"Түрмөнүн жакшысы болбойт"

Бишкектеги Евробиримдик өкүлчүлүгү алдында өткөн митинг. 2016-жыл, 14-апрель.
Image caption Бишкектеги Евробиримдик өкүлчүлүгү алдында өткөн митинг. 2016-жыл, 14-апрель.

Укук коргоочулар камактагы "Элдик парламент" мүчөлөрүнүн тиричилик шарты катаал экенин айтып, камтамачылык билдиришүүдө.

Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы камактагы беш киши оор берене менен кесилип, тийиштүү сот чечими чыкккандыгын жана ал чечимге ылайык жазалары өтөлүп жатканын жооп кылды.

"Элдик парламент" мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевдин туугандары абактагы оппозициячылар күнүнө бир жарым саат гана эшикке чыгарылып, калган убакта камерада кармалууда деп "Саясий туткундарды коргоо комитетине" даттанышкан.

"Алардын баары күчөтүлгөн режимдеги абакта кармалышууда. Ошондой күндө да алардын шарттары өтө катаал болуп жатат. Эгерде УКМКнын тергөө абагында ушундай шарт болсо, мейли эле, бирок жазасын өтөп жаткандарга мындай шарттар мыйзамсыз жана негизсиз деп ойлойм",-деди аталган комитеттин мүчөсү Зульфия Марат Би-Би-Сиге.

Анын айтымында абактагы башка оппозициячылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековго да алардын туугандары, үй-бүлөлөрү менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатат.

Бул себептүү "Саясий туткундарды коргоо комитети" Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго камактагылардын абалын текшерип чыгуу боюнча кайрылуу даярдоодо.

Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы "Элдик парламент" мүчөлөрүнө мыйзам чегинде шарттар түзүлгөнүн Би-Би-Сиге тактады.

"Оор беренелер менен соттолгондор камера тибиндеги шартта жазасын өтөшөт. Ал камераларда аянтына карап үч-төрттөн адам болушу мүмкүн. Бир күндө бир жолу сыртка чыгат, калган убактысы бүт камерада болот. Соттун чечими ошондой. Анан кандай гана шарт түзбө, түрмөнүн жакшысы болбойт", -деди Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Элеонора Сабатарова:Түрмөнүн жакшысы болбойт

13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Райондук сот аталган уюмдун жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга кескен, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калган.

"Элдик парламенттин" беш мүчөсүнө Кылмыш жана жаза кодексинин 295-беренеси - бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу айыбы коюлган.

Image caption "Элдик парламент" былтыр 12-майда Атамбаевдин токтоосуз отставкага кетишин талап кылган

Былтыр 14-майда көп балалуу апаларга "Баатыр эне" ордендерин ыйгаруу аземинде -экс-президент Алмазбек Атамбаев "Элдик парламент" мүчөлөрүнө токтолгон.

"Жетишет! Тажатышты. Мындан кийин өлкөдө кырдаалды курчуткусу келгендерге катаал чаралар көрулөт",- деген болчу анда мурунку өлкө башчысы.

Анын алдында интернетте "Элдик парламент" мүчөлөрүнө тийиштүу делген аудиожазуулар тарап, ал жерде 17-майда бийлик алмашары, бул үчүн сырттан күч тартылып жатканы жана аларда курал бар экени тууралуу сөздөр айтылган.

Президенттин ал созүнөн көп өтпөй, беш киши кармалып, алардын биринчи жана экинчи инстанциядагы сот иши 1,5 жылдан ашык убакытка созулду.

"Элдик парламент" мүчөлөрүнө карата соттук процесстердин жабык жүрүшү коомчулукта ал иштер канчалык адилеттүү каралды туюк суроолор жаратты.

Тектеш темалар