C. Аламанов: Сох анклавы кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу эң оор тилке
- Абдыбек Казиев
- Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV/BBC
Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара тактоо маселелси соңку жылдары жанданып, дээрлик чек аранын 85 пайызы боюнча тараптар орток пикир табышты. Бирок калган оор тилкелер боюнча эки тарап жакынкы күндөрдө келишимге жете алабы?
Бул суроону чек ара маселеси боюнча эксперт, Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламановго узаттык.
Саламат Аламанов: Бул он беш пайыз мурдатан чек ара маселеси талкууланып келгенден бери эле эки тараптын позициялары келишпеген тилкелер. Сох анклавынын, өзгөчө анклавтын төмөн жагындагы жол салган аймактарды айтсак болот. Экинчичси, Шахимардан анклавынын тагдыры да белгисиз бойдон турат. Бул жерде дагы карама-каршылыктар абдан күчтүү. Үчүнчүсү, Гава-Сайдын аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасында атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн жерлер бар. Бул жерлерди өткөрүүдө да бул иштер канчалык мыйзамдуу жасалганы ойлондура турган нерсе. Негизи документтерде Анжиан суу сактагычы деп жүрөт бирок, кийинчерээк жердин аталышына карап эле Кемпир-Абад суу сактагычы деп жүрбөйбүзбү.
Би-Би-Си: Кемпир-Абад суу сактагычынын тражымалына учкай токтолуп өтсөңүз.
Сүрөттүн булагы, FERGHANA.RU
Саламат Аламанов: Суу сактагычты курган мезгилде суу алдында калган аймактарыбыз үчүн биз Өбекстандан бир топ жерди алып, өзүбүзгө өткөрүп алган экенбиз. Бирок эми ошол кезде эле жерлерди алмашуу учурунда биз берген жер менен алган жерлердин айырмасы асман-жердей экен. Мындайча айтканда, кара топурактуу, түшүмдүү жерлерди берип, суу чыкпаган же аз жеткен, түшүмсүз жерлерди алган экенбиз. Ошондон улам айрым адистер кошуналарыбыз суу сактагычтан аябай чоң киреше алганын айтып, аны кайра кайтарып алуу керектигин айтып келе жатат. Мен да буга кошулам. Мен иштеп турган учурда да ушул позицияда иш алып барганбыз. Бир кезде СССР пахатага абдан муктаж болуп калган. Пахта кездеме токуй турган эле сырье эмес, ракетанын кыймылдаткычтарынын отунуна керек болгон. Ал эми ал пахатаны Өзбек ССРи өстүрө алмак. Пахта аянттарын кеңейтүү үчүн суу сактагычтар курула баштаган. Карап олтуруп, Кара дарыянын чоң куймаларынын төмөн жагында тосмо курууга ыңгайлуу деп кууш жерине тосмо курган. Бирок ал жерлер үчүн Өзбекстан бизге жер бере турган болгон. Сол жээк Түркистан тоо кыркасынын ылдый жагынан Сохко чейин канал курмак. Аны менен 100 миң га жерди сугаруу жеңилдеп, дагы он миң гектар жаңы сугат жер кошулмак. Оң жээгине да канал курулуп Фергена тоо кыркаларынын этегиндеги жерлерге суу жетмек. Бирок ошол маселелрдин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калган. Качан гана биз чек ара маселесин тактап баштаганда бул оркоюп чыгып калды.
Би-Би-Си: Азыр чек ара боюнча сүйлөшүүлөр ушул Кемпир-Абад суу сактагычына келип токтоду. Ушул жер боюнча тараптар орток пикир таба алса, калганы чечилет деген өңдүү кеп-сөздөр дагы айтылып жатат. Бул канчалык ынанымдуу?
Саламат Аламанов: Менин баамымда, суу сактагычтын айланасындагы эле эмес, Сох, Гава-Сай, Шахимардандын тегерегиндеги маселелер эң орчундуу деп саналат. Айта кете турган болсок, кошуналар менен сүйлөшүүдө алардын койгон башкы талабы Кемпир-Абад эмес, Сохко байанышкан. Эгер биз Сохко өтө турган коридор бере турган болсок башка маселелерди оңой чечүүгө мүмкүн деген сөздөр айтылчу. Бул маселени тереңден билген, сүңгүп кирген адам катары айта турган болсом, сүйлөшүүдөгү эң орчундуу маселе дагы ушул. Бир нече жолку сүйлөшүүлөр токтоп, жылбай калганын себеби да ушул. Мен алар Сохко аябай көңүл буруп, биздин жетекчиликтин эң башкы талабы ушул деп айткандарына таянып айтып жатам. Эгерде Сохко коридор бере турган болсок, биздин Баткен району менен Лейлек району анклав болуп калат. Меморандум деген маселени да азыр айрым учурда чайкоочулук кылып жүрүшөт. Бул меморандумду жазганда биз терең ойлонуп туруп, аткарылбагыдай кылып даярдаганбыз. Ага атайын ошондой мазмундагы сөздөр кошулган. Ал кандай сөз эле? Коридор үчүн бериле турган жердин ордуна сапаты жана аянты да бирдей жер берилсин деп жазылган. Мен географ катары айта алам андай дал келген жер дүйнөдө табылбайт. Андай болушу мүмкүн эмес. Мен барганымда кана таап бергилечи ошондой жерди деп айткам. Эч ким таап бере алган жок да. Меморандумга ушул сөз кошулуп жатканда Жураев деген вице-премьер-минстр түшүнөт экен. Ал ошондо, "Эй бул эч качан ишке ашпай турган документ болуп атат" деп секирип кеткен. Мен биздин талап ушул деп жооп бергем.
Би-Би-Си: Кызматын жаңы эле тапшырган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, өз мөөнөтү аяктаганча чек ара маселесин чечип кете турганын айтканы бар. Бирок ага үлгүрбөй калды окшойт. Бул дагы канча убакытка созулушу мүмкүн? Сиздин болжолуңуз кандай?
Саламат Аламанов: 1992-жылдан бери чек ара менен алекпиз. Ошондуктан бүгүн чыга калып эле мен баарын кылып атам дегенди саясий жүрүш деп түшүнүү керек. 1-декабрга чейин бүтүрүп коём дегенди укканда мен абдан таң калгам. Эми ал киши эмоцияга алдырып коёт экен. Чек ара боюнча жанындагылар бул кишинин бир топ алдашты. Журналисттер менен жолуккканда бул киши чек ара боюнча туура эмес маалыматтарды айтып коюп жатпадыбы. Мен таң калып эле отуруп калчумун. Ал өзү ойлоп чыккан жок да. Ал маалыматарды чогултат да. Бул өтө татаал жагы калды. Тез чечилсе дейбиз. Үмүттү үзбөш керек. Ошол эле учурада мынча убакытта чечилет деп да болжобош керек. Канчага созулуп чечилээри бул эки тараптын ой жүгүртүүсүнүн өзгөрүшүнө көз каранды.