Адеп жылындагы чакырыктардын натыйжасы кандай болду?

Жайлоо Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2017-жылды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Ыйман, адеп жана маданият" жылы деп жарыялаган. Маданияттуулукка, адептүүлүккө үндөө, аларды элге сиңирүү канчалык ишке ашты? Дегеле бир жылды атап, жарыялоонун алкагында кандай натыйжага жетишсе болот?

Бир жыл бою "Ыйман, адеп жана маданият" жылы экени эскертилип, мектеп, бала-бакчалар жана башка мамлекеттик мекемелерде маданий, агартуу иш-чалары уюштурулду.

Бирок бул чакырыкты кененирээк маанисинде кандай түшүнүүгө болот эле? Бир жылдык иш-чаралар жана чакырыктар менен адептүүлүккө, ыймандуулукка чыйыр салууга болобу?

Белгилүү публицист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев ушул боюнча оюн бөлүштү. Ал адамда ички маданият болмоюн сырттан эч ким таңуулап бере албасын айтты.

“Маданиятка улуттук маданиятыбыз, анын ичинде кулк-мүнөз, улуттук жорук-жосун, “эйдос” деп койгон ойдун ыкмасы, ушунун баары кирет. Кеңири мааниде алган ушул маданиятыбыз бизде көптөн бери оорулуу. Ошондуктан сырттан келген социалдык, маданий жана философиялык маанидеги “микробдорго” туруштук бере албай калды. Андан улам контрмаданият күчөдү”, - деген Эсенбай Нурушев контрмаданияттын бири байлык менен акчанын культу, бийликке менменсинүү экенин кошумчалады.

Нурушев Карл Маркстын “Кебетем суук, бирок мен дүйнөдөгү эң сулуу аялды сатып алалам. Мен кемпаймын, бирок эң акылдуу адамдарды кол алдымда иштете алам. Мунжумун, бирок акча он эки бут, он эки кол таап берет” деген сөзүн келтирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда абал ушундай.

“Биздин элита контрмаданиятты өзү таратып жатат. Кудайды оозанат, кудайдан коркпойт. Элге бирди айтат, жасаганы башка. Өзгөчө колунда бийлиги болсо оюна келгенин жасаган, абийирден, ыймандан, адептен коркпогон адамдар “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп көкүрөк каккылашты. Мындан эч нерсе чыкпайт. Адептүү, маданияттуу болом деген киши биринчи кезекте билимдүү болуш керек. Билимдүү адам эч качан адепсиз, маданиятсыз болбойт. Бизге азыр ошол билим да жетпей калды”, - деди Би-Би-Сиге Эсенбай Нурушев.

Анткен менен президенттик аппарат жыл башында элдин руханий жагына көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, айрыкча калктын 50 пайыздан ашыгын түзгөн жаштарга багыт бериш керек деген.

"Ал жаштар кандай экенин ойлонуп көрөлү. Билими кандай, алардын алган билими менен тарбиясы бизди канааттандырабы? Биз жаштарыбыздын нравалык баалуулуктарын жана багыттарын билебизби? Алар эртең биздин өлкөнү кайсы тарапка баштап барышат?", - деген эле президенттик аппараттын бөлүм башчысы Мира Карыбаева.

Ал эми ыйман, адеп менен маданиятты жайылтуунун натыйжасы кандай болду? “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун башчысы Нуржигит Кадырбеков бир катар иш чаралар аткарылып жатканын, аны улантышарын белгиледи:

"Жыл башынан бери эң чоң иш чарабыз "Жүзүмө түкүрбө, мекендешим" деген акция болду... Кыскача "Адеп олимпиадасы" дегенди баштадык. Кыргыздын залкар акын, жазуучуларынын жалаң ыйман, адеп тууралуу чыгармаларынан турган "Ыйман жарчылары" деген китеп чыгардык... Жусуп Баласагындын жаңы котормосу чыкты, автору Кубанычбек Басылбеков. Баласагындын чыгармаларынын баары адеп, ыйман жөнүндө. Андан сырткары индиялык, тамилдик улуу акын Валюверди котордук. "Окурман улут" деген долбоор баштадык. Адамдардын китеп окуганы чындап эле адебине таасир этет экен".

