Самаковдун соболу көп соттук иши

"Жогорку Кеңеште депутаттар, министрлерден турган комиссия дагы бул иштин мыйзамдуулугун иликтеп чыгышып, баары бир добуштан ошол учурдагы мыйзамдар толук сакталган деген чечимге келишкен",- дейт Самаковдун жактоочусу Бакыт Асамудинов Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption "Жогорку Кеңеште депутаттар, министрлерден турган комиссия дагы бул иштин мыйзамдуулугун иликтеп чыгышып, баары бир добуштан ошол учурдагы мыйзамдар толук сакталган деген чечимге келишкен",- дейт Самаковдун жактоочусу Бакыт Асамудинов

Коррупциялык иш боюнча он жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун адвокаты сот өкүмүн талашып, жогорку инстанцияларга кайрыла турганын билдирди.

Анын айтымында, сотто Самаковдун күнөөсү далилденген жок, ал эми айдоо жерди калктуу конуш категориясына өзгөрткөн атка минерлердин өздөрү жоопко тартылбай калды. Жогорку Кенештин үч жолку депутаты Карганбек Самаков менен бирге камалгандардын тарапкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, райондук соттун чечими адилетсиз болгонун айтып чыгышты. Камакка алынгандардын бири да жерди трансформациялоого тиешеси болбогонун жүйө келтирип, жакындары жөн жерден күнөлөнүп жатышат дешет. 19-декабрда сот күнөлүү деген бүтүм чыгарып, Карганбек Самаковду он жылга, уулу баш болгон дагы төрт кишини сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул ишке тиешеси бар делип ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер- министр Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып пул салынды.

"Айыптоочу чечимде эң негизгиси мыйзамсыз трансформация деген жүйө көрсөтүлгөн. Эгер мыйзамсыз трансформация дей турган болсок, Карганбек Самаковдун буга эч кандай тиешеси жок. Бул иш айыл өкмөтүнөн баштап, өкмөткө чейинки расмий органдарга тиешелүү. Убагында он бир министриликтен турган өкмөттүк комиссия, коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алып, мыйзамга ылайык деп он бир министрдин баары кол койгон. Анда эмне себептен буга такыр тиешеси жок Самаков суралды?

Бул эле эмес, кийин Жогорку Кеңеште депутаттар, министрлерден турган комиссия дагы бул иштин мыйзамдуулугун иликтеп чыгышып, баары бир добуштан ошол учурдагы мыйзамдар толук сакталган деген чечимге келишкен",- дейт Самаковдун жактоочусу Бакыт Асамудинов.

Самаковдун сотуна байланышкан чуулгандуу иштин башы 2007-2008-жылга барып такалат. Анда Самаков Лебединовка, Кара Жыгач, Байтик айылдарынан жалпы аянты 262 га жерди сатып алып, мыйзамсыз трансформациялоого аралашкан деп 2015-жылы кармалып, кийин үй абагына чыгарылган.

Бул иште мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын бир тууганы Жаныш Бакиевдин да ысымдары аралашып келе жатат. Тергөө органдары Бакиевдер менен келишип алып, бул иш коррупцияга чырмалган деген кинени тагып келген.

Бирок Самаковдор, Башкы прокуратуранын мурдагы башкы тергөөчүсү Арпачиев ири суммадагы акча өндүрүү максатында бул ишти мыйзамсыз козгогонун айтып, ал тургай анын Самаковдун уулунан 100 миң доллар алып жаткан жеринен атайын кызматтарга кармалганын жүйө тартып келе жатат. Ушул окуяга байланыштуу Самаковдор жана анын жакындары прокуратура кызматкерлери өч алып жатышы мүмкүн деп жоромолдошту.

"Үлүш аркылуу менчикке өткөн жерлерди саттың же сатып алдың деген биринчи сот иши болуп атат. Бул жарандык алаканы сот ишине ашырганы мени өкүндүрүп, түн уйкумду бузду. Демек, эртеңки күнү эгер өчөшсө далай адамдарды жоопко тартса болот экен да. Өкмөт тарабынан 2008-жылы кабыл алынган жетимишитен ашык токтомдун ичинен бир токтомду алып чыгып, Самаков мыйзамсыз трансформация кылган дешти. Мейли күнөөнү койсун, Самаков трансформация ишине аралашканы сотто далилденген жок да. Анда эмнеге жерди трансформациялаган өкмөттү экинчи планга коюп чечим чыгарат. Бул адилетсиздик",- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков.

Бирок Самаковдун сот иши боюнча эл арасында жана социалдык тармакта да пикир бир кылка эмес.

"Убагында мен прокуратурага билдирсем, эч ким карап да койгон эмес. Эми гана бул иш каралып, соттолуп жатышат. Бирок бул иште Самаковго он жыл берген соң, ошол трансформацияга кол коюп, маселени чечкен Чудиновго жыйырма жыл бериш керек эле. Анткени Самаков сунуш кылып, антип-минткен. Бирок мамлекет көзөмөлгө алышы керек эле да. Бакиевдин буйругун аткарып, Чудинов кол коюп берген. Өткөндө Чудинов сотто "өкмөт коллегиалдуу орган" деп жатат. Бирок өкмөт башчы койгон ар бир колу үчүн башы менен жооп бериши керек",- дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Өмүрбек Абдрахманов: Өкмөт башчы койгон ар бир колу үчүн башы менен жооп бериши керек

Карганбек Самаковдун тарапкерлери бул ишке алгач күбө катары тартылган жаш балдардын да камакка алынышы адам укугун көз көрүнө тебелөөнүн ачык мисалы экенин айтып, президентке да кайрылуу аракетин көрүүдө.

Ал тапта адам укугун коргогон эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргыз бийлигине кайрылып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көңүл бурууга чакырды. Анда аталган уюм, азыркы президент шайлоо алдында өлкөдө адам укуктары сакталаарына убада бергенин негиз кылып, шайлоо маалында байкалган терс жагдайларды жоюуну белгилеген. Hегизинен маалымат каражаттарын жана бийликти сындагандарды кысымга албоо сыяктуу шарттар көрсөтүлгөн.