жазда келчү кара чыйырчык жоголду, чабалекей жок, жада калча чардаган бака угулбай калды, ишенбесеңер барып көргүлө. Барскоон капчыгайынан 30 тонналык машиналар кербен болуп өтүшкөндүктөн жолдун четиндеги карагайлардын баары куурап калган. Жыргап жашап, иштеп эле жатпайсыңарбы дешет. Иштебегенде эмне кылат? Иштеп, бала-бакырасын багып жатышат. Бирок кара курсактан жаратылыш маанилүү, кара курсагын ит да тойгузат экен. Биз кара курсакка карабашыбыз керек!”, - деди Би-Би-Сиге Үсөнбаев.

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүгө ылайык, Кумтөрдөгү “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүн алтын казуу үчүн жылдырууга болот, башка эч бир мөңгүгө болбойт. Бул мыйзам 2015-жылы эки окуудан өтүп, токтоп калган. Мыйзамдын автору өкмөт эки мөңгү ансыз да жылып кеткен, ошону мыйзамдаштырып, калганын сактап жатабыз деген жүйөө келтирди. Эми Жогоку Кеңештин тармактык комитети үчүнчү окуудан жактырды.

Анын мүчөсү депутат Мирлан Бакировдон эмне үчүн эки мөңгү азыркы мыйзамга каршы жылдырылып кетсе, аны жоопко тарткандын ордуна мыйзамды ылайыкташтырып берип жатасыңар деп сурадык.

Image caption Жергиликтүүлөр Кумтөрдөн көп экологиялык зыян тартып жатканын айтууда

“Бул мыйзам долбоору 2015-жылы эки окуудан өткөндүктөн үчүнчү окууда комитет редакциялык өзгөртүү гана киргизе алат. Азыркы Суу кодексине ылайык эки мөңгү эмнеге жылып кетти десек, өкмөт ЖК 2015-жылы кабыл алган токтомдун экинчи пунктуна таянып жатат. Анда бюджетти толтуруучу компанияларда, Кумтөрдө иш үзгүлтүксүз болуш керек деп жазылган”, - деген Бакиров мыйзам долбоору жалпы ЖКнын кароосуна чыкканга чейин комиссия түзүп, кесиптештерине эки мөңгүнү көрүп келишибиз керек деп жатканын кошумчалады.

Ал эми каршы чыккан активисттер мөңгү тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн талкаланууда дешүүдө.

“Кыргызстанда кен казган компаниялар экологиялык нормаларды сактабайт, биздин жаратылышты талкалайт. Эми алар муну мыйзам менен кылып жатат. Жер кодексине, Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биздин мамлекеттеги мыйзам коррупциясына кирет. Бул норма бир гана компаниянын кызыкчылыгы үчүн кирип жатат. Аны эң ири салык төөлөчү дешет. Мамлекеттик жалпы бюджеттин бир гана компаниядан көз каранды экенин моюнга алуу абдан уят”, - деди Калича Умуралиева.

Кыргызстан бир нече жылдан бери Кумтөрдү иштеткен канадалык “Центерра Голд Инк” компанияга экологиялык доо коюп клеип, быйыл андан баш тартты. Вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев мунун себебин компания экологиялык доо үчүн мурдагыдан он эсе көп акча сунуштады деп түшүндүрдү.

“Бул экологиялык маселелерди биз сүйлөшүү жолу менен чечтик. Алар жылына экологиялык зыяндар үчүн 310 миң доллар бөлүп келсе, эми үч миллион долларга макул болду, бул он эсе көп”, - деди Би-Би-Сиге Зилалиев.

Суу кодексине сунушталган бул өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш жалпы жыйында 15-ноябрда карайт. Бул долбоор 2015-жылы коомчулуктун азыркыдай каршылыгынан кийин токтоп калган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар