Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишим белгисиз мөөнөткө түзүлгөн

Жогорку Кеӊеште Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Сүрөттүн автордук укугу google

"Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө. Бир катар депутаттар суу сактагычтын аймагында жашаган өзбек жарандарынын жана алардын 1 млрд сомдон ашуун өлчөмдөгү жер салыгынын төлөнүү абалына кызыгышып, суу акысы төлөнөр-төлөнбөсүн сурашты",-деп жазды парламенттин расмий сайты.

Өлкөнүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев келишим ратификациялангандан кийин тейлөө тармагында иштеп, ошол жерде жашаган 44 өзбек жараны көчүрүлөрүн, топтолгон суу акысын төлөтүү чаралары көрүлөрүн, талаш маселелердин баары атайын комиссия тарабынан чечилерин билдирген.

Суу сактагычтын сыйымдуулугу - 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.

"Келишим ратификациялангандан кийин Өзбек тарап жылына 16-20 млн сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы",-деп айтылды расмий маалыматта.

Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек чек ара тилкесининен 13 чакырым ичкериде Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жалып аянты 850 гектарды түзөт. Учурунда аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, узак убакыт ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген эле. Буга чейин суу сактагычты өзбек сакчылары кайтарып турган.

Өткөн жылы жазында Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган окуя катталган эле.

Серепчилер бул окуянын түпкү себебин дал ушул Орто-Токой суу сактагычына байланыштырганы бар. Себеби мындан мурун Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан өз менчигине алуу тууралуу чечим чыгарган.

Чек арадагы чыңалган кырдаал Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жакшыра баштады. Талаштуу тилкелер боюнча тараптар орток пикир табылганын дагы айтып келе жатышат.

Октябрдын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барган учурунда Орто-Токой боюнча боюнча макулдашууга кол коюлганы белгилүү болгон. (AbA)

Тектеш темалар