Орусия: Навальныйды расмий түрдө президентикке көрсөтүштү

Алексей Навальный Сүрөттүн автордук укугу SERGEY FADEICHEV/TASS

Москвада шайлоочулардын демилгелүү тобу оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды президентикке талапкер катары алып чыгуу боюнча добуш берди.

«Коррупцияга каршы күрөшүү» фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный 2018-жылдагы президентикке шайлоого талапкерлигин көрсөтө турганын билдиргени бар. Орусиянын шайлоо мыйзамдары боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөтсө, анда анын талапкерлигин алып чыга турган 500дөн кем эмес шайлоочулардан турган демилгелүү топ түзүшү керек.

Мына ушундай демилгелуү топ Москвага чогулуп, расмий түрдө Навальныйдын талапкерлигин көрсөттү. Жыйындын соңунда гана оппозиционер жубайы жана балдарынын коштоосу менен чыкты.

"Мен ачык жана так билдиргим келет: биз бул шайлоону утканга даярбыз жана утабыз!»,-деди Навальный.

"Кечинде өзүмдү аябай туруп, «Бирдиктүү Орусиянын» курултайын көрдүм. Ал жерде Путин Орусия кубаттуу экономикасы бар дүйнөдөгү беш өлкөнүн бири болот деп айтты. Мындан алты жыл мурунку курултайда дагы ушул эле сөздү айткан. Биз алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирдикпи? Жок!»-деди Навальный тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

«Араңарда ким дагы алты жылды жоготкусу келет?»,-деп кайрылды чогулгандарга. Тарапташтары «Жок» деген кыйкырык менен анын сөздөрүн кубаттап турушту.

Навальный «позитивдүү программасы жок» деп Путинди сындап, бул шайлоодо аны күрөшкө чакырды. Ал өзүн «негизги талапкермин» деп атады. Эгерде шайлоого катыштырбоо аракети болсо, нааразылык жүрүштөрү болорун эскертти.

Навальный өзүнүн шайлоо өнөктүгүн активдүү баштап, бир канча аймактарга штабдарын ачты. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын соттолгону боюнча мөөнөтү бүтө электиге байланыштуу шайлоого катыша албай турганын эскертүүдө.

Демилгелүү топтор Орусиянын 19 шаарында чогулуп, Навальныйдын талапкерлигин көрсөткөн.

Эгерде эле БШК Навальныйды талапкер катары каттаса, анда ал Орусиянын ар кайсыл аймактарынан шайлоочулардын 300 миң колун жыйнашы керек. (AbA)

Тектеш темалар