ЖК төрагасынын учагы Ташкентке коно албай, Самаркандка конду

Дастанбек Жумабеков Сүрөттүн автордук укугу official

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация расмий иш сапар менен Өзбекстан Республикасына келди.

Учак коюу тумандан улам Ташкент шаарына коно албай, Самарканд шаарына конуп, делегацияны жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү тосуп алышканын ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Сапардын жүрүшүндө бир катар иш-чаралар каралган, алардын катарында Өзбекстандын биринчи Президенти И.Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш чарасы да өтөт.

Бул сапар Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Тектеш темалар