Бишкекте жарандык активисттер Иерусалим боюнча акция өткөрүштү

Image caption Активисттер колдоруна "Мыйзам баарына бирдей болушу керек", "Палестиналыктарга эркиндик" деген плакаттарды кармап турушту.

Бишкектеги М.Горький атындагы сейил багына алтымышка жакын активист тынчтык митингине чогулуп, АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганына нааразылык билдиришти. Алар АКШ президенти Трамптын бул кадамын сынга алууда.

"Жакынкы Чыгышта ансыз да абал курчуп турат. АКШнын кадамы болсо чыракка май куйгандай эле болду. Кошмо штаттары башка өлкөлөргө кийлигишпеши керек. Жалпы адамзат бул аракетке каршы турушу керек"-дейт нааразылык жүрүшүн уюштургандардын бири, укук коргоочу Дүйшөн Абдылдаев.

Активисттер колдоруна "Мыйзам баарына бирдей болушу керек", "Палестиналыктарга эркиндик" деген плакаттарды кармап турушту.

Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбору катары таныбоо чакырыгы менен чыкты. БУУнун резолюциясын Кыргызстан дагы колдоду. Мындан алдын Стамбул шаарындагы Иерусалимдеги кырдаалга байлыныштуу чукул чакырылган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, өлкөнүн позициясын билдирди.

Аталган уюмга мүчө өлкөлөр Иерусалимдеги жаралган абалга тынчсыздануусун билдирип, бул Жакынкы Чыгыштагы чоң жаңжалды жаратат деген кооптонуусун айтып чыгышкан эле. Кыргызстандын позициясы дагы ушул өңүттөн айтылган.

Антрополог Зарина Урманбетова Жакынкы Чыгыштагы окуялар Кыргызстанга түздөн-түз тиешеси бар дейт:

"Себеби соңку жылдары Кыргызстан мусулман калкы көп жашаган өлкө катары таанылып, өзүнүн иденттүүлүгүнө динди абдан жакын кылып кошуп алган. Кыргызстандын БУУда болобу, Ислам кызматташтык уюмунда болобу, аз болсо да ою, пикири саналат деп эсептейм. Тилекке каршы, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге активдүү катышкан 600дөй жараныбыз бар деп расмийлер айтып келет. Ал жактагы окуялар Орто Азия чөлкөмүнө таасирин тийгизгендиктен, демек ошол жактагы тынчтык процесстерине да өзүбүздүн салымыбызды кошуп турушубуз керек".

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген

Иерусалимди палестиналыктар жана израилдиктер ыйык деп санайт жана анын макамы талаш-талкуу жаратып келет. Израил 1948-жылы түзүлгөндөн бери анын борбор калаасын Иерусалим деп бир да мамлекет тааныган эмес. АКШ аны тааныган биринчи өлкө болуп калды.

Жакында эле президент Трамп АКШ элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрүү боюнча көрсөтмө бергенин айтып, "бул аракет Израил менен Палестинанын тынчтыкка умтулуу кадамына жол ачат деп билем",-деген эле.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

Бирок өткөн жылы АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда, президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган эле. (ErA)

Тектеш темалар