ТИМ: Мигранттар көбөйдү, көйгөй азайды

Казакстан октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн
Image caption Казакстан октябрда Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн

Казакстандагы кыргыз жарандарына байланыштуу маселе бүгүн Тышкы иштер министрлигинде да козголду. Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине октябрь айында берген маалыматына караганда, 242 кыргызстандык мигрант өлкөдөн чыгарылган.

Алар күч менен депортация болгон жок, ар бирине эрежени бузганы тууралуу түшүндүрмө кагаздар берилди дейт Консулдук кызмат департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Имангазиев:

“Казакстан тарап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөндөн бери ал өлкөдөгү биздин элчилик жана консулдук жарандардын укуктук абалына кылдаттык менен байкоо жүргүзүп турду. Массалык түрдө кармоолор, камоо же депортация ушул күнгө чейин болгон жок. Пландалган рейддер жүрүп, анда миграциялык мыйзам бузулганы тууралуу 785 учур катталып, анын ичинен тилекке каршы 242 кыргызстандык өлкөдөн чыгарылгын. Алардын колдоруна протоколдор берилди. Эгерде ага каршы болсо, укугун коргогон органдарга кайрылса болот”.

Image caption Консулдук кызмат департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Имангазиев

Казакстан октябрь айынын башында Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөтүп, мындан улам жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болгон, миңдеген адамдар казак тарапка өтүүдө кыйналып жатканын айтып, нааразылыктарын билдирген. Ошол эле учурда казак базарларында соода кылган кыргызстандыктар иш солгундап, текшерүү күчөтүлгөнүн айтышкан болчу.

Бүгүн Тышкы иштер министрлиги 2017-жылдын он айында ЕАЭБне мүчө өлкөлөргө, өзгөчө Орусияга агылган кыргызстандыктар көбөйгөнүн билдирди. Кара тизмедеги кыргыз жарандарынын саны өткөн жылдын ноябрында 118 миң болсо, быйылкы жылдын ноябрында 83 миңге азайган. Бул ЕАЭБ аймагында жүрүү жана ишке орношуу кыйла жеңилдеп калганын көрсөтөт дейтт Би-Би-Сиге Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси Алмаз Букалаев.

“Биримдикке мүчө болгонго чейин жумушка орношуу тууралуу уруксат кагаз, патент жана башка кагаздар талап кылынган. Азыр булар жоюлган. Буга кошумча кыргыз мигранттарына социалдык жардам берүү, эмгек өргүү шарттары каралат. Бул жакшы жетишкендик.

Image caption Тышкы иштер министрлигиндеги жыйын

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү жакында эле парламентте сүйлөгөн сөзүндө, кыргыз өкмөтү мигранттардын укугун коргоо үчүн келерки жылга 27 млн. сом бөлүп жатканын айтты. Бирок парламенттин айрым депутаттары мигранттардын укугу деле жетиштүү корголбой жатат деген пикирде.

“Айрым кесиптештер менен бирге Орусияга барып, эмгек мигранттарына жолугуп келдик. Алар аябай көп көйгөй бар экенин айтышты. Мисалы, бир мигрант пенсияга чыгуу үчүн Кыргызстанга кат жиберсе, биздикилер үч жылдап жооп бербей жүрөт экен. Экинчи маселе, ата-энеси Орусияда жүрсө, баласына бул жактан паспорт берилбейт экен. Алар өзүбүздүн жарандар да. Мындан сырткары, Орусиядан мектепти аяктап, бирдиктүү экзамен тапшырган мигранттардын балдарын биздин ЖОЖдор кабыл албайт экен”,-деди депутат Каныбек Иманалиев.

ТИМнин маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Орусияда 630 миң, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5,5 миң, Кореяда 5 миң, Германияда 5 миң, БАЭ 3 миң, Улуу Британияда 2 миң.

Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашык экени айтылып келет.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушу мигранттарга түздөн-түз байланган. Мигранттардын укугу тебеленип, ден-соолугу жабыркап, керек учурда өмүрү кыйылып табылган каражаттар менен миңдеген бүлөөлөр тирчилигин кылдыратып келатат. (ErA)