Чала молдолор кайдан чыгып жатат?

кыргыз мусулмандар

Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиясы менен Булан институту кыргыз жарандарынын диний билим алуу шарттары жана проблемалары жөнүндө изилдөөсүн жарыялады.

Изилдөөдө кыргыз жарандары окуган өлкөдөгү жана чет элдеги диний окуу жайлар жана алардын өзгөчөлүктөрү, андагы окуу тенденциялары талдоого алынган.

Жылдан-жылга медреседе окугандар көбөйүүдө

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, 2013-жылы медреселердин саны 67ге, ислам жогорку окуу жайлары он бирге жетип, аларда билим алып жаткандардын саны 4565 адамды түзгөн.

Ал эми 2017-жылы февраль айында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы медреселерде окуган балдардын саны 6 миң болгонун билдирген.

Кыргызстанда учурда ислам багытындагы 112 диний окуу жай мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Алар Кыргызстан Ислам университети (мурунку Азирети Умар атындагы Ислам университети), Расул Акрам университети, Азирети Осмон Ислам институту, Нур аль-Ислам институту, Абдулла ибн Масуд медресеси, Мааткабыл уулу Шаршенбай медресеси ж.б.

Андан сырткары Түркия мамлекетинин Диянет иштери башкармалыгы тарабынан каржыланган теологиялык окуу жайлар да ачылды жана алардын өзгөчөлүгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилгенинде. Анын ичинде медреселердин саны - 102, бирок чындап иштеп атканы - 78 медресе.

Медреселер Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын көзөмөлүндө жана окуу программасын муфтияттагы Аалымдар кеңеши бекитип берет. 2017-жылы июль айында Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп, Кыргызстан Ислам университети мамлекеттен лицензия алды.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Медреселердин эң чаканында 20га чукул бала окуса, эң чоң дегенинде 200дөн ашпаган бала окуйт.

Медреселердин эки түрү

Кыргызстандагы медреселердин бардыгы менчик колдо жана жеке финансылык булактардан каржыланышат.

Булан институтунун иликтөөсү медреселердин эки түрү болорун көрсөттү. Биринчиси - Муфтият менен тыгыз иштеген, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн, өзүнчө имараты бар жана балдарды окутууга шарттары дурус медреселер.

Экинчи түрү - негизинен мечиттерде ачылган хужра тибиндеги медреселер. Мындай медреселерде окууга ылайыкталган шарттар түзүлгөн эмес. Алар мечитке түшкөн садакадан жана башка кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен иштейт. Мындайлардын көбүнүн каттоосу жок, өз билгениндей ачып алып, 15-20 баланы окутуп жатышат.

Айрым медреселерде китепкана, компьютердик класстар ачылса, кээ бирлеринде, жада калса, отуруп окуганга стол жок, жерге төшөлгөн килемчеге тизелеп отуруп окушат.

Медреселерде сабаттуу жана жогорку билимдүү окутуучуларга муктаждык чоң. Кыргызстандагы медреселерде жана башка диний окуу жайларда сабак берген диний аалымдар менен имамдардын 20% гана базалык диний билими бар экени расмий тастыкталган.

Динаятчылар кайдан окушкан?

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Чубак ажы Жалилов Сауд Арабстанда, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов Египетте, муфтий Максат ажы Пакистанда билим алган.

Кыргыз жарандары учурда Пакистан, Египет, Иордания, Түркия, Сауд Арабиясындагы окуу жайлардан диний билим алып келишүүдө.

Египеттеги окуу жайлар, айрыкча Аль-Азхар университети диний аалымдар арасында эң кадырлуу. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Ислам университетинин мурдагы ректору Марс Ибраев да Египетте окуган.

Ал эми Түркиядагы окуу жайлар толеранттуу жана светтик билим менен айкалышкандыгы менен жогору бааланат. Бул өлкөдө билим алгандар көбүнчө 1993-жылдан бери ырасмий түзүлүп келген келишимдин негизинде теология факультеттеринде окуп келишкен.

Талдоочулардын айтымында, Иорданияда дагы диний билим берүүнүн сапаты жогору бааланат. Белгилүү теолог Кадыр Маликов Иорданияда ислам илимий негизде терең окутуларын баса белгилейт.

Сауд Арабияда билим алып жаткан кыргызстандыктар да арбын, бирок кооптондурчу жагдай бар, себеби ал жакта салафизм агымына басым жасалат. Ошого карабастан акыркы жылдары Саудияга кызыгуу күчөдү. Мисалы, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов Сауд Арабияда билим алган.

Пакистанга 2014-жылга чейин көбүрөк жарандар барып окуган. Пакистан бийлиги медреселерди реформалоо үчүн чет элдик студенттерге чектөө киргизгенден кийин кыргыз студенттердин саны кескин кыскарган. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар кеңешинин бир нече мүчөсү да Пакистандан билим алышкан.

Жакынкы Чыгышта согуш аракеттери башталганга чейин Сирияда, Ливанда да билим алгандар болгон. Учурда Бангладеш жана Индияга 3-4 айлык диний курстарга барып-келип жаткан жарандар бар.

2016-2017- окуу жылында, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 322 кыргыз жараны чет өлкөлөрдө диний окуу жайларда окуп жатышат. Сауд Араб падышалыгында 127, Түркияда 87, Египетте 26, Иорданияда 25, Орусияда 24, Пакистанда 9 жана Кувейтте 6 студент окуп жатат. Бул расмий сандар, өз алдынча барып окуп жаткандарды эске алганда, тышта диний билим алып жаткандар мындан көп болушу мүмкүн.

Кандай чектөөлөр коюлат?

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Каирдеги Аль-Асхар университети

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жарандардын чет өлкөлөрдө диний окуу жайларда окуусун тартипке келтирүү максатында "Кыргыз Республикасында Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамына айрым толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоору парламентте эки комитеттин кароосунан өткөн, эми парламентке сессияга алынып чыгылат.

Андан сырткары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы чет өлкөлөргө диний билим алууну каалаган жарандарга сунуштала турган окуу жайлардын тизмесин түзүп чыкты. Эми бул тизмени Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана башка тиешелүү мекемелер менен чогуу бекитүүнү максат кылууда.

Бул окуу жайлар менен келишим түзүп, окууга кетип аткан жаран бардык документтери менен келип, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын базасына катталышы керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдөн диний билим алуудан мурда сөзсүз түрдө Кыргызстандан орто билим жана орто диний билим алышы керек.

Ислам университетинин мурдагы ректору Марс Ибраев Булан институтуна берген интервьюсунда чет өлкөдөн диний билим алууну көздөгөндөр адегенде сөзсүз түрдө Кыргызстандан базалык билим алышы зарыл деп белгиледи.

"Чет өлкөдөгү ар кандай медреселердин бүтүрүүчүлөрү бул окуу жайдын тигил же бул формадагы белгилүү идеологиясын тутунат. Бул жакка кайтып келгенден кийин алар ошол идеологияны тарата башташат. Эгер биз өлкөбүздүн келечегин ойлосок, анда балдарыбызды кайсы жакка жиберип жатканыбызды да ойлоно жүрүшүбүз керек",- деген Марс Ибраев.

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия биргеликте түзгөн чет элдик он окуу жайдын тизмеси

  • Аль Фараби Казакстан улуттук университети ;
  • Казакстан жана Египеттин «Нур» ислам университети;
  • Имам Бухари атындагы Ислам институту;
  • Имам Азъама-Абуханифа Нуъмона ибн Собит атындагы Тажикстан ислам институту;
  • Россия ислам институту; 6. Казань ислам институту;
  • Москва ислам институту;
  • Теология факультеттери бар Түркия мамлекеттик университеттеринин баары;
  • Малайзиядагы эл аралык Ислам университети;
  • Египеттеги Аль-Азхар университети

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар