Иерусалим боюнча талаш радикал күчтөргө жем таштайбы?

Искендер Ормон уулу

Стамбул шаарындагы Иерусалимдеги кырдаалга байлыныштуу чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, өлкөнүн позициясын билдирди.

Негизинен Стамбулдагы жыйында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иерусалимдеги жаралган абалга тынчсыздануусун билдирип, бул Жакынкы Чыгыштагы чоң жаңжалды жаратат деп кооптонууда. Кыргызстандын позициясы дагы ушул өңүттөн айтылды.

Би-би-синин Стамбулдагы кабарчысы билдиргендей, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинин катышууучуларынын баары кескин билдирүүлөр менен чыкты. Жыйында уюмдун лидерлери чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор калаасы деп жарыялады.

Эми бул окуянын арты кандай өнүгөт, жаңжал чыгып кетүү кооптуулугу канчалык? Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулу менен ушул маселени талдады.

Искендер Ормон уулу: Эл аралык укуктун негизинде алып караганда, Палестинага байланыштуу БУУнун чечимдерине карама-каршы нерсе жок. 1947-жылы Палестина менен Израил түптөлүп жатканда, БУУ Палестина менен Израил эки мамлекет болуусун жана Иерусалимди орток, нейтралдуу шаар болуусун же батыш Иерусалим Израилге таандык, чыгышы Палестинанын борбору болсун деген сунушу дагы болгон. 1967-жылдан кийин башка сунуштар да болду. Бирок бүгүнкү күнгө чейинки эл аралык нормаларына жана буга чейин айтылган сөздөргө карама-каршылык жок. Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынындагы Эрдогандын сунушуна Орусиянын дагы позициясына жакын. Ислам өлкөлөрдүн лидерлеринин дагы Эрдогандын сунушун колдойт. Эл аралык нормаларга каршы келбегенден кийин Кыргызстан деле айтылган позицияны колдогону же ага жакын болуусунда коркунучтуу эч нерсе жок.

Би-Би-Си: Орусия жылдын башында батыш Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары тааныган. Бирок алар Иерусалимдин батыш тарабы деп баса белгилеген. Кыргызстан кандай позицияны карманууга тийиш?

Искендер Ормон уулу: Эл аралык укуктун, эл аралык нормативдердин негизинде биздин позициябыз так. Эл аралык нормалар кандай жолдомо берсе, кандай багыт көрсөтсө ошого макул болобуз. Бул негизинен Бириккен улуттар уюмунун чечимдери. Бул уюмдун чечимдери биз жогоруда айткан позициядан алыс эмес. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия таасирдүү өкүлдөрүнүн жана багыт берүүчү күчтөрдүн бири. Орусия биздин дагы жакын өнөктөшүбүз. Ал себептен Кыргызстанга ал позициядан алыс болууга кыйын болот. Бирок жалпы мусулман өлкөлөрдүн позициясын караганда, биз кылдат мамиле кылышыбыз керек. Себеби биздин калкыбыздын басымдуу бөлүгү мусулман жана калкынын көбү мусулман болгон өлкөлөрү менен дагы байланышыбыз аз эмес. Бул жерде белгилеп кетчү бир маселе, Орусиянын позициясын, Путиндин сөзүн эске алганда - Иерусалимдин батыш тарабын Израилдин борбор калаасы катары кабыл алабыз дегенде, Иерусалимдин чыгыш тарабын Палестинанын баш калаасы катары кабыл алабыз деген сөзү бар. Демек, Орусия Палестинаны дагы эркин жана боштондукка чыккан мамлекет катары тааныйбыз, анын борбор шаары Иерусалимдин жарымы болушу керек деген позиция бар. Ал жагын эске алып, Кыргызстан деле Иерусалимдин батыш тарабы Израилдики, ал эми чыгыш тарабы Палестинаныкы болсун деген позицияны азыр колдоп келет. Акыркы Ислам кызматташтык уюмунда дагы чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор калаасы катары тааныйбыз деген чечимге токтолуп, ал резолюцияга кириптир.

