Карышкыр менен кармашкан келин

Эсенжан кызы Элнура: Башында маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып атканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим Сүрөттүн автордук укугу Esenjan kyzy Elnura
Image caption Эсенжан кызы Элнура: Башында маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып атканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим

Саналуу күн мурун Ысык-Көлдө жаш келин күйөөсүнө кол салган карышкырга бычак уруп, күйөөсүн ажал оозунан сууруп алды. Бул окуя бир чети коркунучтуу болгону менен көптөрдү келиндин эрдиги таң калтырып жаткан учур. Би-Би-Си тоо койнунда жашаган каарман келинге байланышты.

Би-Би-Си: Элнура, окуянын чоо-жайын өз оозуңуздан уксак.

Эсенжан кызы Элнура: Биз райондун борборунан бир топ эле алыс жашайбыз. Жакшы автоунаа менен Кызыл-Сууга чейин беш саатка жакын жол жүрүүгө туура келет. Балабызды каникулда чоң ата-энесине учураштырып келели деп барып келе жатканбыз. Ак-Шыйракка кетчү жолдо Сары-Чат-Ээр-Таш коругуна жакын жерде үй бар. Машинебиз ошол жерде кечки саат төрттөрдө бузулуп, күйөөм оңдоп аткан. Мен жылынайын деп үйгө киргем. Балам кыйкырып, "атамды карышкыр тиштеди" деп чуркап келгенинен, ишенбей сыртка чыга калсам, күйөөм карышкыр менен алышып аткан экен. Бычак дегенинен үйдөн жип менен бычак алып чуркап бардым. Болжоп туруп жүрөк тушка үч жолу сайып жибердим. Көрсө карышкыр келип сан туштан тиштегенде, жолдошум кулактан алып баса жыгылыптыр.

Сүрөттүн автордук укугу Mirbek Kelgenbaev
Image caption Эсенжан кызы Элнура: Балам кыйкырып, "атамды карышкыр тиштеди" деп чуркап келгенинен, ишенбей сыртка чыга калсам, күйөөм карышкыр менен алышып аткан экен.

Би-Би-Си: Карышкырга кол салууга кантип батындыңыз?

Эсенжан кызы Элнура: Башында маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып атканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим. Качан гана кашабаңды өлтүрүп, күйөөмдү үйгө алып киргенде, өлүп жаткан карышкырды көрүп, опколжуп, коркуп, бираз жүрөгүм айланды. Жырткыч болгондон кийин коркот экенсиң, өлгөндөн кийин да алда кандай болот деп таңып салдык.

Би-Би-Си: Сиздин эрдигиңизге жолдошуңуз абдан ыраазы болуп жатса керек?

Сүрөттүн автордук укугу Mirbek Kelgenbaev
Image caption Эсенжан кызы Элнура: Качан гана кашабаңды өлтүрүп, күйөөмдү үйгө алып киргенде, өлүп жаткан карышкырды көрүп, опколжуп, коркуп, бираз жүрөгүм айланды.

Эсенжан кызы Элнура: Ооба, аябай ыраазы болуп атат. Башкалар да жакшы кеп-сөзүн айтышты.

Би-Би-Си: Окуя тууралуу айыл эли эмне деп атат?

Эсенжан кызы Элнура: Баары эле ыраазы. Айылда тамаша деген укмуш да. Карышкырды өлтүргөн келинден абайлайлы деп тамашалап күлүп атышат. Окуя болгондон көп өтпөй эле айыл өкмөтүбүз келди. Ал киши карышкырдын башын текшерүүгө жиберди. Kүйөөмдү райондун борборуна алып барып, кутурмага каршы эмдетип келди.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар