Зимбабвенин президенти аскерлер тарабынан кармалды

Харареденин чет жакасында аскер техникалары байкалган. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Харареденин чет жакасында аскер техникалары байкалган.

Зимбабвенин Зед-би-си мамлекеттик телекомпаниясынын имаратын басып алган аскер кызматкерлери өлкө президенти Роберт Мугабени жана үй-бүлөсүн кармап турушканын билдирди.

Муну алар аскер төңкөрүшү катары эсептеп, Мугабе менен жакындарына өмүрүнө коркунуч жок деп айтып жатышат.

Башкаруучу "Зимбабве африкалык улуттук союзу - Патриоттук фронт" билдирүү жасап, мындай кадам "улуттун бакубатчылыгы үчүн" зарыл эле деди. "Зимбабве дагы, партия дагы Мугабеге же анын аялы таандык эмес. Бүгүндөн жаңы доор башталат",-деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Жергиликтүү ММКлар Мугабе отставкасын жарыялай турганын жазып жатышат. Бирок башында анын мураскери жубайы болору айтылып жаткан. Өлкө башына вице-президент Эммерсон Мнангагванын келиши күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Зимбабвенин көз карандысыздыгы үчүн согуштун ардагери генерал Константино Чивенга армия саясатка кийгилишүүгө даяр экенин билдирди.

"Мнангагва бизге Зимбабвени өнүктүрүүгө жардам берет", -деп айтылат башкаруучу партиянын билдирүүсүндө.

Зед-би-си телекомпаниясын шаршембиге оогон түнү басып алышкан.

Харареде жардыруунун жана артиллериялык куралдын атылганы угулган. Мунун алдында Түштүк Африка республикасындагы Зимбабвенин элчиси өлкөдө төңкөрүш болгонун четке каккан эле.

Зимбабведеги башкаруучу партия Армиянын башкы кол башчысы генерал Константино Чивенганын саясатка аскердик кийгилишүү болушу мүмкүн деген эскертүүсүнөн кийин, муну "чыкынчылык аракет" катары атады. Чивенга өлкөнүн вице-президентин кызматтан алгандан кийин президент Роберт Мугабеге чакырык таштаган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Грейс Мугабе 93 жаштагы күйөсүнүн мураскери болуп калышы мүмкүн.

Генерал армия Мугабенин партиядагы тазалоолоруна чекит коюуш үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экенин айткан. Каршылашуу шейшембиге чейин уланып, Харареденин чет жакасында аскер техникалары байкалган.

Улуу Британиянын жана АКШнын Хараредеги элчиликтери өз жарандарын коомдук жайлардан алыс болууга чакырды.

93 жаштагы Мугабе же анын өкүлдөрү эч кандай билдирүү жасай элек.

Өткөн аптада Мугабе буга чейин мураскер катары эсептелип жүргөн вице-президент Эммерсон Мнангагваны кызматтан алган.

Башкаруучу партиянын жаштар канатынын лидери Кудзай Чипанга, генерал бүтүндөй армиянын колдоосуна ээ эмес деп айтты. Партиянын жаштар канаты Мугабенин жубайы Грейс Мугабени колдоп жатышат. (AbA)

Тектеш темалар