Сөз эркиндиги жана соттук иштер кайрадан талкууда

10-декабрь - Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чаралар Бишкекте Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укуктары жана сөз эркиндигине кабатырланып, өлкө жетекчилери көптөн бери талаштуу болуп келаткан иштерди өз көзөмөлүнө алсын деген талаптар менен чыкты. Алар журналисттерге чоң көлөмдөгү айыппулдун салынышын эркин басма сөзгө карата басым катары баалашууда.

"Журналисттер" коомдук бирикмеси, Интерньюстун Бишкектеги өкүлчүлүгү сыяктуу ондогон коомдук уюмдар Кыргызстандын бардык бийлик бутактарына кайрылуу жиберди. Анда сот тарабынан бир нече журналистке мыйзамсыз өкүм чыкканы жана бул сөз эркиндигине кысым болуп жатканы жазылган.

Кайрылууга кол койгондордун бири, "Жаранды жигердештирүү" фондунун өкүлү Эркин Убушева:

"30 млн сомдук айыппул деген бул өтө чоң сумма. Бул Жогорку Соттун дагы деле реформа болбогонун билдирет. Аталган соттун чечими өзүнүн аброюна гана шек келтирбестен, Кыргызстандын өнүгүүсүнө да чоң коркунуч жаратат. Өкмөт өзүнүн программасында сөз эркиндиги болушу керек деп айтып келет. Бирок учурда болуп жаткан окуялар менен өкмөт жасагысы келген иштер бири-бирине карама-каршы болууда. Бийлик Кыргызстандагы маалымат каражаттарына сот аркылуу басым көрсөтүп жатат, бул экономикалык басым. Ошондон улам сөз эркиндигин таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн".

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Нарын Айып: Азыр журналисттер кылмыш иши козголобу деп, чындыкты айткандан коркот

Жогорку Сот ноябрь айынын аягында zanoza.kg сайтынын башында турган Дина Масловага жана белгилүү журналист Нарын Айыпка, ошондой эле "Ата Мекен" партиясынын юристтерине, андан тышкары "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакуповага шаардык, райондук соттор чыгарган өкүмдөрдү күчүндө калтырды.

Президенттин беделин коргоо боюнча Башкы прокуратуранын арызынын негизинде жүргүзүлгөн соттук териштирүүлөрдө "zanoza.kg" сайтына жалпы 27 миллион сомдун тегерегинде доо коюлган эле. "ПроМедиа" 15 млн, Нарын Айып 9 млн, Дина Маслова 3 млн сом төлөө милдеттендирилген. Бишкектин Октябрь райондук соту муну канааттандырган.

Белгилүү журналист, медиа эксперт Нарын Айып жогорудагы жаңжалдуу соттук иштер боюнча Би-Би-Сиге буларды билдирди:

"Zanoza.kg" сайтына каршы беш иш козголду. Анын үчөөсүн Жогорку Сот карап, чечим чыгарды. Айта кетчү нерсе, бир дагы макалада жалаа жабуу, намысына шек келтирүү деген жок. Бирок Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деген айып менен бизди соттоп жатышат. Аны көргөн башка журналисттер бизди дагы ушинтиши мүмкүн деп жалтактап, чындыкты жазгандан коркуп калышты".

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чаралар, Бишкек, 10-декабрь

Бирок бийликтин бул боюнча пикири таптакыр башка. Өткөн аптада өкмөт башчы Сапар Исаков премьерлик кызматка отурган жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, журналисттердин чуулгандуу сот иштери жөнүндөгү суроосуна токтолуп, сөз эркиндиги менен адамды каралоонун айырмасын билүүгө чакырган болчу:

"Сөз эркиндиги менен адамды каралагандын ортосунда бир чек болушу керек. Качан гана ар бир журналист, жаран ошол нерсеге чек кое баштаганда, биз Кыргызстанда демократия өнүгүп жатат деген жыйынтыкка келсек болот".

Байкоочулардын баамында, журналисттерге карата соттук иштер дайыма болуп келген, беделине шек келтирди деп эсептеген ар бир тарап сотко кайрыла алат. Бирок арыздануучу тарап көбүнчө прокуратура болуп жатканы өзгөчө көңүл бурчу жагдай дейт юристтер.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Өкмөт башчы Сапар Исаков сөз эркиндиги менен адамды каралоонун айырмасын билүүгө чакырган

"Медиа Полис" институтунун быйылкы жылдын башында берген маалыматы боюнча, эл аралык ар кандай рейтингдерде Кыргызстан региондо дале сөз эркиндиги жагынан алдыда турат, бирок баары салыштырмалуу.

Укук коргоочулардын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийлик адамдары тарабынан маалымат каражаттарына карата жазылган доо арыздар көп болуп, айыппулдарды сот төлөткөн учурлар да болду. Айрым журналисттер саясий көз-караштары үчүн куугунтук болду деп, өлкөдөн чыгып кетишти. (ErA)