Мамкаттоо "Самаранын" артынан сая түштү

Иликтөөнүн автору, kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Иликтөөнүн автору, kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин

Мамлекеттик Каттоо кызматы kloop.kg сайтынын президенттик шайлоодон кийинки жазган макаласын териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматына кайрылды. Аталган сайттын макаласы боюнча Мамкаттоо кызматтык иликтөө жүргүзүп, бул кызматтын серверине тыштан кийлигишүү болбогон деген жыйынтыкка келишкен. Kloop.kg сайтынын журналисттери өз кезегинде Мамкаттоо далилдерди келтирбей, ачык айтуудан качып жатат деп сындады.

"Шайлоо учурунда, андан кийин да веб-серверине samara.kg сыяктуу бир дагы башка сайттын жайгаштырылганы тууралуу сөздөр чындыкка коошпойт. Мамкаттоонун адистери серверге сырттан кийлигишүү болбогонун аныктаган. Kloop.kg сайты муну кайра-кайра көтөрүп жатканына кабатыр болуп, бул ишти УКМК териштирсин деп айттык. Компетенттүү органдар өзүнүн баасын берсин",-деди Мамкаттоонун борбордук аппаратынын укуктук жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Кубат Черикчиев.

Сүрөттүн автордук укугу kloop.kg
Image caption Тухватшин бул иш боюнча эртеңкиге УКМКга суракка чакырылды

Мамкаттоо жасаган иликтөөнү "Азия-инфо" интернет-провайдери да жүргүзүп, алар да серверде өзгөрүү аныкталбаганын билдирүүдө.

Бирок kloop.kg журналисттеринин бул боюнча пикири таптакыр башка. Алар президенттик жарыштын алдында Мамкаттоодо турган шайлоочулардын өздүк маалыматтары samara.kg сайтына көчүрүлүп, бул шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен болушу мүмкүн деген пикирде.

Аталган иликтөөнүн автору, kloop.kg сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Мамкаттоо далилдерди келтирбей, ачык айтуудан качып жатат деп сындап чыкты:

"Биз эмне үчүн бул иликтөөнү жасадык. Себеби Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде жалпы кыргызстандыктардын жеке маалыматтары сакталат. Ал маалыматтардын коопсуздугу бекем сакталышы керек. Ал эми samara.kg сыяктуу сайттар аталган кызматтын серверине жайгаштырылып, шайлоочулардын жеке маалыматтарын алуу, аны башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Биз бул боюнча толук кандуу түшүндүрмөлөрдү жана далилдерди талап кылабыз".

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Мамкаттоо серверге сырттан кийлигишүү болбогон дейт

Ушул жерден Ринат Тухватшинди бул иш боюнча эртеңкиге УКМКга суракка чакырылганын айта кетели.

Буга чейин "Таза шайлоо үчүн" жарандык кыймылы дагы журналисттер коомчулукка жарыялаган маалыматтарды териштирүү үчүн эл аралык IT аудит өткөрүүнү талап кылышкан.

Өткөн аптада өкмөт башчы Сапар Исаков премьерлик кызматка отурган жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, "президенттик шайлоонун жыйынтыгына технологиялык каражаттар аркылуу таасир этүү болуп же болбогонун тиешелүү адистер, эксперттер иликтеп, сырттан кийлигишүү болбогонун далилдеп беришкен" деген болчу.

Коомчулукка анча белгилүү болбогон, бирок шайлоодон кийин чуу жараткан samara.kg сайты жана ага Мамкаттонун тиешеси тууралуу маселени эми УКМК териштирип, баасын бермекчи. (ErA)