Зилалиев кызматынан бошотулду

Зилалиев Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен өкмөттүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мөңгүлөргө байланыштуу талаштуу мыйзам долбоорун парламент кабыл алгандан кийин эле бул мыйзамды катуу колдоп жаткан өкмөт өкүлүнүн кызматтан кетиши, коомчулукта ар кандай түкшүмөл пикирлерге себеп болууда. Анткени буга чейин анын дарегине катуу сындар айтылып, отставкасын талап кылган билдирүүлөргө бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес эле. Экономикалык маселелер боюнча тармак өкмөттөгү эң жооптуу тармактардын бири.

Өкмөттүк булактар мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу боюнча кабыл алынганын жазып чыгышты. Расмий маалыматтарда Зилалиевдин башка ишке өткөндүгү айтылат. Бирок азырынча кайсыл жумушка барары ачык айтылган жок.

Буга чейин өкмөт "Кумтөр" ишканасынан мамлекеттик бюджетке эң көп киреше алып келерин жүйөө кармап, кендеги иш токтоп калбашы үчүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Бейшемби күнү Кумтөрдөгү эки мөңгүнү жылдырууга уруксат берген мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп берди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Д. Зилалиев: “Кумтөр” токтобош үчүн эки мөңгүнү көчүрөлү

Зилалиев Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам башка мөңгүлөрдү бузууга жол бербей турганын, эки гана мөңгүгө тиешеси бар экенин кайра-кайра жүйөө келтирген эле. Буга каршы чыккан активисттерди жана парламент депутаттарын "Кумтөргө" дагы баштап барып келди.

Зилалиев мурда мөңгүлөрдүн үчтөн экиси жок болгон десе, акыркы такталган маалыматтар боюнча, Лысый мөңгүсүнүн он пайызы жок экенин, кенди иштетип бүткөнгө чейин 20 пайызы иштетилерин маалымдаган. Ал эми Давыдов мөңгүсүнүн 40 пайыздайы буга чейин иштетилгенин, жалпы 70 пайыздайы алдыда жылдырыларын кошумчалаган.

Image caption Кумтөрдөгү мөңгүлөр

Мыйзам долбоору чоң талаш-талкууларды жаратып, демонстрациялар менен коштолду.

Мыйзамды парламент үчүнчү окуудан кабыл алгандан кийин интернет желесинде өкмөттү катуу сынга алып, тарыхый адашууга барды деген пикирлер да айтылып жатат.

Суу кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Кумтөрдү туруктуу иштетүү үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жылдыруу каралды. Мыйзам эми президенттин кароосуна жөнөтүлдү.

44 жаштагы Зилалиев 2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугу кызматында иштеген. Өткөн жылдын июль айынан баштап, ушул жылдын августуна чейин Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетти жетектеди.

Быйыл июлда чехиялык "LiglassTradingCZ, SRO" Кыргызстандагы он-чакты чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алып, андан кийин кыргыз өкмөтү менен "Жогорку Нарын" ГЭС каскадын куруу жөнүндө келишимге жетишкен.

Мындан кийин чехиялык сайттардын бири "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, өкмөттүн ушундай фирмага ишеним артканы кызуу талкууга жем ташатаган эле. Мына ушул келишим боюнча дагы Зилалиевдин дарегине көп сындар айтылган. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар