Чет өлкөдө абакта кармалган кыргызстандыктар

Оторбаев Сахароводо убактылуу кармоочу жайда отурган кыргызстандыктар менен
Image caption Оторбаев Сахароводо убактылуу кармоочу жайда отурган кыргызстандыктар менен

Кыргызстандын 1800гө жакын жараны учурда ар түрдүү кылмыштар боюнча айыпталып, чет өлкөлөрдө абактарда кармалып отурат. Алардын көпчүлүгү Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга туура келет. Кытайда болсо 18 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Быйыл алардын экөөсүн мекенине өткөрүү иши чечилгенин ТИМ кабарлады.

"Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдөгү абактарда жаткан кыргызстандыктардын көбү маңзатка байланышкан кылмыштар боюнча кармалган. Зордуктоо жана адам өмүрүнө зыян келтирүү беренелери менен кармалгандар экинчи орунда турат",- деди ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Имангазиев.

Жашап жүргөн жердин тилин билбей, укуктарынын сакталышын талап кыла албаган мигранттар чыркырап жазага тартылып кеткен учурлар көп экени жашыруун эмес. Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары бул учурда аларга укуктук жардам беребиз деп айтып келишет. Бирок мындай мекемелердин санынын аз болгону жана соттук териштирүүлөрдүн көпкө созулганы мигранттар түйшүгүн оорлотууда.

Ушул айдын башында Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин демилгеси колдоо таап, Москва шаарында Евразия Омбудсмендеринин альянсын ишке киргизүү боюнча меморандум түзүлдү. Ага Армения, Иран, Орусия жана Кыргызстандын Акыйкатчылары кол коюшту.

"Альянстын негизги максаты - мигранттардын укугун коргоо, юридикалык кеңеш берүү. Чет элде жүргөн жөнөкөй жаранга бул эмнени берет? Биринчиден, меморандумга кол койгон Акыйкатчылар менен, алардын аппараты менен тыгыз кызматташабыз, экинчиден, акысыз юридикалык маалыматтарды бере алабыз. Үчүнчүдөн жабык мекемелерди чогуу кыдыра алабыз. 6-декабрда биз ошол ишти баштадык", -деди Оторбаев.

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү жакында эле парламентте сүйлөгөн сөзүндө, кыргыз өкмөтү мигранттардын укугун коргоо үчүн келерки жылга 27 млн. сом бөлүп жатканын айтты. Бирок парламенттин айрым депутаттары мигранттардын укугуна жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын билдирди.

ТИМнин маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Орусияда 630 миң, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5,5 миң, Кореяда 5 миң, Германияда 5 миң, БАЭ 3 миң, Улуу Британияда 2 миң.

Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашык экени айтылып келет. (ErA)