Атамбаев элдин эсинде эмнеси менен калды?

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды

Өтүп бара жаткан 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктады. Кыргызстандын төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев ал башкарган соңку алты жыл оор болгонун моюнуна алып, бирок бул убакыт аралыгында өлкөдө олуттуу саясий-экономикалык реформалар жүргөнүн айтып келет.

Бирок анын оппоненттери президент адамдардын укугун коргоого, коррупцияны жок кылууга, парламенттик демократияны курууга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетишүүгө кыргыз элинин алдында берген антын аткарды дегенден алыс.

2011-2017-жылдар аралыгындагы Атамбаевдин ишмердигине Би-Би-Си анын өзүнүн жана сынчыларынын сөзү менен сереп салат.

Атамбаев бийликке кантип келген?

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын кийин Кыргызстанда Убактылуу өкмөт түптөлүп, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, ӨмүрбекТекебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алган.

Кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөл мезгилдеги Кыргызстандын президенти укуктары ыйгарылып, ошол эле жылы ноябрда Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган.

Кезинде бийликке чогуу келген Убактылуу өкмөт курамындагы санаалаштар Атамбаев 2016-жылы Конституциялык реформа демилгелегени ажырым жолго түшүштү.

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева Би-Би-Сиге Атамбаевдин президенттик кызматтагы аткарган иштери боюнча:

"Негизи биз ойлогондордун көп нерсесин ишке ашырууга аракет кылды. Коррупция менен күрөшүүгө, чынчыл иштегенге. Бирок биз туш тарапка ажырап кеттик. Балдар мерт кеткенде биз көп нерсеге убада бергенбиз да. Конституцияны өзгөрттүк, себеби үй-бүлөлүк башкаруу жарабайт эле. Ушуну өзгөртпөйлү, он жылдык убакытта кармайлы дегенбиз. Референдум тууралуу ал кишинин сөзүнөн кийин ажырап кетип, ал киши менен бирге болууга жол көрбөй калдык", - деген эле экс-президент Роза Отунбаева

13-октябрда шайлоо алдындагы маалымат жыйынында Би-Би-Си кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып.

Оппозиция: Саясий куугунтук, ММКга менен жарандык коомго басым болду

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси ошондой эле Атамбаев-Текебаев тымызын тирешин ачык кармашка чыгаргандай болду. Быйыл 26-февралда Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Өмүрбек Текебаев "Мегаком" ишканасына байланыштуу коррупция үчүн айыпталып, УКМК тарабынан кармалып, сегиз жылга соттолуп, учурда абакта.

"Сынды кабыл албай калды. Революцияда бирге чыккан жоро жолдошторду түрмөгө тыкты. Масс-медиага катуу мамиле жасап, көбү көп акчалуу айыпка жыгылды. Жарандык коом тууралуу ООН трибунасынан мактанды биз ушундай өлкөбүз деп. А чынында жарандык коомго ушундай терс мамиле жасады. Жасаган иши менен айтып аткан сөзү дал келбей жатты. Көп учурда дал келбей атты. Ошондуктан биз бүгүн президент Атамбаевге эч макул эмеспиз",- деди Отунбаева маалымат жыйынында.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаевдин инагурациясы 2011-жылы 1-декабрда Улуттук филорманияда өткөн

Өмүрбек Текебаевдин партиясы "Ата-Мекен" 5- октябрда президент Атамбаевге кайрылуу жасады. Анда саясий уюм президентке ал кезинде адамдардын укугун коргоого, коррупцияны жок кылууга, парламенттик демократияны курууга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетишүүгө кыргыз элинин алдында берген ант бергенин эскертет.

"Бүгүн биз: саясий репрессиялар, адвокаттардын жана журналисттердин мал-мүлкүн тартып алуу боюнча көптөгөн соттук процесстер, өз алдынча эркин ой жүгүрткөн адамдарды камакка алуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген бардык укуктардын бузулушу - өӊдүү мыйзамсыз иш-аракеттердин күбөсү болуудабыз",- деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле "Ата Мекен" партиясы лидерлерине карата мародерчулук, "Белизгейт" боюнча айыптоолорду "атайын сценарий", "пьеса" деп атайт.

"Саясий беренелер менен жоопкко тартылгандар көбөйдү. 30дан ашык адам саясий куугунтук менен түрмөдө отурат деп айтылып атат. Казакстандын премьер-министринин маалыматы боюнча контрабанданын өлчөмдөрү күчөдү. Өзгөчө ЕАБге киргенден баштап бул жатта эч кандай күрөш болгон жок. Тескерисинче, бийликтин жогорку деңгээлинде турган адамдар өздөрү ошол контрабандага аралышып кеткен болушу керек деген менин шегим бар. Жалпысынан коррупциялык иштер азайган жок, иликтеп көрө турган болсок, баягы эле өзүнүн саясий оппоненттерин коррупция деген берене боюнча жоопкерчилике тартып атат"- деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова.

Сот реформасы өтөөсүнө чыктыбы?

Экс-президент Атамбаевдин тушунда сот реформасы башталып, бирок ал өтөөсүнө жеттиби суроолор көп.

Быйыл июньда мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соңку беш жыл аралыгында сот акыйкаттыгынын улуттук системасы калыптанды деп билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында да сүйлөп жатып, сот системасын реформалоо маселесине токтолгон.

"Ким эмне дебесин, бирок сот реформасы боюнча опол-тоодой иштер жасалды. Бир эле мисал, соңку беш жылда бийликтин сот бутагын каржылоону беш эсеге көбөйттүк. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө мындай нерсе жок. Бирок эмнеге бул реформа биз күткөндөй иштеп кеткен жок деген суроо турат. Соңку жылдары 10дон кем эмес олуттуу кодекстер кабыл алынды. Алар кийинки жылдын 1-январдан тарта күчүнө кирет. Бул кодекстер ишке киргенде биз сот реформасынын реалдуу жыйынтыгын көрөбүз. Себеби буга чейинки мыйзамдардын өзүндө коррупцияга шарттар бар эле. Сот реформасына нааразы болгондор - ал качан иштей баштайт билбегендер", - деген эле экс-президент.

Андыктан сот системасын кардиналдуу өзгөртүү башталып, азырынча анын жыйынтыгы адистерге гана байкалып жаткандыгы айтылган. Себеби реформага мыйзамдык пайдубал гана түптөлүп, реформа алкагында жаңыртылган документтердин көбү кийинки жылдан тарта күчүнө кирет.

2019-жылдын 1-январынан тарта иштей турган укуктук ченемдик документтерге Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Кылмыш-аткаруу кодекси, Жазык тууралуу кодекс, Мыйзам бузуулар тууралуу кодекс жана "Пробация тууралуу", "Амнистия тууралуу" мыйзамдары кирет.

"Кагаз түрүндө кандай гана укуктук ченемдик актыларды кабыл алынып атат, бирок баарын жалпылап алсак, баягы максат койгондой жети жыл ичинде көз карандысыз сот, мыйзам чегинде иштеген сотту калыптандыра алдыкпы?", - деп суроо коет Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова.

" Сотторду 100% алмаштыра алдыкпы? Биз кайра президентке баш ийген, өлкө башчысына абдан көз каранды сот системасын калыптандырдык",- деди ал.

Сот акыйкаттыгын камсыздоо жана натыйжалуу сот тутумунун иштешин жөнгө салуу маселеси 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн.

Атамбаев: Президенттик жылдар оор болду

Быйыл Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев соңку алты жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгаргандай болгон.

"Буга чейин Кыргызстан десе митинг, жолдорду бууган, башаламандык орун алган, жарыгы жок өлкө деп таанышса, бүгүн мамлекетти таза шайлоолор, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюну" өткөн, экономикалык жана саясий ири реформалар жүргөн, туристтерге коопсуз жана ишеничтүү өлкө боло алдык. Биз булардын баарына болгону 5-6 жылда эле жетиштик. Бирок ачыгын айтыш керек ,ал жылдар абдан оор жылдардан болду",- деген эле майрамдык куттуктоо сөзүндө Алмазбек Атамбаев.

Ал ошондой эле анын тушунда өлкө толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгонун баса көрсөтүүчү ийгилик атайт. Буга 2015-жылы "Датка-Кемин" (узундугу 405 км) жана кубаттуулугу 500 кВТ "Кемин" подстанциялары ишке кириши өбөлгө болду.

Ошондой эле Атамбаев россиялык "Газпром" ишканасы менен болгон кызматташтык Кыргызстанды газ жана күйүүчү майды ташуу жагынан коңшу өлкөлөрдүн көзүн кароодон куткарганын да баса белгилеп келет.

Фермерлерге насыя берүүдөгү үстөк пайыз 22%дан 6-10%га түшүрүлүп, жеткиликтүү болуп, мугалимдер маянасы соңку 25 жылда биринчи жолу өлкөдөгү орточо айлык акы менен теңелгени айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаевдин президенттигинин соңку жылында коңшу Өзбекстан менен мамиле жылып, Казакстан менен, тескерисинче, сууду

Эл аралык финансылык институттар шилтеме берип мурунку өлкө башчысы 31-августтагы куттуктоосунда Кыргызстан жакыр өлкө катарынан чыгып, соңку 5-6 жылда кедейчилик 4,5 эсеге кыскарды деген.

Аны менен катар коррупция менен айыгышкыс күрөш жүрүп, жети миңге жакын жемкорлук иштердин бети ачылды, бийликтин бийик сересиндеги адамдарга чейин кылмыш козголду деп айтылат.

Тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарыбызды корголуп, кошуна өлкөлөр менен мамиле жакшырып, жыйынтыгында чек ара көйгөйү чечилип жатат деген эле анда Атамбаев.

"Жолду көргүсү келбегендерге көрсөтө албайсың"

Алмазбек Атамбаев 16-ноябрда өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын чыңдоого салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чарада Атамбаев акыркы алты жылда кыргызстандыктардын колдоосу менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында жакшы жетишкендиктер болгонун айтты:

"Атамбаевдин убагында эч нерсе жасалган жок, Кыргызстан өзгөргөн эмес" дешет. Ушундай сөздөрдү укканда "көрө албастык" деген кыргыздын кебин эстейм. Булар көрө албайт да. Куранда да "жолду көргүсү келбегендерге көрсөтө албайсың" деп жазылган. Анткени, булар кыргыз көчүнүн, кыргыз элинин жолун көргүсү жок. Булардын жолу башка. Азыр мамлекетибиз таптакыр башка...Ар бир күндү санап атам, батыраак бүтсө, батыраак кетип уктасам экен, сегиз күн калды деп отурам. Бирок чындыгында алты жыл ичинде жөндөп иштегенге үч эле жыл беришти да. Ага чейин, билесиңер, жолду бууйт же администрацияны басып алат. Кызык эле алты жыл болду. 26 жылдай көрүнүп кетти" , - деген болчу президент.

Атамбаев кыйын мезгилде аны колдогон пикирлеш, санаалаштары болбогондо журтту көтөрө албай сынып калмактыгын да кошумчалаган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев 24-ноябрда президенттик кызматты Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди

Ошентип Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы төртүнчү президенттин быйыл мөөнөтү карыды.

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаеваны албаганда, Атамбаев Кыргызстанда биринчи жолу экинчи мөөнөткө барбай, бийлигин Конституция аркылуу узартып албай, тынч өткөргөнүн айрым серепчилер анын башкы артыкчылыгы экенин айтып келишет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар