Кубаныч Кулматов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Премьер-министр Бажы кызматынын төрагасы кылып Кубанычбек Кулматовду дайындады. Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC

Премьер-министр Бажы кызматынын төрагасы кылып Кубанычбек Кулматовду дайындады. Мындай буйрукка бүгүн кол койгонун Сапар Исаков журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Сапар Исаков Кулматовду жаңы кызматка дайындоо боюнча президент менен кеңешкенин, өлкө башчы дагы анын талапкерлигин колдогонун белгилеп өттү.

"Кулматов абдан тажрыйбалуу, абдан таза адам. Бажы кызматында иштеп турганда командасы менен биргеликте бюджетти эки жарым эсеге көтөргөн. Мындан ары дагы көтөрөт деп ишенем. Жакынкы күндөрү орун басарларды дайындоо боюнча дагы сунуштарды киргизгиле деп тапшырма бердим",-деди өкмөт башчы.

Кубаныч Кулматов ушуну менен экинчи ирет Бажы кызматынын төрагалыгына келүүдө. 2010-2013-жылдары бул кызматты башкарып турган.

Андан соң Чүй облусунун башчысы болуп, кийин Бишкек шаарынын мэри кызматында иштеди. Быйылкы жылдын сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган болчу.

Дарегине далай сын-пикир айтылып келген, "Райым миллион" деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов өткөн айдын аягында Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотулган эле.

Анын кандай себеп менен кызматтан алынышын өкмөт ачык айткан эмес. Бирок премьер-министр Сапар Исаков Матраимовдун иштен алынышын бажы кызматын тартипке келтирүүнүн башталышы деп айтып, "баары алдыда" деп билдирген болчу.

Кыргызстандын бажы кызматы коррупцияга малынган, жабык мекеме катары сыпатталып келет. Жакында эле кыргыз-казак чек арасындагы кризис учурунда расмий Астана Кыргызстандан аткезчилик жол менен ташылган товарлар көп келип, зыян тартып жатканын айткан. Бирок Кыргызстан бул дооматтарды четке каккан болчу.

Коңшу өлкөнүн бир катар сынынан кийин кыргызстандык жарандык активисттер бажыдагы коррупция жана аткезчиликти тыкыр иликтеп чыгууну өкмөттөн талап кылып чыгышкан.