Иерусалим боюнча Кыргызстандын позициясы

Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөдү. Сүрөттүн автордук укугу knews.kg
Image caption Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөдү.

Түркиянын Стамбул шаарында Иерусалим боюнча өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Аль-Кудс шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга байланыштуу терең бушаймандыгын билдирет, өз кезегинде ал эл аралык кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк коомчулуктун конструктивдүү жетишкендиктерин, анын ичинде БУУ жана башка эл аралык институттардын аталган багыттагы ишин солгундатып, Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалуусуна алып келүүсү ыктымал. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы белгилегендей, Аль-Кудс Аш-Шариф (Иерусалим) шаарынын макамына байланыштуу бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУ Коопсуздук кеңешинин тийиштүү резолюцияларына жооп берүүсү тийиш. Ыйык шаардын макамына карата терең ойлонулган чечимдин кабыл алынышы гана жакынкы чыгыштагы тынчтык процессинин келечегин чийип салбоого мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу эл аралык коомчулук өз күч-аракетин аталган маселеде, ириде, БУУ Башкы Асамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциясына дал келген акыйкат чечимге жетишүүгө багыттоосу тийиш",-деп айтылды расмий маалыматта.

Эрдогандын чакырыгы

Сүрөттүн автордук укугу Ta

Стамбул шаарында чогулган мусулман лидерлери АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныганына нааразылыгын билдиришкен.

Мусулман лидерлерин чукул жыйынга чакырган Түркиянын президенти Эрдоган, Трамптын кадамын мыйзамсыз деп атады. Түрк лидеринин айтымында, бул чечим оккупацияланган Палестинада террордук уюмдардын күч алышына түрткү болот.

Түрк лидери Эл аралык коомчулукту Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таанууга жана Иерусалимди оккупацияланган Палестинанын баш калаасы катары таанууга чакырды.

"Мен эл аралык мыйзамдарды жана адилеттүүлүктү сыйлаган мамлекеттерди Иерусалим шаарын оккупацияланган Палестинанын борбор шаарын катары таанууга чакырам", -деди Эрдоган.

Би-би-синин Стамбулдагы кабарчысы билдиргендей, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин катышууучуларынын баары кескин билдирүүлөр менен чыкты.

Бирок Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынынан кийин кандайдыр бир натыйжа болобу деген суроо чыгууда. Айрым талдоочулар уюмдун мүчөлөрүнүн көбү Трампты колдоп жатканын айтып, чукул жыйынга министрлерин гана жөнөткөнүн белгилешүүдө.

Буга чейин Эрдоган эгерде АКШ элчилигин Иерусалимге жылдыра турган болсо Израил менен дипломатиялык мамилесин үзө турганын айтып коркуткан. Бирок бул ирет түрк лидери бул теманы козгогон жок.

Иерусалимдин макамы эмнеге талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан. Израил көп жылдан бери эле Иерусалимди өзүнүн борбору катары санап жүрөт. Ошол эле учурда 1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил тарабынан басып алынган Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн палестиналыктар болочоктогу өлкөсүнүн борбору катары көрөт.

1967-жылы Чыгыш Иерусалимди Израил басып алып, кийин 1989-жылы аннексиялаган. Бирок шаарды бир дагы өлкө Израилдин борбору катары тааныган эмес.

Чыгыш Иерусалимде болжолу 330 миңдей палестиндер жана көчүрүлүп келген 200 миң чамалуу жөөттөр жашайт.

1993-жылдагы макулдашууга ылайык Иерусалимдин макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек. Бирок мындай сүйлөшүүлөр 2014-жылы туңкуюкка кептелди. Дональд Трамп өзүнүн чечими менен бул сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан АКШнын ролун жокко чыгарды дейт палестиналык өкүлдөр. (AbA)

Тектеш темалар