Программист кыз-келиндердин аздыгына эмне себеп?

Мисалы тил билгеним үчүн мен эч качан бири-бирибизди көрбөгөн Америкалык компания менен үйдө олтуруп эле тыгыз кызматташам",- дейт программист Чолпон Абдыжапорова. Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Мисалы тил билгеним үчүн мен эч качан бири-бирибизди көрбөгөн Америкалык компания менен үйдө олтуруп эле тыгыз кызматташам",- дейт программист Чолпон Абдыжапорова.

4-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкекте программист кесибинин келечеги, артыкчылыктары жана усулдарын түшүндүрүүгө арналган "Код сааты" аталышындагы атайын сабактар өткөрүлүүдө.

Дүйнөдө бул долбоорду жайылтууга Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс сыяктуу инсандар да катышып жатат. Жалпысынан 460 млн. ашык киши катышкан бул глобалдуу кыймылга Кыргызстан дагы акыркы үч жылдан бери катышууда.

Кыргыз өкмөтү "Таза коом" программасынын алкагында баардык тармактар электрондоштуруларын убада кылган. Мындан улам программисттердин да зарылдыгы артып жатканы бир нече жолу айтылган.

Кыргызстанда программисттердин жетишсиздиги, өзгөчө алардын арасында кыз-келиндердин саны абдан аз экендиги белгилүү.

"Бул тармакта кыздардын аз болуп жатканын эң башкы себеби кыздар арасында тиешелүү маалыматтын жетишсиздиги менен байланыштуу. Алар эмне кылат, кандай жумуштар бар экенин түшүндүрүп атайын мастер кластарды өткөрүү керек. Ал аркылуу адамдар бул ишти ар ким эле кыла алаарын жана татаал эместигин түшүнүшөт. Чындап эле эч кандай татаалдыгы жок. Бул эркектердин жумушу деген көз караш туура эмес. Бул абдан кирешелүү тармак. Мисалы тил билгеним үчүн мен эч качан бири-бирибизди көрбөгөн Америкалык компания менен үйдө олтуруп эле тыгыз кызматташам",- дейт программист Чолпон Абдыжапорова.

Бирок санынын аздыгына карабай кыргызстандык бир нече программисттер "Google" же "Apple" сыяктуу абройлуу дүйнөлүк компанияларда да иштеп келишет.

Кыз-келиндердин бул тармакта саны аз болуп жатышын алардын кызыгуу жана жөндөмдөрү менен да байланыштыргандар бар.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Кыргызстандык белгилүү ишкерлердин бири мындан 2-3 жыл мурун бизнес боюнча иири долбор баштаганын, бирок ал програмисттердин айынан өз мөнөтүнөн кыйла кечигип жатканын да жазып чыкты.

"Сегизинчи классмыдан тарта эле программалоо боюнча олимпиадаларга катышып, кызыгуумдан улам кийин улантып кеттим. Жогорку окуу жайга тапшырганымда бул тармакты тандаган кыздардын аз экенин дагы бир жолу байкадым. Мисалы группабызда жети кыз, жыйырма бир бала билим алчу. Кийин ал кыздардын экөө гана ушул тармакта иштеп калдык. Эмнегедир кыздар физика, математика сыяктуу так илимдерге азыраак кызыккандай",- дейт программист Айжан Таалай кызы.

Бул адисттикти окуп, бирок андан четтеп кеткендер менен катар эле, башка кесипти окуп кийин программист кесибине кызыккандар да жок эмес. Алар бул тармакка шыгы бар кыздарды өздөрүн дагы бир жолу сынап көрүүсүн сунуш кылышат.

"Бул тармакты билбей туруп келгендиктен башында кыйын эле болду. Бирок мага ошонусу менен кызык. Тереңдеп кире берип, түн катып же канча убакыт окуп койгонуңду байкабай да каласың. Менин биринчи алган жогорку билимим такыр башка багытта. Бирок мен кызыгып бул тармак боюнча айына миң доллардан төлөп атайын курста окуп жатам. Бизде программист десе көбү компьютер оңдой турган жумушчулар деп ойлойт. Ушунун өзү эле көп нерседен кабар берет. Андыктан туура маалымат жайылтуу керек",- дейт программист болгусу келген Сайкал Дүйшөмбиева.

Сайкал кымбат акча төлөгөнүнө карабай, келечекте бул ишине суроо-талап жогору болот деген ишенимде.

Кыргызтандагы жогорку окуу жайлардын көбүндө программист кесибине жүздөгөндөр тапшырып келе жатат.

Бирок ушул күндөрү эле кыргызстандык белгилүү ишкерлердин бири мындан 2-3 жыл мурун бизнес боюнча иири долбор баштаганын, бирок ал программисттердин айынан өз мөнөтүнөн кыйла кечигип жатканын да жазып чыкты. Ал өлкө дасыккан, мыкты програмисттерге муктаж экенин да кошумчалаган

Тема боюнча башка макалалар