Шадиев - Өлкөдөгү биринчи депутат-чиновник

Аскарбек Шадиев Сүрөттүн автордук укугу Official

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи вице-премьер-министрлик кызматка парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков буга чейин Шадиевдин талапкерлиги Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелерге ылайык көрсөтүлүп жатканын айткан.

Баш мыйзамдын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, анын депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

Аскарбек Шадиев буга чейин парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин да жетектеп келгени белгилүү.

"Аскар Шадиев алгачкы болуп биринчи вице-премьер-министр ошол эле учурда депутаттык мандатын сактап калат. Бирок комитеттердин жумушуна катыша албайт. Ошондой эле комитеттердеги мүчөлүгү да алынат. Анын парламентте депутат катары гана укугу бар",- деди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

Кыргыз саясий системада буга чейин бир эле адам бир учурда мыйзам чыгаруу да, аткаруу да бийлигинде болуп көрбөгөндүктөн, Аскарбек Шадиев айлык акыны биринчи вице-премьер-министр катары алабы же депутат катары алабы деген суроо жаралууда.

Шадиев маянаны вице-премьер же депутат катары алабы?

"Депутаттын макамы тууралуу мыйзамга жана регламентке байланыштуу депутат болгондон кийин Жогорку Кеңештен маяна алышы керек. Бирок бул дайындоо жаңы Конституциялык өзгөртүүгө байланыштуу болуп жатат да, андыктан азырынча бул тууралуу так мыйзам жазыла элек", -деп кошумчалады Ибраим Нуракун уулу.

Анын айтымында учурда депутаттык макам тууралуу айрым бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин такталат.

Алдын ала маалыматтар боюнча Аскарбек Шадиев өкмөт мүчөсү катары гана маяна алышы ыктымал.

48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон.

Энергетика министри болуп турган кезде Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүрдүн радиациялык фону чектен ашканы үчүн айыпталып, кийин акталган.

"Башмыйзамдагы 72-берене талаштуу"

Аскарбек Шадиевдин дайындалышына чейин эле Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелери боюнча комментарий берип жатып Жогорку Кеңеш депутаты Алтынай Өмүрбекова 72-берененин саясий системада конфликтке алып келе турган мүнөзү бар экенин белгилеген.

" Мен ойлойм бул туура эмес. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер аткаруу бийлигинин өкүлдөрү. А депутат - мыйзам чыгаруучу. Булар эки башка бутак да. Эми элестетип көрөлү, премьер-министр же орун басары экөө тең депутат болсо бул конфликтке алып келе турган норма. Себеби бири-бирине баш ийбей, менде да мандат бар деп чыгат. Бюджет же башка маселе карала турган болсо алар өзүнө-өзү добуш береби?", - деген эле Би-Би-Сиге ал.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Алтынай Өмүрбекова, парламент депутаты

Жогорку Кеңеште бүгүн Аскарбек Шадиевдин дайындалышынан тышкары дагы бир кадрдык өзгөрүү болду. Алтынай Өмүрбекова кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканы тууралуу арызын парламенттин бүгүнкү жыйынында окуп берди.

Өмүрбекова президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясынын мүчөсү. Вице-спикерликке 1,5 жыл мурда шайланган.

Мамлекеттик башкаруудагы экспериментпи?

2010-жылы кабыл алынган Конституцияга өткөн жылкы референдумда 29 өзгөртүү киргизилген. Беш беренеден башкасы мурда иштей баштаган.

1-декабрдан тарта Башмыйзамдын бийлик бутактарына байланыштуу, маанилүү делген өзгөртүүлөрү күчүнө кирди.

Талдоочулар референдум аркылуу киргизилген бул толуктоолорду мамлекеттик башкаруунун кезектеги эксперимент катары да баалап жатышат.

Саясий укуктук процесс эми кайсы нукка оору да көп суроо жаратууда.

Image caption Даниэль Кадырбеков, серепчи

"Бул саясий система азырынча авторитаризм тарабына эле кетип жатат. Расмий түрдө Конституцияда кандай укмуш жоболорду жазбайлы, бийликтин чечим кабыл ала турган борбору бир ууч адамдардын колунда болгон үчүн кайра эле институттардын барын баш ийдирип алганга толук мүмкүнчүлүк бар", -деди ,- деди Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков.

Эгемен Кыргызстан тарыхында эки жолу ыңкылап орун алып, 2010-жылы референдум аркылуу парламенттик башкарууну караган Башмыйзам кабыл алынып, аны өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мараторий киргизилгени менен былтыр Конституция дагы бир жолу өзгөртүлүп, толукталды.