Елена Дзимидович: НТСти рейдерлик жол менен басып алышкан

"Grexton Capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович Сүрөттүн автордук укугу kloop.kg
Image caption "Grexton Capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович

"Grexton Capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович НТС 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынганын айтып чыкты. АКИпресс маалымат агенттигинде журналисттер менен жолуккан адвокат "рейдерлик жол менен басып алууга Өмүрбек Бабанов аралашканын" билдирди.

Ал ошондой эле 2010-жылы телеканал башка тарапка өткөнгө чейин "Grexton Capital LTD” компаниясы 2 млн. доллардан ашуун инвестиция салганын, учурда аталган сумманы кайтаруу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери, аталган каналдын ээси деп айтылып жүргөн Өмүрбек Бабанов НТС боюнча өзүнүн фейсбук баракчасына:

"Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык - куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?", -деп жазган болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption НТС телеканалынын имараты

Учурда НТСтин мүлкү каттоого алынууда. Бүгүн аталган телеканалга прокуратура кызматкерлери сот аткаруучулар менен кошо келип, НТСтин башкы директору менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Соттун чечиминде процессуалдык мыйзам бузуулар болду деп, НТС райондор аралык сотко кайрылды. Азырынча расмий бийлик бул жаңжалдуу окуя боюнча үн ката элек. (ErA)