Кумтөргө сапар: талаштан башка чечим жок

Кумтөр алтын кени

Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттерден турган топ Кумтөр алтын кенине барып келишти. Өкмөт өкүлдөрүн вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев баштап барды.

Мөңгүлөргө байланыштуу мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талаш-талкуулардан улам, аларды жеринен көрүп келүү үчүн атайын барган топ карьердин үстүндөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн көрүштү. Буга жакын жайгашкан Сары-Төр, Петров мөңгүлөрүнө дагы барууга мүмкүн болду.

Кумтөр кенинде тоо-кен казуу бөлүмүн жетектеген Каныбек Жумалиев депутаттарга мөңгүлөр тууралуу маалымат берип жатып, карьердин үстүндө жайгашкан Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн жетимиш пайызы башка жакка которулганын айтты:

"Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү улам ылдый жылып жатат. Ошондуктан атайын тосмолорду койгонбуз. Учурда бул мөңгүлөрдүн 70 пайызын атайын мөңгү сактаган жерге жылдырдык. Аларды көчүрүүдө зыян келтирген жокпуз. Анын анализин көз карандысыз эксперттер алып турат".

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ж. Акаев: өкмөт “Кумтөрдүн” кызыкчылыгын коргоодо

Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдыруу боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу жарандык коом менен өкмөт жеринде баргандан кийин деле бир пикирге келе алган жок. Жарандык коом мыйзамды чакыртып алууну талап кылууда.

"Бүгүн биз өз көзүбүз менен мөңгүлөрдүн 70-80 пайызы 1992-жылдан бери талкаланып, жок болгонун көрдүк. Жаңы кабыл алынып жаткан Суу кодекси үчүнчү окууга жетип калганына байланыштуу, кайра экинчи окууга кайтарууну талап кылып жатабыз. Бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, жарандык коом тарабынан өзгөртүү, толуктоо киргизилип, андан соң экологияга, элге зыяны тийбеген мыйзамды кабыл алуубуз зарыл. Азыр биз "Кумтөргө" окшогон ишканага тоскоолдук кылбай турган, элдин кызыкчылыгына туура келе турган компромисстик жолду табууга муктажбыз",-деди жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев болсо бул мыйзам башка мөңгүлөрдү бузууга жол бербей турганын, эки гана мөңгүгө тиешеси бар экенин кайталады.

Аймакка барган жарандык активисттер мөңгүнүн калган бөлүгүн болсо да сактап калуу керектигин айтууда. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болсо кыргыз өкмөтү "Кумтөрдүн" кызыкчылыгын биринчи орунга койду деп сынга алды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Д. Зилалиев: “Кумтөр” токтобош үчүн эки мөңгүнү көчүрөлү

Парламент депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү мөңгүлөрдүн абалы менен таанышкандан кийин алтын кендин жумушчулары менен жолугушту. Жумушчулар ишти токтотпоо керек дешти.

Эки мөңгүнүн тагдыры ушул күндөрү парламентте каралууда, ал эми "Кумтөрдө" иштеген жумушчулар ишсиз калбайбызбы деп сарсанаа болуп турушат.

Коомчулукта нааразылыктарга себеп болуп жаткан бул мыйзам долбоорунда Кумтөр алтын кенинде гана мөңгүлөрдү башка жакка көчүрүп иштегенге уруксат берилет, калган жерлерде тыюу салынат деп айтылган. Долбоорду Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери жактырып, акыркы окууга жөнөткөн эле.

Тагыраагы, мөңгүлөрдүн ээришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануу менен мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген.

Комитетте болгон талкууда, өлкөдө бийик тоо арасында 17 кен иштетилген жерде мөңгүлөр бар экендиги белгилүү болду.

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү көчүрүп алууга уруксaт берилип жаткан себеби, кен казуу бул жакта көп жылдардан бери мөңгүлөрдүн үстүнөн болуп келатат. Ошол себептүү өкмөттүн маалыматына караганда, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн теңинен көбү жок болуп кеткен.

Экинчиден, мөңгүгө тийбей алдынан казуу чыгымдарды аябай көбөйтөт, ошол себептүү кенде иш токтоп калышы мүмкүн. Анын үстүнө Кумтөр алтын кенинин өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси зор экенин эске алып, Башкы прокуратура дагы бул объектиде иш токтобосун деген чечим чыгарып берген экен. Ошол себептүү, бул мыйзам долбоорунун өтүшүнө өкмөт өтө кызыкдар болуп жатат.

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү өндүрүштүк процесстин таасири алдында калып, көп бөлүгү ээрип же талкаланып жок болуп баратканына көп болду. Анткени көп жылдар бою анын үстүнө өндүрүштүк калдыктар төгүлө берип, экологиялык тийиштүү көзөмөл болгон эмес.

2011-2012-жылдарда Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссия канадалык компанияны дал ушул мөңгүлөрдү жок кылып жатканы үчүн экологиялык ири зыян алып келди деп айыптаган. Кийин Кыргызстандын тийиштүү органдары "Центерраны" экологиялык зыян үчүн көп миллиондогон доо сурап сотко берген.

"Центерра" соттошуп, өкмөттүн экологиялык доосун кабыл алган эмес. Көп айлап жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ушул жылы сентябрда кыргыз өкмөтү экологиялык доолордон баш тарткан. "Центерра" өз кезегинде экологиялык төлөмдөрдү он эсе көбөйтүүгө, Ысык-Көлдүн айланасындагы экологияны коргоого 50 млн АКШ долларын бөлүүгө макул болгон эле. (AbA)

Тектеш темалар