Кыргыз өкмөтү «Кумтөрдүн» 100 пайызын алуу сунушун карап жатат

"Кумтөр" алтын долбоорун биргелешкен ишкана кылып кайра түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына төрт жылдан ашты.
Image caption "Кумтөр" алтын долбоорун биргелешкен ишкана кылып кайра түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына төрт жылдан ашты.

Кыргызстанда жаңы өкмөт өзүнүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарууда. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 100 күн аралыгында аткарылган иштер жана алдыдагы пландар жөнүндө айтып берди. Аталган жыйында Би-Би-Си кабарчылары да болуп, премьер-министрден "Кумтөр" долбоорун кайра карап чыгуу, «Центерра» менен биргелешкен ишкана түзүү идеясынын эмне үчүн создугуп жаткан себептерин сурады.

Image caption Сапар Исаков 40 жашта, ал эгемен Кыргызстан тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды

Премьер-министр Сапар Исаков «Центерра» компаниясынын башчысы Скот Перри менен соңку жолугушууда "Кумтөр" компаниясынын 100 пайызын алуу жөнүндө сунуш болуп калганын, өкмөт бул сунушту эксперттер менен карап талкуулап жатканын айтты:

"Центерра" мурда жөн эле "Кумтөр болчу". Азыр "Центерра" деген бул Канададагы "Томсон Крик" деген кен, Монголиядагы, Түркиядагы кендер. Андан сырткары "Центерра" дагы эки тоо кенин сатып алган жатат. Капитализация болуп, бул компания абдан өсүп баратат. Айтып калышты "Кумтөрдөгү" 100 пайызды алсаңар болот, элүү эмес жүз пайыз деп. Бирок анда "Центеррадан" чыгып кетесиңер деген маселе көтөрүлүп жатат. Компания жумушчу тартибинде сунуш кылды. Балким, Кыргызстан аз-маз тыйынын кошуп бериши керек болот. Көп эмес. Мына, кырдаал өзгөрдү, такыр башкача болуп калды. 100 пайызды "Кумтөрдөн" алып алсак болот экен, бирок азыркы 26 пайызды толугу менен өткөрүп беришибиз керек. Эгерде мен популист болсом, мен айтмакмын: анда 100 пайызды алдык, бүттү, "Центеррадан" биз чыгабыз деп. Чечим кабыл алына элек. Албетте, эксперттерге тиешелүү тапшырманы бердим. Изилдеп көрөлү, балким, "Кумтөрдөн" 100 пайызды алганыбыз туура болот. Кандай жакшы болмок, бир четинен үстүртөн караганда. Эл дагы айтмак, премьер-министр Сапар Исаков 100 пайызды алды деп дуулдап калмак. Бирок, ойлонуп көрөлүчү. "Кумтөр" кенинин иштешине сегиз эле жыл калды. Сегиз жылдан кийин "Кумтөр" кени жабылат. А "Центеррада" башка жаңы кендер ачылып иштеп баштады. Мына "Томсон Крик" иштеп баштады. Кудай буюрса, биз андан дивиденддерди алып баштайбыз "Кумтөрдөй" кылып".

"Кумтөр" долбоорун 2012-жылы парламенттик, мамлекеттик комиссия текшерип чыгып, буга чейинки келишимдердин баары коррупция болгон, ошол себептүү мамлекетке эбегейсиз экономикалык жана экологиялык зыян келди деп бүтүм чыгарган. Ошондон кийин Өкмөт "Кумтөр" долбоорун кайра карап, "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүү керек деген сунушту талкуулап баштаган. Бирок мындан мурдакы эки өкмөт тең бул маселеде "Центерра" менен мунаса таба алган эмес.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар