Балдарды тооруган ВИЧ

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстанда жыл сайын ВИЧ позитивдүү аялдардан жүзгө жакын бала төрөлөт

Соңку жылдары өлкөдө ВИЧ-инфекциясы бар ымыркайлардын саны өстү. Адистер ВИЧ-инфекциясы мурда маңзат колдонгондор чөйрөсүндө көбүрөөк жайылса, эми жыныстык жол аркылуу кенен тарап, жалпы калкка өткөнүн билдиришүүдө.

Кыргызстанда ушул жылдын башында ВИЧ илдеттүү балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 589дү түзгөн. Алардын ичинен 417си бүгүнкү күнү антиретровирустук дарылануудан өтүп жатышат.

Мындан тышкары жыл сайын ВИЧ позитивдүү аялдардан жүзгө жакын бала төрөлөт.

Бирок медициналык мекемелерде эмчек эмген ымыркайларга ВИЧтин жугуусун болтурбоо боюнча көрүлгөн чаралар аркылуу балдар ВИЧтен эркин төрөлүп жатышат.

Талаптагыдай дарылоо болбосо жана психологиялык жардам берилбесе, ВИЧ менен жашаган өспүрүмдөр жана балдардын организминде вирус андан ары жайылат деген тобокелдик жаралат.

ВИЧ илдеттүү балагы талаптагыдай даарылоо зарыл Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ВИЧ илдеттүү балагы талаптагыдай даарылоо зарыл

Жакында эле Республикалык "СПИД" борбору жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кандын кургак тамчысын колдонуу менен ымыркайларда ВИЧти эрте мөөнөттө аныктоону Ош облустук "СПИД" борборунда жайылтуу боюнча иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды.

ВИЧти ымыркайларда эрте аныктоо ыкмасын жайылтуу жыйынтыгы менен тааныштыруу Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ВИЧти ымыркайларда эрте аныктоо ыкмасын жайылтуу жыйынтыгы менен тааныштыруу

Кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап методикасы бул илдетке чалдыккан баланы аныктап, дарылоону мүмкүн болушунча тез убакытта баштоого жардам берет.

"Муну менен ымыркайларга ден соолугун жана өмүрүн жакшыртууга мүмкүндүк берилүүдө. Алты апталык ымыркайларды тестирлөө жана жарык дүйнөгө келгенден кийинки 12-аптада дарылай баштоо ВИЧ/СПИДден чарчап калган балдардын санын 75% азайтууга жол берет" -деди ЮНИСЕФтин басма сөз кызматынын өкүлү Тынымгүл Эшиева.

Ымыркайдан ВИЧке кан алуу Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ымыркайдан ВИЧке кан алуу

2013-жылы программа башталганга чейин өлкөдө ВИЧ илдеттүү энелерден төрөлгөн балдарда дартты эрте мөөнөттө аныктоодо кыйынчылыктар болуп келген. Өзгөчө Кыргызстандын алыскы райондорунда төрөлгөн балдардын ынак канынын үлгүсүн өз убагында транспорт менен жеткирүүдө бир топ кыйынчылыктар болгон.

Буга чейин элетте жашаган балдарды ВИЧке текшерүү кыйын болуп келген Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Буга чейин элетте жашаган балдарды ВИЧке текшерүү кыйын болуп келген

Кургак каппилярдык кандын методикасын колдонуу менен ВИЧти эрте аныктоону жайылтуу бул көйгөйдү чечип, маанилүү диагностикалык жана дарылоо процедураларына тең жеткиликтүүлүктү камсыздады. Себеби мындай кургак канды алып, лабораторияга жеткирүү өтө жеңил.

Кыргыз кыз-келиндерде ВИЧ тууралуу маалымат аз Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргыз кыз-келиндерде ВИЧ тууралуу маалымат аз

Изилдөөлөргө ылайык, 15-24 жаштагы кыргыз кыз-келиндеринин 19,8 пайызында гана ВИЧ тууралуу ар тараптуу билими бар.

Алар ВИЧтин жыныстык жол менен жугуусун болтурбоо ыкмаларын жана ВИЧ жуккан жолдор тууралуу негизги жаңылыш түшүнүктөрдү билишет.