Image caption "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков адепти көтөрүш үчүн ар бир жаран колунан келгенин жасаш керек дейт

Кадырбеков жылдын аталышы элдин руханий деңгээлин көтөрүүдө көп иштерди аткарууга себеп болгонун белгилеп, кол куушуруп отурганча ишке өтүш керектигин кошумчалады.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы жылга коюлган пландар ишке ашты деп эсептейт.

“Канчалык кыйын болсо дагы Таласта жаңы театр ачтык. Болгондо дагы татынакай театр. Бир топ форумдарды өткөрдүк. Москвада кыргыз маданият күндөрү болду. Бул жакта Алтай цивилизациясына арналган татынакай форумдар буюштурулду. Мындан да көп нерсе жасайын дегем. Мисалы, маданият кызматкерлери үчүн быйыл үй салып бүтүрөйүн дегем. 300 же 400 млн сом акча да бөлүнгөн. Бирок бөлүнгөн жердин тегерегинде ар кандай сот иштери бар экен, ошол иштер араң бүтүп, кудай буюрса бүрсүгүнү маданият кызматкерлери үчүн үйдүн пайдубалына капсула коёюн деп жатам”, - деди Атамбаев 20-ноябрда журналисттерге берген акыркы маалымат жыйында

Публицист, журналист Эсенбай Нурушев дегеле көп жылдан бери салт болуп келаткан жылга аталыш берүү Кыргызстанда пайдасыз деп эсептейт. Ал мындан эч кандай жыйынтык байкаган эмес.

“Бул жөн эле элдин көзүн жазгырмай. Элдин башын айлантуу үчүн чыгарылган бирдеме. “Ой, минттик, биз тигинттик. Мынча маданият ишмерине мындай кылдык” деп топ тобу менен гүргүштөтүп наам беришет. Наам бергенден маданият, ыйман, адеп көтөрүлүп кетмек беле? Мен мындан эчтеме көргөн жокмун. Бул баягы Совет мезгилинен калган куру пропаганда. Атүгүл ойлоп калдым, биз жакынкы аралыкта, 10-20 жыл ичинде өзүбүздүн маданиятты да жоготуп алат болушубуз керек”, - деди Нурушев.

Нурушев анткени, мурда калыптанган кыргыз маданияты акырындан кетилип отуруп, чачылып жоголууда дейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ал эми жазуучу, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун өкүлү Топчугүл Шайдуллаева бир жылда ыйманды, адепти же маданиятты көтөрүү деген туура эмес экенин белгилеп, бирок жылды атоо маселеге көңүл бурууга шылтоо, шыкак болот деген оюн ортого салды.

“Мамлекет тарабынан бир катар иш чаралар болду. Ушул жылы бир нерсе кылайын, кичине салымымды кошоюн деген жоопкерчиликке түрттү. Аз болсо да ойготуу аракети байкалды. Отунбаеванын фонду бешик ырларына сынак жарыялап, жеңүүчүлөрдү тандады. Аны диск кылып жайылталы деп жатабыз. Бул да бала тарбиялоодо маанилүү жагдай. Жаштар бир топ иш чараларды өткөрдү. Албетте ыйман, адеп, маданият адамдарды дайыма коштоп жүрүш керек, бир жыл менен чектегенге болбойт”, - деди Шайдуллаева Би-Би-Сиге.

Кыргызстанда жыл башында ага аталыш берип, ошонун тегерегинде иш чараларды өткөрүү, элге ал идеяны жайылтуу аракети Аскар Акаевдин учурунан бери бар.

Мындай өнөктүктөр Бириккен улуттар уюму өңдүү жана башка эл аралык уюмдарда же өлкөлөрдө да кездешет. Бирок бүтүндөй жылды атоо эмес, кайсы бир окуяга байланыштуу киргизилип, маалыматтык кампаниялар, кайсы бир жаман көрүнүшкө каршы күрөшүү аракеттери жүрөт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар