Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев өз арызы менен отставкага кетерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Дүйшөнбек Зилалиев өз арызында: "Мен кайсыл жерлерде гана иштебейин чынчыл жана берилгендик менен иштегенге аракет кылып келгем. Бирок белгилүү болгондой таптакыр түшүнүксүз бомба коюлганы тууралуу маалымдаган деп козголгон кылмыш ишинде мен фигурант болуп калдым. Бул факт коомчулукта чоң резонансты жаратып, электрондук жана басма сөз каражаттары мага карата массалык жек көрүмчү жана жаманатты кылууну баштады. Мындай абал албетте, менин ар-намысыма, абийриме зыянын тийгизип, бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрдү",-деп айтылат.

Ошондой эле ал өкмөттү жана премьер-министрди сөзгө калтыргысы келбей турганын айтып, кылмыш иши териштирилип бүткөнчө убактылуу жумуштан кетүүнү туура көргөнүн белгилейт.

Коопсуздук кызматы ноябрь айынын соңку аптасында өткөн президенттик инаугурация күнү "бомба коюлду" деген маалымат боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин бул иш боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев суракка чакырылган. Маалымат каражаттарында "бомба коюлганы" тууралуу маалыматты жол боюнда турган милиция кызматкерине белгисиз жаран айтканы тууралуу жазышкан. Кийин ММКлар ал унаа Зилалиевге таандык экенин айтып чыгышты.

44 жаштагы Зилалиев 2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугу кызматында иштеген. Өткөн жылдын июль айынан баштап, ушул жылдын августуна чейин Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетти жетектеди. Андан кийин өкмөттүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп аз убакытка иштеп жумуштан кеткен. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп келген эле. (AbA)

Тектеш темалар