Т. Жапаров: Абактан адам оңолбосун анализдер да көрсөттү

Кыргызстанда абакта жаткан аб бир кишинин тамагына күнүнө 60 сомдон 130 сомго чейин сарпталат
Image caption Кыргызстанда абакта жаткан аб бир кишинин тамагына күнүнө 60 сомдон 130 сомго чейин сарпталат

Кыргызстанда кылмышкер деп табылган адамдардын саны азайбай келет. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жаңы стратегия иштеп чыгып, ага ылайык кесепети тийбеген жана майда кылмыштарды башка чаралар аркылуу түрмөдөн сырт жазалоо зарылдыгын билдирди.

Түрмөгө камоо менен кылмышкердин санын азайтуу мүмкүн эместигин айткан мекеме бул баардык жагынан мамлекетти артка тартып жатканын жүйөө келтирди.

Эл аралык эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда ар бир 100 миң кишинин ичинен 180 адам кылмышкер болуп чыгат. Ал эми Швецияда 100 миң адамга 50 киши туура келет. Жаза аткаруу кызматы Швециянын мисалын соттор альтернативдүү чараларды колдонгондугу деп түшүндүрүүдө.

Ансыз да кармоо шарттары оор, атайын талаптарга жооп бербеген түрмөлөрдө адамдын оңолуу жолуна түшүшү миңден бир учур экенин адистер да жашырбайт. Тескерисинче адам кылмышкер деп камалгандан тарта, эркинен ажыраган адам эле эмес, бүтүндөй мамлекет каржылык, социалдык көйгөйлөргө батып жатканын айтышууда. Кыргызстанда соттор басымдуу учурда эң катаал чараларды кабыл алып жатат дегендер да жок эмес.

Сүрөттүн автордук укугу ALEXANDER DEMIANCHUK.tass
Image caption "Соттор дайыма камоо чарасын кабыл алып жатат. Дүйнөлүк стандарт боюнча күрөөгө чыгаруу, үй камагына алуу сыяктуу баш коргоо чарасынын башка түрлөрү да бар",- дейт Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

"Соттор дайыма камоо чарасын кабыл алып жатат. Дүйнөлүк стандарт боюнча күрөөгө чыгаруу, үй камагына алуу сыяктуу баш коргоо чарасынын башка түрлөрү да бар. Ошого карабай биздин мисалда 95 пайызда камакка алуу колдонулат. Бул камакка алынган адамдын психологиялык абалына оор сокку берип, үй-бүлөсүнөн, коомдон ажыратат. Ачык айта турган жагдай, абак жазасынын кабыл алынышы милициядан баштап башка күч түзүмүнүн кызматкерлерине адамга үстөмдүк көрсөтүп пайда табууга жол ачып берет. Соттор көпчүлүк учурда качып кетет деген жүйөөнү айтышат. Бирок ошол эле учурда экономикалык кылмыштар боюнча алсак, ийгиликтүү фирмасы, банк эсебинде каражаты бар адамдарды деле камап койгон мисалдар бар. Бул ал адамдардын укугунун бузулушу менен эле чектелип калбайт. Бул мамлекттин өзүнө да чоң чыгым алып келип, зыянын тийгизет",- дейт Акыйкатчы Кубат Оторбаев.

Жаза аткаруу кызматы өздөрү башында туруп иштеп чыккан жаңы стратегия жакшы жыйынтыгын берет деген үмүттө турушат.

"Адамды эркиндигинен ажыратып жатканда айрым чаралардын катаал экенин сот системасындагылар өздөрү да билет. Ал тургай жаңы иштелип чыккан стратегияга алар да сунуштарын берип, кантип чараларды жумшартсак, камоолорду кантип азайтсак деген сунуштары болгон. Анализдер, тажрыйба көрсөтүп жатат. Адамды камап коюп эле аны оңдойм деген туура эмес экенин убакыт да көрсөттү. Чындап зыяны тийбеген шартта аларды коомдук ишке жумшоо, айыпка жыгуу керектигин түшүнүп жатабыз",- дейт Жазаларды аткаруу мамлекттик кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаров.

Сүрөттүн автордук укугу Amnesty international
Image caption Жаза аткаруу мекемесинин берген маалыматына караганда, учурда жабык абактарда отургандардын саны он миңдей, ал эми шартуу кесилгендердин саны беш миңге жакын

Кыргызстанда абакта жаткан ар бир кишинин тамагына күнүнө 60 сомдон 130 сомго чейин сарпталат. Мындан сырткары дагы бир топ керек-жаракка да каражат керек. Сот чечимине ылайык камалган адам чындап коркунучтуу чөйрөгө кабылып, терс өзгөрүүлөргө мажбур болуп калаарын айткан мекеменин басма сөз кызматкери Элеонора Шаршеналиева түрмө эң коркунчтуу деген кылмышкерлер үчүн болсо деген ниетте:

"Жол кырсыгына кокусунан кабылган адамды деле сот эркинен ажыратса, алып барып камап жатабыз. Ал кылмыш чөйрөсүнөн алыс дарыгер же мугалим болсо дагы, түрмөгө чыныгы кылмышкерлердин арасына барып жылдап жашаганга мажбур. Ал айласы жогунан кылмышкер болуп чыга келет да. Экинчи жагынан ал жакта күчкө толуп турган эркектер да олтурат. Аларды ал жакта иш жогунан элдин салыгынын эсебинен багып жатабыз. Тескерисинче оор кылмыш кылгандарын камап эле тим болбой мамлекеттин жумуштарына пайдаланса болмок".

Жаза аткаруу мекемесинин берген маалыматына караганда, учурда жабык абактарда отургандардын саны он миңдей, ал эми шартуу кесилгендердин саны беш миңге жакын. Жашы жете электердин түзөтүү колонияларында элүүдөй өспүрүм бар. Адистер мындан он жыл мурун абактагы шарттардын начардыгынан жана башка себептерден ал жакта өлүм-житим да абдан көп болгонун эскеришет. Акыйкатчы институту абак жайларында оңдоп-түзөй турган маселелер дагы деле көп экенин билдирип келет.

Тема боюнча башка макалалар