"Суу кодексиндеги" жаңы өзгөртүүлөр канчалык мыйзамдуу?

"Суу кодексинде" каралган өзгөртүүлөрдө "Кумтөр" алтын кенинде гана эки мөңгүнү башка жакка көчүрүп иштегенге уруксат берилет, калган жерлерде тыюу салынат деп айтылган Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption "Суу кодексинде" каралган өзгөртүүлөрдө "Кумтөр" алтын кенинде гана эки мөңгүнү башка жакка көчүрүп иштегенге уруксат берилет, калган жерлерде тыюу салынат деп айтылган

Бишкектин жарандык активисттери Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү көчүрүп алууга жол берген “Суу кодексине” киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп талашып, Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылды. Жыйырма күн мурда парламент Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн башка жакка жылдырууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алып, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн акыркы иш күнүндө кол коюп кеткен. Бул боюнча соттук териштирүү 20-декабрда өтөт деп күтүлүүдө.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын активисттери "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү караган мыйзамды кабыл алууда процедуралык укук бузуулар болгон деп жатышат. Алардын доо арызын Бишкектин райондор аралык соту кароого кабыл алды.

"Мыйзам долбооруна добуш берилип жатканда, кеминде 120 депутаттын жарымы отурушу керек эле. Биздин эсептөө боюнча бул санга жеткен жок, көптөр башкасынын ордуна да добуш берип салышты. Эреже боюнча, мыйзам долбооруна добуш берүүдө бирөөнүн ордуна башкасы добуш бере албайт. Ошону эске алып, биз сотко кайрылдык. Алгачкы соттук териштирүү 20-декабрга белгиленди. Мен жогоруда маселенин техникалык жактарын гана айттым, ал эми бул мыйзам күчүнө толук кирсе, мөңгүлөрдүн талкаланышына алып келет",-деди аталган коалициянын жетекчиси Азамат Адилов.

Адилов жаңы мыйзамды парламентке кайтарылып, "Кумтөрдөгү" Давыдов жана Лысый мөңгүсүнө тиешелүү беренелер кайрадан тыкыр иликтениши керек деп эсептейт.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Кумтөргө сапар, 14.11.2017

"Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 85 депутаттын алтымыш үчү колдоп берген. Добуш берүү өткөн күнү анын жыйынтыгын чагылдырган сүрөттөрдү депутаттар социалдык тармактарга жарыялашкан. Анда айрым депутаттардын парламенттик жалпы жыйынга катышпай туруп, мыйзам долбооруна добуш бергенин көрүүгө болот.

Ошол кезде Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматында турган Алтынай Өмүрбекова эгерде процедуралык мыйзам бузуулар болгону сотто далилденсе, анда жаңжалдуу мыйзам күчүн жоготушу мүмкүн дейт. Aл кошумчалагандай, парламентте кээ бир учурда жашыруун добуш берүү болгондо, бир депутат башкасынын ордуна добуш бере алат, бирок мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканда, эл өкүлү өзү гана добуш бериши керек деген эреже бар:

"Арызданган тарап далилдесе, сот аны канааттандырса, жаңы мыйзам күчүн жоготот. Парламенттин үч окуусунан өткөн мыйзамдар сот тарабынан жокко чыгарылганын мурда көргөн эмесмин. Эгерде ушундай болсо, бул терс көрүнүш, парламенттин аброюна шек келтирет. Башка жагынан алып караганда, бул жагдай депутаттардын жоопкерчилигинин артышына түрткү болушу да мүмкүн".

"Суу кодексинде" каралган өзгөртүүлөрдө "Кумтөр" алтын кенинде гана эки мөңгүнү башка жакка көчүрүп иштегенге уруксат берилет, калган жерлерде тыюу салынат деп айтылган. Бирок жарандык активисттер буга көнбөй, өкмөттү сындап жатышат. (ErA)