НТС Максимге караштуу болсо, анда эмнеге мамлекетке алынган эмес?

НТС Сүрөттүн автордук укугу Social media

НТС телеканалынын айланасында болуп жаткан окуялар көп жагынан коомчулукка түшүнүксүз жана абдан чиленишкен тарых-таржымалы бар болуп турат. Баарынан мурун бул каналды кайра Максим Бакиев тартып алып жатат деген маалымат бүйүрдү кызытып койду. Бул жерде Максим Бакиевдин тиешеси бар экенин Өмурбек Бабанов өзү дагы айтып жатат. Ошондуктан НТС эгерде Максим Бакиевге тийиштүү компаниялардын мүлкү болсо, анда эмне үчүн мамлекетке алынбай, Бабановго өтүп кеткен деген суроо чыгууда.

НТС Бакиевдерге тийиштүү мүлк экенин, анын улутташтырыла турган мүлктөрдүн тизмесинен чыгарылып кетип жатканын убагында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өзү көп жолу айтып маселе көтөргөнүн азыр архивдик маалыматтар көрсөтүп жатат. Балким, буга убагында тийиштүү көңүл бурулган эмес окшойт.

Бул иштин таржымалын ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жакшы билүүгө тийиш. Анын ичинде биринчи кезекте өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева жана анын орун басары болгон Алмазбек Атамбаев, ошол убактагы баш прокурор Азимбек Бекназаров билбей калышы мүмкүн эмес.

НТС эң башында ВОССТ деген телекомпания катары түзүлүп, ишкер Валерий Хондун менчиги болгону белгилүү. Азыр агенттиктер жазып жаткан маалыматка караганда, кийин бул компанияны Өмүрбек Бабанов Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин жардамы менен тартып алган дешет. Андан кийин НТС башка компанияга катталып, ошол окуяларга Максим Бакиев аралашкан деп жатышат.

"Grexton Capital LTD" компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович НТС 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынганын айтып чыкты. АКИпресс маалымат агенттигинде журналисттер менен жолуккан адвокат "рейдерлик жол менен басып алууга Өмүрбек Бабанов аралашканын" билдирди.

Ал ошондой эле 2010-жылы телеканал башка тарапка өткөнгө чейин "Grexton Capital LTD" компаниясы 2 млн. доллардан ашуун инвестиция салганын, учурда аталган сумманы кайтаруу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

"Grexton Capital LTD" компаниясы Сергей Кострин Максим Бакиевдин жакын ишенимдүү адамы болуп, ага тийиштүү компаниялар тобуна кирген деп Бабановдун шайлоо штабында кеңешчилик кылган Мирсулжан Намазалиев да айтып жатат. Азыр НТСке доо менен келген адвокат Елена Дзимидовичке берилген ишеним катка Минскиде жашап жаткан Сергей Костриндин колу коюлганын көрсөткөн көчүрмө документ Интернетке жарыяланып кетти.

Тема боюнча башка макалалар