Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга убактылуу колдонууга берилди

Ысык-Көл аймагы
Image caption Ысык-Көл аймагы.

Кыргызстан Ысык-Көл аймагындагы төрт пансионатты убактылуу колдонуу үчүн Өзбекстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады.

"Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык өзбек тарапка ошол пансионаттар жайгашкан жерлерди убактылуу пайдалануу укугу да берилет. Аталган чечим 1994-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишимдин негизинде кабыл алынды",-деп айтылат.

Ал пансионаттар Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы "Алтын кум"), Кара-Ойдогу «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ»), ушул эле айыл аймагындагы «Энесай» (мурдагы «Дилором»), Тоңдун Күн-Чыгыш айылындагы «Бустон».

«Бул учурда аталган объектилерге бекитилген жер тилкелери Кыргыз Республикасынын менчиги бойдон кала берет жана убактылуу колдонууга берилет. Ошол эле маалда өзбек тарап көрсөтүлгөн объектилерди Кыргыз Республикасында колдонулган стандарттардын негизинде 3 же 4 жылдыздуу кышы-жайы иштөөчү мейманканалардын деңгээлине жеткирүү максатында белгилүү мөөнөткө чейин каражатты инвестициялоо боюнча милдеттенме алат. Белгилеп кетчү жагдай, Өзбек тарап курулуштарды жүргүзүүдө жана андан ары карай иштетүүдө 80% кем эмес жумушчу күчтүн курамын Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүү милдетин алды. Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон өз арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот. Андан тышкары, аталган документ Өзбекстан Республикасынан келген туристтердин санын көбөйтүп, ошондой эле боордош элдер ортосундагы карым-катнаштардын жакшыруусуна көмөктөшөт. Белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу мультипликаттык натыйжа берип, анын ичинде салыктардын жогорулашына жана республикалык бюджетке кошумча каражаттардын түшүүсүнө шарт түзөт»,-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Аталган төрт пансионатты кыргыз өкмөтү өткөн жылы апрель башында өз менчигине өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган эле. Ушундан кийин Өзбекстан Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Өкмөттүн бул чечими кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал курчуп кеткен учурга туш келген. (AbA)

Тектеш темалар