Бабановдун тагдыры эмне болот?

Башында дос, аягында кас Атамбаев-Бабанов мамилеси Сүрөттүн автордук укугу Temir Sydykbekov
Image caption Башында дос, аягында кас Атамбаев-Бабанов мамилеси

Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү боюнча стратегияны талкуулаган жыйында президент Атамбаев ачык ысымын атабаса да Бабановго келтирип ал түрмөгө камаларын айтты. Азырынча президенттин айткандары ачылган кылмыш ишин аягына чыгарууга көрсөтмө же ишараат болдубу айтуу кыйын.

Бабановго байланыштуу маселе жаңы президенттин инагурациясынан кийин өзгөрүш мүмкүндүгү канчалык?

Өлкөдөгү эң бай адамдардын бири, шайлоодо дүбүртү катуу чыккан Өмүрбек Бабановдун кийинки тагдыры кандай болот кызык болуп турат.

"Шестерка президенттик креслого эмес, абакка отурат"

15-ноябрда Бишкекте өткөн өлкөнүн туруктуу өнүгүшү боюнча стратегияны талкуулаган жыйында президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ, кыргыз-казак чек арасы, президенттик шайлоо тууралуу сүйлөп жатып:

"Кандай жашап ,кайсы жолду тандап, кимди президент кылып шайлаш керек бизге эч ким оюн таңуулабашы керек. Эч ким. Кечиримди Атамбаев эмес, Кыргызстандын ички ишине бетпактык менен киришип аткандар сурашы керек. Ким бизге өз эрежелерин, мыйзамдарын жана коррупциясын таңуулаганы келгендер сурашы керек. Өз "шестеркасын" президенттик креслосуна отургускусу келгендер сурашы керек. Ал шестерка креслого отурат, бирок президенттик креслого эмес, абакка, абакка отурат", - деп айтты президент Атамбаев.

Президенттикке талапкер "Республика" партиясыны лидери Өмүрбек Бабановду казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн Атамбаев ачуулу сөзүн айтып, жыйынтыгы казак тарап чек арада көзөмөлдү күчөттү.

Бабановго ачылган иш аягына чыгарылабы?

4-ноябрда Башкы прокуратура Бабанов үгүт маалында Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу маалында конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап жана улут аралык кастыкты козуткан деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти. Бирок азырынча ал депутаттык мандатынан ажыратыла элек.

Кечээ жакында Бабановго таандык НТС каналына караган "Санжыра" радиосу да обого чыкпай калды.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен, качан Кыргызстанга кайтары белгисиз

Атамбаевдин бүгүнкү сөзүн саясат талдоочулар шайлоого жакын президентте башталган риториканын уландысы катары баалап, Бабановго байланыштуу жерин ар кандай чечмелеп жатышат.

"Азырынча президенттин айткандары ачылган кылмыш ишин аягына чыгарууга көрсөтмө же ишараат болдубу айтуу кыйын. Бирок кырдаал жаңы президенттин инагурациясынан кийин өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Себеби бул нерсе жаңы бийликтин жоопкерчилигиндеги нерсе болуп калат да. Жээнбеков үчүн бул маселе баш оору да болушу мүмкүн. Анткени Бабановду отургузуа турган болсо, бул анын башкаруусундагы биринчи саясий туткун болуп калат. Жаңы президент болсо андай образды каалабаса керек", -деди саясат талдоочу Медет Түлегенов.

Бирок серепчи бул маселеде Атамбаевдин жеке максаты жана инагурациядан кийин анын кандай таасири жана рычагдары болот ошого да жараша болорун айтты.

Жээнбеков: Коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайм

Президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышканы менен негизги күрөш эки: бийликтеги КСДП партия талапкери Сооронбай Жээнбеков жана өзүн-өзү жылдыруу жолу менен шайлоого барган "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов ортосунда жүрдү.

КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуулары менен коштолгон.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Президенттик шайлоодо жеңүүчү Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков Бабановдун коррупция менен күрөш тууралуу суроосун катуу алып:

"Коррупция менен күрөшпөйсүң дейсиң. Коррупция менен мен күрөшөм, сен күрөшө албайсың. Мен сенин эмнеге батканыңды жакшы билем. Менин сага 25 суроом бар. Эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм. 2005-жылдан баштап кимдин кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ким уурдаганын жакшы билем", - деген болчу.

Мындан улам, Жээнбековдун инагурациядан кийин Бабановго көңүлү канчалык жылуу тартат айтыш кыйын болуп турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар