Борбор Азия бирдиктүү базар боло алабы?

Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан инвестициялык ири форумга миңге жакын бизнес чөйрөнүн адамдары чогулду Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан инвестициялык ири форумга миңге жакын бизнес чөйрөнүн адамдары чогулду

Бишкекте ишкер менен инвесторду жолуктурган инвестициялык ири форум өтүүдө. Ага жергиликтүү ишкерлерден тышкары Германия, Индия, Өзбекстан, Сингапур, Тажикстан жана Түркиянын бизнес өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында ишкерлер үчүн атайын тренингдер уюштурулуп, Кыргызстанга түз инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода-инвестициялык кызматташтыгынын келечегине өзгөчө басым жасалууда.

Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан инвестициялык ири форумга миңге жакын бизнес адамдары чогулду. Алар ишкер чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулап, бизнесте кызматташта турган өнөктөштөрдү издеп келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ийгиликтүү жана келечектүү деп тандалып алынган он беш долбоор инвесторлорго сунушталды. Бул долбоорлордун ичинде айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспортко багытталган товарларды өндүрүү, кызмат көрсөтүү, курулуш жана башка перспективдүү тармактар бар.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Жапар Усенов, “Suncore Capital” инвестициялык консалтинг компаниясы

Өткөн жылкы Бишкек инвестициялык форумунда Индия өнөктөш өлкө катары тандалып алынып, бул өлкөнүн инвесторлору менен кыргыз ишкерлери жолугушкан болсо, бүгүнкү өтүп жаткан форумда Борбор Азиядагы мамлекеттер менен соода алакаларды жандантууга өзгөчө басым жасалды.

"Борбор Азия өлкөлөрүндөгү көп ишкерди чакырдык. Себеби, бир жагынан алганда, Өзбекстан бизге жаңы базар катары ачылып жатат. Биз ошол мүмкүнчүлүктөрдү коё бербешибиз зарыл. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге өз бизнесине өзгөртүү киргизүү, альтернативдүү базарларды издөө боюнча кеңештерди берип жатабыз. Көпчүлүк спикерлер аң-сезимди өзгөртүп, Борбор Азияга, андан ары дүйнөгө ачылалы деп жатышат. Бул жакшы багыт",-деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, ЖИА бизнес бирикмесинин аткаруучу директору Фархад Пакыров.

Борбор Азия өлкөлөрүн бир чоң базарга айлантуу сунуштары соңку мезгилде ишкерлер эле эмес, мамлекет жетекчилери тарабынан да айтыла баштаган. Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самаркандда өткөн эл аралык конференцияда Борбор Азиянын регион башчыларынын жана бизнес коомчулуктун ассоциациясын түзүүнү сунуштап, чөлкөмдүн экономикалык потенциалын көтөрүү мүмкүндүгүн билдирди.

Талдоочулар Борбор Азия мамлекеттери экономикалык кызматташтыкты бекемдеп, жалпы аймакты бириктирген транспорттук каттамдарды ачса, жакынкы жылдарда бул чөлкөмдүн экономикалык потенциалы жаңы деңгээлге чыгат деп айтышат.

Теги кыргызстандык, соңку алты жылдан бери Казакстанда "Suncore Capital" инвестициялык консалтинг компанияны башкарып жаткан Жапар Усенов Бишкек инвестициялык форумунда борборазиялык бизнес палатаны түзүү сунушу менен чыкты. Анын себебин Усенов Би-Би-Сиге мындайча түшүндүрдү:

"Алты миллиондук Кыргызстан, он жети миллион эли бар Казакстан, 32 миллион калкы бар Өзбекстан өзүнүн потенциалдуу инвестициялык долбоорлору менен чет өлкөлүк ири компанияларга анчалык кызыктуу эмес. Эгер бул чөлкөм чет өлкөлүк инвесторлорго бирдиктүү базар катары кабылдана турган болсо, анда элүү миллиондон ашык рынокко көпчүлүк кызыкмак. Борборазиялык бизнес палата түзүлсө, ал жерге чөлкөмдөгү бизнес долбоорлор чогултулуп, инвесторлор убактысын жана каражатын үнөмдөп, түз эле ошол аянтчага келмек. Мындай аянтча бизге абдан керек жана өтө маанилүү".

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Бишкекте ишкер менен инвесторду жолуктурган инвестициялык ири форум өтүүдө

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө экспорт кылуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде ВСП+ программасына жалгыз мүчө болуп кирип, бажы жана салыктын айрым төлөмдөрүнөн бошотулган. Ошондой эле өлкөнүн ал жакта атаандаштык артыкчылык мүмкүнчүлүгү бар. Бул өз кезегинде башкалардын кыргызстандык ишкерлер менен биргеликте бизнес ачуу кызыкчылыктарын пайда кылып, андан ары ЕАЭБнин базарларына чыгуу жолдорун берет.

"Биздин чөлкөм чоң рынокко айлана алат. Бүгүнкү форумга келген пакистандык ишкер да муну далилдеп, биз Борбор Азияны бирдиктүү базар катары карайбыз деген сөздөрдү айтты. Өзбекстандык ишкерлер болсо аларда өндүрүш аябай өнүккөнүн, бирок ЕАЭБ, ошондой эле ВСП+ программасына мүчө эместигин айтышып, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну көздөп жатканын билдиришти. Биз мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек”,-деди Фархад Пакыров.

Октябрь, ноябрь айларында Казакстан Кыргызстан менен болгон чек ара бекеттеринде көзөмөлдү күчөткөндө, өлкө жетекчилери ЕАЭБден тышкары башка базарларды издеп баштаган. Чек арадан өтүү татаалдашканы эң оболу ишкерлерге чоң сокку болгонун алар бүгүнкү иш-чарада баса белгилеп айтып жатышты. Алар эми чек аралардан өтүү жеңилдеп, Борбор Азияны бириктирген ыңгайлуу жана арзан каттамдар ачылса, интеграция процесстери тездетилсе деп турушат.