Казак-кыргыз өкмөт аралык тиреши уланууда

Казак-кыргыз өкмөт аралык тиреш уланууда Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Казак-кыргыз өкмөт аралык тиреш уланууда

Казак тарап дагы төрт кыргызстандык компаниянын продукцияларын киргизүүгө чек койду. Өз кезегинде Кыргызстан коңшу өлкөдөн чоң партия менен келе жаткан жумурткаларды артка кайтарды.

Ошентип чек арага байланышкан кыргыз-казак өкмөт аралык тиреши уланууда. Дүйнөлүк соода уюмунун арачылыгы да маселенини чечилишине көмөк көрсөтө алары күмөн болуп турат.

Казакстан Кыргызстандын колбаса, сүт жана тортунан баш тартты

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган төрт компаниянын: «Ак-Сүт», «РИХА», «Куликовский», «Эмилия» продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чектөө койду.

Казак өкмөтүнүн башкы санитары Жандарбек Бекшин былтыр Кыргызстандан келген продукциялардын төрттөн бири талаптарга жооп бербей келген болсо, быйыл ал көрсөткүч дээрлик 10% жеткенин айтты.

Бир жыл ичинде кыргыз-тамак ашынын коопсуздугу 2,5 эсеге начарлаганы белгиленип жатат.

Ташылып жаткан азык-түлүктөрдү маркерлөө эрежелери сакталбай, айрым учурда тамак-аштарда мителер табылып жатканы жүйөө келтирилүүдө.

"Тогуз айдын ичинде биз Кыргызстандан ташылып келе жаткан продукциялардан текшерүүгө 26 миңден ашык үлгү алдык. Алардын ичинен техникалык регламентке 7,2 % жооп бербегени аныкталды. Бул биринчи кезекте эт азыктары, колбаса - 26%, кулинардык тамак-аштар - 25% жана нан азыктары - 23,7% болду" - деди Жандарбек Бекшин өткөн жумадагы маалымат жыйынында.

Кыргызстан казак жумурткаларын артка кайтарды

Кыргыз өкмөтүнө Казакстандын бул чечими боюнча расмий маалымат келе элек. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Манас Майканов кыргызстандык компанияларга карата жаңы чектөөлөр тууралуу алар ММК аркылуу гана маалымат алганын Би-Би-Сиге билдирди.

«Сөз болуп жаткан «Ак-Сүт» ишканасына казак тарап 2016-жылы эле бөгөт койгон. «Эмилия» болсо Казакстанга 7-8 айдан бери эч бир продукциясын жөнөтпөптүр, бул такталды. Ал эми «Куликовский» деген ишкана реестерде такыр жок. «РИХА» акыр жолу 3-ноябрда 1 тонна 800 килограмм эт азыктарын алып өткөн экен. Бирок аларга деле бул тууралуу маалым кат келе элек болуп чыкты», -деди Манас Майканов.

Сүрөттүн автордук укугу Kapital kz
Image caption Кыргызстан Казакстандан чоң партия менен келе жаткан жумурткаларды артка кайтарды

Ал арада Кыргызстан «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен Казакстан тараптан келе жаткан 302 миң 400 даана жумурткаларды тамак-аш коопсуздук талаптарына жооп бербейт деген негизде артка кайтарды. Кустанай областынын Рудный шаарындагы «Жас-Канат 2006» ишканасына тийиштүү тамак-ашта ЕАЭБ талабына ылайык коштогон ветеринардык документтери жок болуп чыккан.

ДСУ арачылыгы иштейби?

Президент Атамбаевдин шайлоо алдындагы ачуулу сөзүнөн кийин казак тарап чек арада блокада уюштуруп, Казакстанга жана ал аркылуу Россияга товар, азык-түлүк продукцияларын ташыган унаалар тоскоолдуктарга кабылды.

10-ноябрда маселе Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин жыйынында да каралды. Чек арадагы кырдаал боюнча арызды ДСУга Кыргызстан берген.

Жыйында кыргыз делегациясы чек арадагы өткөрмө пункттардагы абал тууралуу маалымат берип, казак тарап оор жүк ташуучу унааларга "жасалма тоскоолдуктарды" түзүп жатканын билдирген.

Кыргыз өкмөтү Казакстан Дүйнөлүк соода уюмунун негизги принциптерин бузууда деп айыптоодо.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption 10-ноябрда ДСУнун комитетинде кыргыз-казак маселеси каралды

ДСУ комитетинде доклад жасаган Экономика министрлигинин өкүлдөрү Женевада эки өлкө ортосунда жаралган кырдаал боюнча эмне чечим болгондугу тууралуу ашыкча комментарийге жабык болууда.

Эл аралык валюта фондуна таянып кыргыз тарап чек арада жүк ташуучу унаалар көпкө туруп калгандан улам жалпы чыгым 200 миллион долларга жетти деп жатат.

Казакстан тарап чек арадагы оор жүк ташуучу унааларга карата жаңы эрежелердин кемсинтүү мүнөзү жок экендигин, ал эрежелер чет элдик жүк ташуучулар менен катар казак жарандарына бирдей колдонулуп жаткандыгын айткан.

ДСУдагы Казакстан өкүлү Жанара Айтжанова чек арадагы кырдаал, ириде, ЕАЭБ аймагына коопсуз тамак-аштарды киргизүү, аны менен кошо Казакстандын улуттук мыйзамдарын сактоо менен гана байланыштуу экенин белгилеген.

Казак ММКларына ылайык, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө - Япония, Түштүк Корея жана Молдова кыргыз делегациясынын баяндамасынан кийин соода-экономикалык бул маселени эки тараптуу сүйлөшүү жана ДСУ нормаларына ылайык чечүүнү сунуштап, тим болушкан.

Тектеш темалар