Президент Жээнбеков кандай команда топтойт?

Сооронбай Жээнбеков өз аппаратынын кыска мөөнөттүү иш планын белгиледи Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Сооронбай Жээнбеков өз аппаратынын кыска мөөнөттүү иш планын белгиледи

Жаңыдан ишине киришкен президент Сооронбай Жээнбеков өзү мурдатан ишенген адамы Муратбек Шайымкуловду кеңешчиси кылып дайындады. Дагы бир ишенимдүү адамы Эрнис Толтоев болсо жардамчысы болуп кызматка киришти.

Ошентип президенттик аппаратта кызматтык жаңы дайындоолор башталды. Кыргызстандын тарыхында мурдагы президенттердин команда топтоо салты кандай болгон, Жээнбеков бул жагынан мурдагы башкаруучулардан канчалык же кай жагынан айырмаланышы мүмкүн?

Жердештерин кызматка алып келүүдө деген сөздөр

Эрнис Толтоев отуз бир жашта, Ош МУнун Электроника жана микроэлектроника адистигин аяктаган. 2012-2013-жылдары Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган учурда анын жардамчысы болуп иштеген. Кийин Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда да жардамчысы болгон.

Элүү жети жаштагы Муратбек Шайымкулов Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1983-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктаган, кийин АКШнын Вашингтон шаарында билим алган. Президент Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда анын кеңешчиси катары иштеген. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматын аркалаганда, анын кеңешчиси болуп келди.

“Президент Жээнбеков өзүнүн инаугурациясында жердешчиликке, уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршы экенин баса белгилеп айткан эле. Бирок жаңы кызматка киришкендер өлкө башчысы менен бир региондон экен деп социалдык тармактарда кызуу талкуулар жүрүүдө. Бул талкуулар башка тема, бирок Жээнбеков өзүнүн алгачкы кадамдарын туура жасашы керек. Анткени бул кийинки ишине сөзсүз таасирин тийгизет”,- дейт мурдагы аскер прокурору, саясат талдоочу Кубатбек Кожоналиев.

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Жээнбеков өз алдынча болууга көбүрөөк умтулабы деген суроонун талкуусу кызык болуп турат

Мурдагы президенттердин командасы

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаеваны эске албаганда, башка өлкө башчылардын тегерегинде мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга, кадр саясатына таасир эткен же кийлигишкен фигуралар болуп келгени жашыруун эмес. Тунгуч президент Аскар Акаев өзүнүн командасына Чыңгыз Айтматов, Осмонакун Ибраимов, Курманбек Осмонов, Ишенбай Абдыразаков сыяктуу көптөгөн илимпоздорду же интеллектуалдуу чөйрөнүн адамдарын алып келген. Бирок Акаевдин балдары жана жубайы мамлекетти башкарууга мыйзамсыз кийлигишип, “Кеминизм” орноду деген нааразылыктар айтылганы коомчулуктун эсинде. Ал мезгилде кеминдиктердин жана таластыктардын тагдыр ташы өйдө кулап турган деп эскерип жүрүшөт.

Дал ушундай кырдаал 2005-жылдагы “Жоогазын революциясы” деген ат менен белгилүү болгон март окуяларынын жаралышына алып келип, ошол жылы үй-бүлөлүк башкарууну жок кылабыз деген ураан менен Курманбек Бакиев бийликке келди. Бирок бул президенттин командасына да өзүнүн үй-бүлөсү жана бир туугандарынан, ошондой эле түштүк элитасынан көбүрөөк адамдар чогулганын саясий талдоочулар айтып жүрүшөт. Жакында эле президенттик кызматын өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевдин командасында бир туугандары менен үй-бүлөсү болбогону менен, анын ишенимдүү адамдары көмүскөдө туруп, башкарууга таасир эткен деген пикирлер бар. Кыргыз башкаруучуларынын өзүнүн команда топтоо салты чет элдик алдыңкы тажрыйбадан артта калган дейт Кубатбек Кожоналиев:

Image caption Кыргызстанда команда топтоо салты чет элдик алдыңкы тажрыйбадан артта калган дейт Кубатбек Кожоналиев

“Өнүккөн өлкөлөрдүн практикасын алганда, жетекчи болуп келген киши өзүнүн командасын бийликке ала келет. Мисалы АКШ президенти Дональд Трамп кызматына келгенге чейин эле анын командасы кайсы кызматка келээри белгилүү болчу. Европада деле ошондой, эгерде парламенттик системадагы өлкө болсо анда өзүнүн партиялаштарына негизги кызмат орундары берилет. Ал эми постсоветтик өлкөлөрдө көрүнүш башкача, буларда жетекчинин ишенген адамдары гана бийликке келет. Анын профессионал, тажрыйбалуу экени экинчи планда калат. Эң негизгиси жетекчинин ишениминен чыкпаган, анын бийлигин бекемдеген адамга артыкчылык берилет”.

Сүрөттүн автордук укугу TOLKUN TURDUBAEV
Image caption “Жоогазын революциясы” деген ат менен белгилүү болгон март окуялары, 24.03.2005

Жээнбековдун командасына кимдер келиши мүмкүн?

Советтик Кыргызстандын коммунисттеринин лидери Турдакун Усубалиев өзүнүн командасына эң оболу жетекчиге берилгендик менен иштегендерди, андан кийин жердештерин, андан кийин анан кесипкөйлүгүнө карап алган деген пикир көп айтылып жүрөт. Ал эми жаңы президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн командасына кимдерди кандай сапаттарына карап тандап алышы мүмкүн? Убактылуу өкмөттүн аппаратын башкарган, саясатчы Эмилбек Каптагаев:

“Кимди алып келет, кайсыл жерге отургузат, ал маселе президент ишке ашырам деген саясий максаттардан көз каранды. Жээнбековдун президент болушуна жардам берген, аны колдогон, сүрөөнчү болгон команданын бир тобу албетте жакынкы мезгилде кызмат алып, Жээнбеков менен иштешет. Бул табийгый көрүнүш, келе калып эле баарын алмаштыруу мүмкүн эмес. Эң негизгиси президенттин жакындары, үй-бүлөсү өз кызыкчылыгын мамлекеттик аппаратты колдонуп ишке ашырбашы керек”.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири. Атамбаев менен Жээнбеков 1995-жылдан бери саясий майданда бирге болуп келатышат. Жээнбеков өзүнүн президенттик өнөктүгүндө Атамбаевдин саясий жолун уланта турганын айтып келди. Ушундан улам, жаңы президент өзүнүн кадр саясатында Атамбаевдин таасири алдында кала береби же өз алдынча болууга көбүрөөк умтулабы деген суроонун талкуусу кызык болуп турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар