Ташкентте чек ара көйгөйү чечилеби?

Жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты Сүрөттүн автордук укугу Kloop
Image caption Жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара маселелери күн тартибиндеги маселелерге кирди. Бирок президенттик аппараттан маалымдашкандай, сапардын жүрүшүндө чек ара боюнча документтерге кол коюлбайт.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жумушчу топтору ишин улантып жатканын билдирди:

"Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ азырынча жок. Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу топтору бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Мурдагы келишимге кол коюлгандан бери үч ай өттү. Андан бери жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты. Алдыдагы иш сапарында чек ара боюнча документке кол коюлбайт",- деди Субакожоева.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин октябрда Ташкентке болгон сапары учурунда кызматташуу боюнча 12 документ кабыл алынган. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу протоколуна да кол коюлган.

Ага чейин Бишкекке сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишим кабыл алынган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаевдин октябрда Ташкентке болгон сапары учурунда кызматташуу боюнча 12 документ кабыл алынган

Анда кыргыз расмийлери чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилди деп билдирген эле.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара узундугу 1378 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күнү кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек 15 пайызы же 208 чакырымы гана калды.

Tалаштарды чечүү үчүн эки тараптуу өкмөттүк комиссиялар тынбай иш алып барып келет. Бирок сүйлөшүүлөрдун чоо-жайы такталбай, анын жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматтар гана берилип келет.

"Тарапттар тил алыша баштады, диалог бар. Бул аябагандай оор, көп аспектилерге байланыштуу таалылуу маселе. Бул жолу макулдашууларга кол коюлбайт, бирок жылыш жана жыйынтыктар бар", -деген эле Кыргызстандын Тышки иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору Канат Турсункулов комиссиялардын соңку жолугушуусу боюнча.

Кыргызстан сырткы чек араларда төрт: Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Мурунку президент Аскар Акаев тушунда Кытай жана Казакстан менен чек аралар такталган. Бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен жер талаш эгемендик алганы чечилбей келет.

Сооронбай Жээнбековдун бул жолку сапарында чек ара боюнча толук мунасага жетишүү мүмкүн болобу деген илгери үмүт бар.

Өзбекстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугушат. (EK)

Тектеш темалар