КМДБ Чубак Жалилов боюнча кайрылуу жасады

Чубак Жалилов

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий сайтында муфтий Максатбек Токтомушевдин Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов боюнча кайрылуусу жарыяланды.

Кайрылууда, муфтий Максатбек Токтомушев элди ынтымакка чакырып, "эзелтен элибиз даанышмандарын сыйлап, кыйын учурларда бири-бирине жөлөк болуп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып келишкен" деп айтылып:

"Андыктан урматтуу агайын-туугандар, Пайгамбарыбыздын осуятына ылайык улууларыбызды урматтап, кичүүлөрүбүздү сыйлап, аалымдарыбызды кадырлап, барктай жүрөлү. Ал эми Ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө, жалган айтуу жана кимдир бирөөнүн беделине шек келтирүү, аны акарат кылуу күнөө болуп саналат. Албетте, ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксаат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу. Ар бир нерсе өз ордунда такталат, ага убакыт керек. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы",-деп белгиленет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Токол темасы тарыхчылардын көзү менен

Белгилүү диний ишмер Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу айткан видеосу тарагандан кийин, бул маселе коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер буга мыйзамдык жактан чара көрүү маселесин көтөрүп чыкты. Чубак Жалиловду милиция бул боюнча суракка чакырганы белгилүү болгон. Ал эми өткөн аптанын соңунда Жалиловдун жубайы жардам сурап "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы тууралуу маалыматтар тарады. Айрым басылмалар ИИМ Жалиловдун жубайынан түшкөн арыз териштилирилип жатканын тастыктады деп жазышты. Бирок Жалиловдун өзү да, жубайы да бул айтылгандарга эч кандай комментарий берген жок.

Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам менен тыюу салынган. Таасирдүү дин ишмери аралашкан бул окуя коомдо буга чейин эле улам көтөрүлүп келе жаткан бул маселени андан бетер күчөтүп жиберди. Айрымдар мыйзам аркылуу тыюу салынган менен көп учурда көз жумду мамиле болуп келе жатканына көңүл бурушууда. (AbA)

Тектеш темалар