«Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй»

Кыргызстанда атактуу актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар өтүп жатат.

"Кызыл алма" тасмасынан алынган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption "Кызыл алма" тасмасынан алынган сүрөт

Сүймөнкул Чокморов кыргыз киносунун эң жарык жанган жылдызы эле.

Советтер союзунун учурунда Чокморов катышкан тасмалар бүткүл союздук, дүйнөлүк масштабда жогору бааланган.

Ошол учурдагы жаш муунда Чокморов ойногон каармандардын эрдигине таасирленбегени дээрлик болбосо керек. Ал алгачкы жолу тартылган киносу 60-жылдардын этегинде экранга чыккан Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасындагы Бактыгулдун ролу болгон.

"Сүлүк кара" деп, кара таштын боорунда, күрпүлдөп агып жаткан сууга агып кеткен атына каңырыгы түтөп, көзүндө тайманбастык, жалын чачырап турган картинка көптөрдүн жүрөгүндө калган.

"Биздин атабыз комуз чаап, комуз чертчү. Кечинде малды жайгарып коюп, комуз черткен учурлары эсимде. Ошондо Сүймөнкул атамдын комузунун кулагын тиштеп олтурчу. Кийин музыкалык дагы, сүрөтчүлүк дагы окуу жайларды бүтүрдү",-дейт атактуу инсандын бир тууган агасы Сүйөркүл Чокморов.

"Караш-Караш окуясы" тасмасынан алынган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption "Караш-Караш окуясы" тасмасынан алынган сүрөт

Аны киного келип калышына досу, белгилүү актер Болот Бейшеналив таасир эткен, дейт агасы. Бактыгулдун ролуна сунуштап, режиссер Болот Шамшиев бир көргөндө эле жактырган.

"Режиссер мен сени ошол киного тартам деп дароо эле жактырган экен. Бул казак-кыргыз тасмасы. Көркөм тасманы Казакстанда, Кыргызстандын Суусамырында тартылып, ролдорду дублёр-каскадёрсуз эле ойногон. "Караш-Караш окуясы" тасмасы тартылып бүтүп, аны Динмухамед Кунаевге (Казак ССРинин биринчи катчысы) көрсөтүшкөндө, ага абдан жаккан экен. Сүймөнкулдун ойногонун өзгөчө баалап, Турдакун Усубалиевге (Кыргыз ССРинин биринчи катчысы) чалып, ушундай таланттуу уулуңар бар экен, наам берейин деп айтат экен. Бирок Т.Усубалиев биз беребиз деп айткан окшойт. Ошондон кийин эле наам берип, унаа белек кылышкан" -деп эскерди Сүйөркүл Чокморов.

Сүймөнкул Чокморов кыргыз киносунун эң жарык жанган жылдызы эле Сүрөттүн автордук укугу Atay Chokmorov
Image caption Сүймөнкул Чокморов кыргыз киносунун эң жарык жанган жылдызы эле

Андан кийин Сүймөнкул Чокморов "Жамийлада" Даниярды, "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында Карабалтаны, Өзбекстанда тартылган "Жетинчи ок" фильминдеги Максумовдун образдарын өтө жогорку чеберчилик менен аткарып, атагы таш жарган.

Табият берген талант, шык, жөндөмү менен көрктүү келбети айкалышып, Сүймөнкул Чокморов бүтүндөй кыргыздын өңүн тааныткан сыймыгы болду. Анын кыл калем менен жан дүйнөсүн төгүп тарткан сүрөттөрү өзүнчө кеп.

Бул эмгектери учурунда жогору бааланып, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наамдар берилген.

Залкарлар Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев. Сүрөттүн автордук укугу Atay Chokmorov
Image caption Залкарлар Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев

Сүймөнкул Чокморов жан сыздаткан оорусуна карабай, киного тартылып, ролдорду дублёр-каскадёрсуз эле ойноп, тарткан азабын эч кимге деле байкаткан эмес деп эскерет замандаштары. Узак оорудан кийин залкар талант 53 жашында 1992-жылы каза тапкан.

Сүймөнкул Чокморов өз доорунун чыгаан инсандары менен жакын мамиледе жүргөн экен. Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Чокморов тууралуу эскерүүлөрү көп.

"Сүймөнкулдун кош канат таланты - сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосу үчүн эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык",-деп баа берген экен Айтматов.

Бишкектеги атактуу киноактер, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды Сүрөттүн автордук укугу gov.kg
Image caption Бул эстелик коомчулуктун сынына кабылып, "Чокморовго окшошпой калганы" сынга түшкөн

Эгемендик жылдардан кийин Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин орнотуу тууралуу демилгелер ишке ашпай келип, эки жыл мурун гана Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабына эстелиги орнотулган. Скульптура колодон жасалып, узундугу 3 метрди түзөт. Чокморовдун эстелигинин автору Таллин көркөм сүрөт институтунун бүтүрүүчүсү, скульптор Алмаз Кожегулов экени айтылган.

Бирок бул эстелик коомчулуктун сынына кабылып, "Чокморовго окшошпой калганы" сынга түшкөн. Ушундан кийин ордуна кайра башка эстелик коюлмак болуп сынак жарыяланган. (AbA)

*

Тектеш темалар