Таабалдиев: Мумия казылса далай сырды ачып берет

Мумия Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Мумия

Бүгүн парламенттик комиссия мумияны кайтарып келүүгө рекомендация берди. Эми ал чечим парламенттик комитетте бекитилиш керек. Ошондон кийин археолгиялык табылганы алып келүү иштери башталат. Бул тууралуу маданият министри Султан Жумагулов кабарлады. Тарых музейинде сакталып келген мумиянын көмүлүшү талаштуу талкууларга жем таштаган эле.

Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мумияны көмүү чечимин кабыл алгандар жоопкерчиликке тартылышы керектигин да айткан эле.

Би-Би-Си муммияны кайтарып келгенден кийин кандай аракеттер көрүлүүгө тийиш? деген суроо менен археолог, профессор Кубатбек Таабалдиевге кайрылды

К. Таабалдиев: Бул окумуштууларды, коомчулукту уят кыла турган башынан эле туура эмес чечим болгон. Тарыхтын эң байыркы доорун чагылдырып бере турган табылганын көмүлгөнү туура эмес. Парламентте чечим кабыл алынса, аны толук эрежелерди сактап алып келүү керек. Ал да жетишсиз болот. Аны алып келген соң изилдөөгө шарт түзүлүшү керек. Парламенттин бул чечимин мен кош колдоп колдойм. Буга чейинки чуудан кийин ал жарым кылым бою изилденбей жөн эле жатыптыр деген кептер да айтылып жатты. Ал табылганы генетикалык дагы башка өңүттөрүнөн изилдөөгө бизде эми жол ачылып жатат. Буюрса бул аркылуу далай жаңы маалыматтарды алууга болот.

Би-Би-Си: Мумия көмүлгөндөн кийин жергиликтүү эле эмес, чет жердик окуммуштуулар арасында да кызуу талкуу жүрдү эле. Эгер мумия кайрадан казылып келе турган босо, изилдөө иштерине чет элдик окумуштуулар да кол сунушу мүмкүнбү?

К. Таабалдиев: Толук, мүмкүн. Мындан эки жыл мурун биздеги жылкылардын сөөгүн, дагы башка калдыктарды даниялык окумуштуулар менен чогуу изилдөөгө аларга тапшырган элек. Мунун жыйынтыктары чыгарына аз калды. Эгер биз аларга кайрыла турган болсок, алар мумияны гени боюнча бекер изилдеши мүмкүн. Көмүп салды деген кабар чыккандан кийин мен чет өлкөлүк окумуштуулардан кат алгам. Алар муну абдан жаман иш болду деп кабыл алышып, изилдениши керек деген пикирде турган. Жаман жагы бул биринчи жолкусу эмес. Буга чейин дагы Манастын күмбөзүнүн айланасын казабыз деп шылдыңга калганбыз. Казына издейбиз деп казышканда, "алтыныңардан бизге да бөлүшкүлө" деп шылдың болгонбуз.

Би-Би-Си: Мумияны көмүү чечимин кабыл аларда атайын топ иш алып барып, ал топко сиздин да мүчө болгонуңуз тууралуу маалыматтар айтылды эле

К. Таабалдиев: Мен жайлата Кочкордогу чоң археолгиялык казуу иштеринде жүргөнүмдө сыртымдан эле чечим чыгарып , тизмеге кошуп коюшуптур. Эки жыйын өткөн экен. Мен экөөнө тең катышкан эмесмин. Кабарым да болгон эмес. Эгер билсем көмүү ишине колумдан келишинче каршы чыкмакмын. Мумияны кайтарып алуу чечими эң туура болду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар