Кытай амфибия учагын сыноодон өткөрдү

Дүйнөдөгү эң көлөмдүү амфибия учагы өзүнүн биринчи учуусун жасады. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кытай тарабынан чыгарылган AG600 учагы абада бир сааттай жүрдү.

Дүйнөдөгү эң көлөмдүү амфибия учагы өзүнүн биринчи учуусун жасады.

Кытай тарабынан чыгарылган AG600 учагы абада бир сааттай жүрдү. Көлөмү "Боинг-747" барабар болгон бул учак өлкө түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Чжухай шаарынын аба майданынан учурулду. Учакты жасоого сегиз жыл сарпталган.

AG600 учагынын асманга көтөрүлгөнү мамлекеттик телеканалдан түз көрсөтүлдү. Ал аба майданына кайтып келгенден кийин көп киши чогулуп, аскердик оркестр коштосунда шаң салтанат менен тосуп алышты.

Бул учак элүү кишини алып жүрө алат жана 12 саат абада боло алат. Расмий түрдө өрт өчүрүү жана суудагы куткаруу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталган деп айтылган.

Бирок аны аскердик максаттар үчүн дагы колдонсо болот. Маселен, Кытай талашып келе жаткан Түштүк-Кытай деңизинин баардык аралдарынан учуп өтө алат.

«Синьхуа» мамлекеттик агенттиги AG600 учагын "деңиздин, аралдардын коргоочусу" деп атады.

Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймак

Image caption Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймак.

Кытай Түштүк-Кытай деңизине дээрлик ээлик кылууга умтулуп келет. Анын ичинде башка өлкөлөр өзүнүкү деп эсептеген майда аралдар дагы бар.

Соңку жылдары Кытай Спратли архипелагындагы аралды жасалма түрдө көбөйтүп, ага аскердик инфраструктурасын куруп жатат.

Өткөн жылдын этегинде Америкалык стратегиялык жана эл аралык иликтөө борборунун эксперттери спутниктен алынган сүрөттөрдөн жасалма аралдарда ракеталык коргонуу системасынын белгилери бар экенин байкашкан.

АКШ стратегиялык деңиздерде сүзүп өтүү багыттарын чектеп жатат деп Гаагадагы эл аралык сот өткөн жылдын июль айында Түштүк-Кытай деңизин пайдалануу боюнча Кытай эч кандай приоритеттүү укуктарга ээ эмес деген чечим чыгарган.

Арбитраждык сотко 2013-жылы январь айында Филиппин өлкөсү кайрылып, Кытайдын аракети эл аралык укуктарды бузуп жатат деп доомат койгон.

Пекин болсо талаштуу аралды өзүнүн экономикалык аймагы деп эсептеп, кытай эли эки миң жылдан ашуун убакыттан бери колдонуп келгенин айтып келүүдө. Гаага соту өз чечиминде БУУнун конвенциясындагы жоболорго таянган. (AbA)

2016-жылдын башында Кытай Спратли архипелагындагы аралдан аскер

учактарын учура баштады. Спратли архипелагындагы аралда кишилер

жашабайт. Бирок аскердик аэродром курулуган. (AbA)

Тектеш темалар