Би-Би-Си: Ислам кызматташтык уюмунун чечими дүйнөлүк коомчулукка таасир эте алабы?

Искендер Ормон уулу: Ислам кызматташтык уюму барган сайын таасирдүүлүгүн жоготуп бара жатат. Акыркы учурда эл аралык саясатта, ошол эле Орто чыгыштагы (Жакынкы Чыгыш) кайнаган окуяларда, Сирия маселесинде, төңкөрүштөрдө эч таасирдүү позициясын айта алган жок. Себеби тили кыска болгон учурлар көп болду. Бирок талдоочулар Стамбулдагы чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун чечимдерин таң калуу менен карап жатат. Буга чейин уюмдун өкүлдөрү каало-тилектерин же колдобойбуз деген сөзүн айтып эле калышчу. Бул ирет уюмдун ушундай резолюция кабыл алганын көптөгөн өлкөлөр жана адистер күткөн эмес. Мунун натыйжасында Трамп өз жарыялоосунан баш тартып, АКШ Иерусалимге элчилигин көчүрбөй калат деген жеңил ойлуулук болот. Уюмдун чечими Трампка таасир бербеши мүмкүн. Бирок мындан ары басымдуу бөлүгү мусулман болгон өлкөлөр бириге алса, бир позицияны карманып, бир-бирин колдосо келечекте таасири аз болбойт. Башка маселелерди чечүүдө же АКШнын этият мамиле жасоосуна түрткү болушу ыктымал.

Би-Би-Си: АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп тааныгандан кийин Жакынкы Чыгышта абал чыңалганы бышык. Ушундай жагдай Кыргызстанга да таасир этиши мүмкүнбү?

Искендер Ормон уулу: Кыргызстанга дагы таасир этет. Себеби биздин калкыбыздын басымдуу бөлүгү мусулман. Исламдын баалулуктарына ишенген жарандарыбыз, анын ичинде билиминин деңгээлинин ар түрдүүлүгүнө жараша, ар түрдүү түшүнүктө болгон, бул окуяларга реакция берген жарандарыбыз да бар. Анын ичинде радикал мүнөздөгүлөр дагы жок эмес. Муну эске алганда Орто чыгыштагы (Жакынкы Чыгыштагы) окуялар, Сириядагы жана башка кырдаалга байланыштуу, алоолонуп келген очок эле да. Бул аймак радикалдуу, жада калса террордук уюмдардын дагы Исламга жабынып алып чыккан чөлкөм. Эң эле чоң зыяны ушул болот. Трамптын айтканы радикалдуу күчтөр, радикалдуу мүнөздөгү көз караштар жана Исламга жабынган террордук уюмдарды колдогондорго чоң шылтоо, аспап болуп калды. Бул жайбаракат элди деле радикалдуу мүнөздөгү ойлорго тартышы ыктымал. Мусулмандардан башка коомдорго душмандык мүнөздү күчөтүшү мүмкүн. Кызык жери, Иерусалим окуясына байланыштуу христиандардын позициясы мусулмандар менен бир. Калаада алардын дагы ыйык жерлери болгону үчүн Трамптын көз карашына алар дагы каршы чыгып жатат. Бирок мусулмандардын ал тууралуу кабары аз. Демек, жалпы мусулмандардан башка баардыгы биригип алып, бул ишти жасап жатат деген түшүнүк калыптанып жаткандай. "Мусулмандар жана башка дүйнө" дегендей бөлүнүп жарылуу көз караштын реакциячыл мүнөзү алдыга чыкчудай. Кыргызстанда болсо, мусулман ишенимине жана баалулуктарына таянган коомубуз, анын ичинде радикал көз караштагылар жок эмес дедик. Ошолорду күчөтүп, ушул мүнөздөгү көз карашты көбөйтүп, радикал күчтөр, уюмдар же адамдар болсо, аларга чоң шылтоо болуп бере алат. Радикалдуулуктун күчөп кетишине себеп болчу окуялардын бири деп айтсак болот.